You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"Чарчадык". Журналисттик кесип кооптуу болуп баратабы?
7-ноябрь – Кыргызстанда Маалымат жана басма сөз күнү. Бул күн журналисттердин коомдогу ролун баалоого, сөз эркиндигинин абалына саресеп салууга жакшы мүмкүнчүлүк. Медиа коомчулук соңку жылдары жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишин тескеген мыйзамдар кабыл алынып, айрым журналисттер кылмыш жоопкерчилигине тартылып, кээ бири тышка чыгып кетүүгө аргасы болуп жатканына тынчсызданууда. Бийлик болсо муну жоопкерчиликти күчөтүү аракети катары сыпаттоодо.
НурзадаСаалиева беш жыл журналисттик билим алып, бул тармакта жолдошу менен бирге бир топ эмгектенген. Кыргызстандын белгилүү маалымат агенттиктеринин биринде иштеген. Үч жыл мурун ал бул кесибин таштоону чечкенин, буга бир нече жагдай себеп болгонун айтат:
"Жаман-жакшы жаңылыктын чордонунда жүрчүбүз да, ошондуктан тынчсыздануу, кабатырлануу, кайгыруу сезимдери дайыма коштоп жүрөт экен. Экинчи жагынан, үй-бүлө бүлө курган соң бул тармакта иштөө аял кишиге оор эле. Эки балалуу болгондон кийин андан бетер кыйын экен. Көп адамдар эртең менен тогуздан алтыга чейин иштешет эмеспи. Журналисттик кесипте андай так иш графиги жок. Чукул окуялар болуп кетсе, дем алыш күндөрү да иштейсиң. Түнкү ондон кийин үйгө кайткан адаттагы эле көрүнүш болуп калган. Күйөөм дагы оператор да. Ал далай митингдерди тартты. Кээде түнкү үч-төрттө келчү. Ал үйгө кайтканча канча сарсанаа болуп жүрдүм. Чарчадык... Анан ойлонуп, кой, мындай болбойт дедик. Анын үстүнө бала ата-энесин көрбөй эле чоңоет экен. Биринчи күйөөм ишин таштады, анын аркасынан мен дагы кеттим", - дейт Нурзада.
Жубайлар азыр маркетинг тармагында иш алып барышат.
Белгилүү себептерден улам Нурзадага окшоп соңку жылдары журналисттик кесибин таштап, башка тармакка оогондор же блогерликке өткөндөр көп.
Журналисттерди сынаган жылдар
2024-2025 медиа коомчулук үчүн оңой эмес жылдардан болду.
2024-жылдын башында 11 журналист жапырт кармалган. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин "Массалык башаламандыктар" беренеси менен иш козголгон.
Кийин жетөө акталган, экөө кесилген, дагы экөө пробациялык көзөмөл менен эркиндикке чыккан.
Алардын бири, акын жана журналист Азамат Ишенбеков президенттин ырайымы менен бошотулган.
Ушул тапта Махабат Тажибек кызы түрмөдө отурат.
2024-жылдын сентябрында "Клооптун" сайты Жогорку соттун чечими менен бөгөттөлүп, аны улай сайтты иштеткен "Клооп Медиа" коомдук фондун жоюу жөнүндө сот чечими чыккан.
Быйыл Нооруз майрамынын алдында, 20-мартта "Фейсбуктагы" пикири үчүн көз карандысыз журналист Канышай Мамыркулова кармалган. Бишкектин Октябрь райондук соту 3-июлда аны алты жылга кесип, төрт жылдык пробациялык көзөмөл менен эркиндикке чыгарган.
Канышай Мамыркуловага Кылмыш-жаза кодексинин "Массалык башаламандыкка чакырык" жана "Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу" беренелери менен айып тагылган.
Бул арада сот экстремисттик деп тапкан "Клооп" басылмасы менен мурда-кийин кызматташкан дагы бир нече журналист 28-29-майда сурак берип, кийин көбү бошотулган.
