Сарамжал жашоо: той-аштагы чыгымдарды азайтуу аракети
Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сүрөттүн булагы, Social media
Ысырапкорчулукту азайтууну көздөгөн мыйзам долбоору коомдо кызуу талкуу жаратууда. Айрымдар той-топур, атүгүл жамандыкта дагы аша чаап кеткен учурлар көп болуп жатканын айтып, мындай сунушту колдоп чыкты. Ошол эле учурда илгертен келе жаткан айрым үрп-адаттарды такыр эле жокко чыгарып салууга болбойт дегендер да бар.
Кыргызстанда каада-салт, үрп-адат, салтанаттарды өткөрүүдө ысырапкорчулукка чек коюу жөнүндө мыйзам долбоору коомдук талкууга чыкты.
Ага ылайык, маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатында мал союлбайт. Бирок жерге берилгенден кийин бир мал союп, куран окутууга уруксат берилет.
Андан тышкары үчүлүк, жетилик, кыркылык, жылдык сыяктуу эскерүүлөрдү өткөрүүгө тыюу салуу сунушталууда.
"Бизде ушундай иш-чаралар даңазаланып өткөрүлүп калды. Кесепетинен көп чыгымдарга дуушар болуп жатабыз. Үй шартында өткөрүп койсок деле болот да. Ата-бабадан бери келе жаткан каада-салттарды өзгөртөлү деген жерибиз жок. Болгону ашыкча чыгымга алып келип жаткан үрп-адаттарга чектөө киргизсек деп жатабыз. Иретке келтирип, элдин шартына ылайыктап коелу деген эле аракет. Муну тескери кабыл албашы керек",- деди демилгечилердин бири Замирбек Мамасадыков Би-Би-Сиге.
Мыйзам долбоорунда үйлөнүү тойду бир гана бодо мал союу менен 250дөн ашпаган кишинин катышуусунда өткөрүү жагы каралууда.
Кыз узатууда дагы ушундай эле талаптар бар, болгону чакырылган кишилердин саны 100дөн ашпашы керек.
Андан тышкары үлпөт тойдо жаштарды коштоп жүргөн унаалардын саны үчтөн ашпоосу керек деген талап коюлган.
Кийит кийгизүү, себет берүү, түштөнтүү деген сыяктуу үрп-адаттарга дагы тыюу салына турганы айтылууда.
"Салыштырып карасак, үлпөт тойдон кыз узатуунун деңгээли бийик болуп кетти. Дүңгүрөтүп той берип жатышат. Ошол жерден эле кудалар таарынышып чыр чыккан учурлар көп. Үлпөт той өткөрүү үчүн насыя алып, андан кутулуу үчүн чет өлкөгө иштеп кетип жатканы мындан көп. Ошол акчаны асманга чачпастан ипотекага бир бөлмөлүү батир алып, анын 30 пайызын төлөп койсо болот да. Жашообузду өзүбүз татаалдаштырып жатпайбызбы",- деди депутат Мамасадыков.

Сүрөттүн булагы, Facebook
Ал ажылыкка кеткендерди узатуу, кайра тосуп алууда ысырапкорчулукка алып келген жөрөлгөлөргө тыюу салынып жатканын, мындайды үй-бүлө ичинде өткөрсө гана боло турганын айтты.
"Ажылык сапарга кетип жатып 5 миң доллар, келгенден кийин элге тамак-аш берип, дагы 5 миң доллар короткондор бар. Эгер соопчулук кылгысы келсе, айылдарда көйгөй толуп жатат, ошолорду чечип берсин да",- деп кошумчалады Мамасадыков.
Анын айтымында, мыйзам долбоору колдоо тапса, анын талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө үчүн аймактык комиссия түзүлөт. Ага милиция кызматкерлери, аксакалдар соту, айыл же район башчылары, аксакалдар кеңеши, жаштар, аялдар комитетинин өкүлдөрү, имам жана жергиликтүү кеңештин депутаттары кирет.
Талап аткарылбаган шартта той ээсине 300 миң сом, ресторан ээсине 100 миң сом, жакынын акыркы сапарга узатып жаткан үй ээсине 200 миң сом айып салуу каралууда.