Алардын ичинен операторлор Александр Александров менен Жоомарт Дуулатовду Биринчи май райондук соту беш жылга эркинен ажыраткан. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин "Массалык башаламандыктарга чакыруу" беренеси менен айып тагылган.
9-июлда Бишкектин Октябрь райондук соту "Апрель ТВны" жабуу чечимин чыгарган. Чечимде аталган редакциянын бардык социалдык түйүндөрдөгү баракчаларын өчүрүү жана бөгөттөө талабы коюлган. Мындай чечимге Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Башкы тергөө башкармалыгы телеканалдын ишмердүүлүгүнөн "деструктивдүү фактыларды" аныктаганы себеп болгону кабарланган.
27-октябрда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Temirov Live, Kloop.kg жана "Айт Айт Десе" медиа долбоорлорунун маалыматтык материалдарын экстремисттик деп тапты. Мындан тышкары бул долбоорлорду түптөгөн журналисттер Болот Темиров менен Ринат Тухватшиндин ишмердиги да экстремисттик деп таанылды. Аталган басылмалардын жактоочулары соттун чечимине макул эместигин билдирип, жогорку инстанцияга кайрыла турганын айтышууда.
"Журналисттер бийликке душман эмес, жардамчы"
"МедиаХаб" иликтөө тобунун жетекчиси Али Токтакунов азыркы абалга карата пикирин билдирип жатып:
"Түрдүү себептер менен биздин бир топ кесиптештерибиз камалды, редакциялар жабылды. Журналисттер эле эмес техникалык кызматкерлер да кармалгандыктан башка кесипти тандап кеткендер бар. Мурда бизге журналистикага кызыгам, иликтөө жасагым келет деп жазгандар көп болчу. Андайлар азайды. Журналистиканын башына оор күн түшүп турат. Журналистика кооптуу эле эмес, өмүр сүрүшү, ийгиликтүү иштеп кетиши да чоң суроо жаратып жатат. Социалдык тармактар өнүгүп, журналисттикке караганда блогерликке ыктагандар көбөйүп кетти. Реклама да ошол жакта", – деди.
Журналист жана жарандык активист Адил Турдукуловдун айтымында, кыргыз журналистикасында мындай учур маал-маалы менен болуп турат. Ал кандай сыноо болбосун сөз эркиндиги сакталып калат деген үмүттө экенин айтып, буга биринчи кезекте бийлик кызыкдар болушу керектигин белгиледи:
"Бийлик көйгөйлөрдү чечүү үчүн сигналдары угуп турушу керек. Ошол сигналдарды жеткирген адамдар журналисттер. Орчундуу маселелерди чагылдыруу үчүн адискөй анализ керек. Бул иликтөөчү журналисттерге таандык көндүм. Ошондуктан бийлик аларды душман катары көрбөй жардамчы, көйгөйлөрдү чечүүгө көмөктөшкөн кесиптеш катары мамиле жасашы абзел. Алардын аракети төнкөрүшкө алып барбайт, тескерисинче, төңкөрүштүн алдын алат. Бийликтин бардык аракетин колдогон батальондорду түзүү туура эмес. Аларды журналисттер деп атоодон да алысмын, пропагандисттер деп айтыш керек".
"Ээн ооздукту туу татабыз дегендер ооздукталып жаткан учур"
Бийлик өкүлдөрү болсо өлкөдө басма сөз эркиндиги бар экенин белгилеп, журналисттер туш болгон жагдайларды тартипке жана жоопкерчиликке чакыруу аракети катары мүнөздөшөт.
"Азыр өлкөдө тартип орноп турган мезгил. Мындай шартта 30 жыл ичиндегидей жашай беребиз, ээн ооздукту туу тутабыз дегендер ооздукталып жаткан учур. Кыргызстанда сөз эркиндиги кысылууда, жоголду дегенге кошулбайм. Тескерисинче, сапаттуу журналистиканы пайда кылуу, жаратуу деген демилге алдыга чыкты. Анткени окуйлу десек, жакшы бир макала жок, баарыбыз эле саясатты талкуулоо менен алектенип жатабыз. Жоопкерчилик менен эркиндиктин балансы болушу керек", – дейт мурдагы журналист, маданият жана маалымат министринин орун басары Марат Тагаев.
Жоопкерчиликти күчөтүү демилгесинин шарданы менен дээрлик эки жыл бою талкууланып келген "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" мыйзам да кабыл алынды.
Президент 7-августта кол койгон документке ылайык, мындан ары интернетте иш алып барган маалымат каражаттары милдеттүү түрдө каттоодон өтүшү керек. Буга чейин алардын бир бөлүгү каттоосу жок эле иш алып барып келген. Мындан тышкары маалымат каражатын түзүүдө чет элдик жарандарга жана юридикалык жактарга уставдык капиталдагы үлүштүн 35% ашыгына ээлик кылууга тыюу салынды.
Ал тапта быйыл эле "Укук бузуулар жөнүндө" кодекс эки жолу толукталып, биринде кимдир бирөөнү "мазактоого, кадыр-баркын түшүрүүгө" же "жалаа жабууга, ал жөнүндө билип туруп жалган маалымат таратууга" тыюу салынып, эрежени бузгандарга айып пул салуу каралды. Кийинкисинде жалпыга маалымдоо каражаттарын пайдалануу менен фейк маалымат таратууга айыптуу деп табылган жарандарга 20 миң сом, ал эми юридикалык жактарга 65 миң сом айып пул салууну караган берене кошулду.
Медиа эксперттер бул мыйзамдар журналисттердин ишмердигин чектеп, куугунтуктоонун куралына айланып калышы мүмкүн деген тынчсызданууларын билдирип жатышат.
"Журналисттер коркпой иштеши керек"
Али Токтакунов эч бир жакка жан тартпаган калыс, адискөй журналистика болбосо ириде эл жабыркай турганын эске салат:
"Фактыны камырдан кыл сууругандай сууруп чыгып көрсөтүп берген журналистика өтө керек. Анткени журналисттик этиканын негизинде иш алып барган журналисттер болбосо, биз так, бейтарап маалымат ала албайбыз. Азыр абдан көп блогерлер күмөндүү иш менен алектенгендерди, каржы шылуундарын жарнама кылып, жалган маалымат таратып жатышканына күбө болуп жатабыз. Эгер алар маалымат таратуу айдыңын ээлеп алса, бул жакшылыкка алып барбайт. Рэкет журналистикадан арылыш үчүн, чынчыл, бейтарап журналистикага келиш үчүн өтө көп эмгек кылганбыз. Азыр артка кетсек, мунун баары күйөт. Жалган маалыматтан, айрым бир чындыктардын айтылбай калышынан, плюрализмдин жоктугунан ортодо эл жабыркайт".
Жалпы эле дүйнө жүзүндө медиа тармагындагы кырдаал көңүл жубатарлык эмес. "Чек арасыз кабарчылар" эл аралык уюмунун маалыматына караганда, жыл башынан бери дүйнөдө 50 журналист, бир ЖМК кызматкери өлтүрүлдү.
Жалпысынан 489 журналист, 38 ЖМК кызматкери кармалды.
БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш 2-ноябрда журналисттерге каршы кылмыштарды жазасыз калтырууну токтотуунун эл аралык күнүндө басма сөз эркиндигин коргоого чакырды:
"Эркин жана көз карандысыз журналистика – коом үчүн эң маанилүү баалуулуктардын бири. Дүйнө жүзүндөгү журналисттер эркин, калыс жана коркпой иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек".
Май айынын башында "Чек арасыз кабарчылар" (RSF) эл аралык уюму дүйнөдөгү сөз эркиндиги боюнча 2025-жылдагы рейтингин жарыялаган. Иликтөөгө ылайык, Кыргызстан 2024-жылдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 24 баскычка артка кетип, 180 өлкөнүн арасынан 144-орунга жайгашкан.