"Илгертен келе жаткан адаттарды эске алуу керек"
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Тарыхчы-этнограф Сынару Алымкулованын айтымында, көчмөн элдин тарыхында кыз узатуу өтө деле чоң шаан-шөкөт менен коштолчу эмес.
"Кийин отурукташып калганда айрым адаттар кирген болушу мүмкүн. Албетте, элди чогултуп оюн-зоок уюштуруу деген сыяктуу нерселер болгон. Бирок аябай чоң тойго айланып кеткен эмес",- деди тарыхчы.
Сынару Алымкулова маркумду акыркы сапарга узатуудагы мал союунун маанисине токтолду.
Анын айтымында, илгери өлгөн кишиге топурак салуу үчүн күндөп-түндөп ат үстүндө жол жүрүп келгендердин курсагын тойгузуу үчүн мал союлган:
"Ооба, бул илгертен бери келген адат экени ырас. Бел ашып келген кишилерди ачка койбойт да. Азыр эми андай зарылчылык жок болуп калбадыбы".
Ошол эле учурда тарыхчы каада-салтка байланыштуу долбоорду иштеп чыгууда илгертен келе жаткан айрым адаттарды эске алуу керек дейт.
"Бирок кыркылыгын өткөрүү, аш берүү деген адаттар болуп келген. Маселен, Манасты эле ала турган болсок, Көкөтөйдүн ашы, көп чырдын башы деп айтылат го. Кыркылык кайсы бир деңгээлде илгерки кыргыз элинин ошол эле анимизм, тотемизм деген түшүнүктөр менен дагы байланыштуу. Бирок үчүлүк, жетилик деген түшүнүктөр кийин келди",- деди тарыхчы.
"Аш берүү дагы тойго айланды"

Сүрөттүн булагы, Facebook
Кыргыз эл акыны Надырбек Алымбеков коңшу өлкөлөрдөй эле Кыргызстанда ысырапкорчулук күчөп кеткенин айтат. Анын айтымында, жакшылык же жамандык болобу куру намыс түшүнүгү калыптанып калды:
"Мен Куранды которгон киши катары айтайын. Ал жерде киши өтүп кетсе, мал сой деген көрсөтмө жок. Мал союу адаты күчөп отуруп, салтка айланып кетти. Ашыкча чыгымдын эмне кереги бар? Аш берүүнү дагы тойго айлантып алышты. Колунда жок бечаралардан бери уят, эл эмне дейт деп тигиден-мындан карыздап алып мал союп калды. Колунда барлар үч кабат үй салып алып, ошол үйүнө эмес, 200-300 кишини тойканага чакырып жатат. Андан көрө ошол каражатты жакыр үй-бүлөгө, жетим-жесирлерге берсин. Бирөө өтүп кетиптир, 6-7 жылкы союптур дегендерин угуп эле жүрөм. Айрыкча чоң кызматтагылар тууралуу. Бул жагынан эл аша чаап кетти. Ысырапкорчулук Кудай сүйбөй турган нерсе".
Алымбеков үчүлүк, жетилик, жылдык сыяктуу адаттарга тыюу салуу туура сунуш деп эсептейт.
"Бир киши өтүп кетсе, 4-5 жолу чакырат. Баарына мал соет, анын эмне кереги бар. Бардык нерсе эсеп-кысабы менен болушу керек. Чай менен деле куран окуп койсо сообу тиет. Мен ошону колдойм. Биз ар-намыс эмес, көр намыска үйрөнүп алганбыз. Ар-намыс адамгерчиликти, бийиктикти көрсөтөт. Көр намыс - жөн гана мактаныч",- деди ал.
2022-жылы ысырапкорчулукту тыюуну көздөгөн президенттин жарлыгы дагы коомчулукта кызуу талкуу жараткан.
Жарлык кабыл алынгандан кийин той-аш, мааракелерге чектөө киргизүү, сарамжал жашоого өтүү боюнча жер-жерлерде ар кандай аракеттер башталган.
Бирок көптөгөн той-аштар мурдагыдай эле өтүп, чыгымдарды азайтуу аракети сакталбай жатканы дагы айтылып келет.










