Борис Жонсон: Орусияга туруштук берүү үчүн белди бекем бууйбуз

Борис Жонсон жана Владимир Зеленский

Сүрөттүн булагы, DOWNING STREET

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Борис Жонсон согуш башталгандан бери Киевге үч жолу келди

Борис Жонсон Киевге сапарында энергетикалык каатчылыкка кабылса да Ураинага көмөк көрсөтүүнү улантуу үчүн батыш өлкөлөрүнүн жарандарын кымбатчылыкка чыдап коюуга чакырды.

Отставкага кеткен британ премьери Украинанын эгемендүүлүгүнүн 31 жылдыгына карата ал өлкөнүн баш калаасына барды. Ал бул сапарында "Орусия кылган кыянаттыкка украин эли кан төгүп жооп берип жаткан чакта" Батышта болгону энергия кымбаттаганын айтты.

Бул Орусия Украинага кол салгандан бери Борис Жонсондун Киевге үчүнчү сапары.

Жонсондун сөзүнө караганда, Европада энергияга баалардын өсүшүнөн улам Украинаны аргасыздан эле колдоп жатат деген талкуулар болгонуна карабай, Батыштын биримдиги чыңалып жатат. Ал "Украина баскынчыларды жеңет жана жеңиши керек" деп дагы бир жолу кайталады.

Жонсон муну менен катар эле "Путин менен мамилени жылма жөнгө салуу аракеттерин" алдын алгандай болду. Жонсон орусиянын кол салуусунун "деми басылып", Путиндин армиясы "эбегейсиз кыйрап" жатат деп ишенет.

"Азыр кепке келбегендер менен сүйлөшүү боюнча "түркүн" пландарды сүрөөнүн мезгили эмес. Бутуңарды мүлжүп жаткан аюу менен сүйлөшүүгө болобойт",- деди Жонсон.

Британ премьер-министри Украинага бериле турган 54 млн фунттук (63,7 млн доллар) аскердик жардам тууралуу да жарыя кылды. Бул аскердик жардамдын ичинде 2 миң беспилотник бар. Бул жолку жардамга камикадзе-дрондору да камтылган.

Бул Борис Жонсондун Украинга премьер-министр катары соңку сапары болуп калышы ыктымал. Анткени 6-сентябрда ал кызматынан кетет.

Киевде ага чет өлкөлүктөр ала ала турган Украинанын эң жогорку сыйлыгы болгон Эркиндик орденин тапшырылды. Мындан сырткары украин президенти Зеленский британ премьер-министринин урматына Раданын имаратынын катарындагы Каармандык аллеясында ардак тактасын ачты. Владимир Зеленский өзүнүн Фейсбук баракчасында ага ыраазычылыгын билдирип, "Орусия кол салгандан тарта Украинанын эл аралык аренадагы кызыкчылыгын сүрөп, эбегейсиз жардам бергени" үчүн алкышын жазды.

"Ушундай досу бар биздин өлкө бактылуу!"- деп жазды Зеленский.

Жонсондун саясий мурасы...

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Британиялык саясат талдоочулар Борис Жонсон өкмөт башчы катары ишмердигинде үч иши менен эл эсинде калууну көздөйт деп эсептешет. Алар: Брексит жараянын соңуна чыгаруу, ковидге каршы жапырт эмдөө жана Украинаны Орусия менен согушта колдоо.

Жонсон кесиптештерине өзүнөн кийин кызматка келген жетекчи Украина боюнча британ позициясын "жумшартпай" турган болсо эч кандай бут тоспой турганын билдиргени маалым.

Премьерликке кандидат болгон эки талапкер тең бул жардам солгундабай турганын буга чейин эле убада кылышкан.

Борис Жонсондон сырткары Украинанын эгемендүүлүгүнүн кезектеги мааракеси менен батыштын көптөгөн лидерлери куттукташты.

АКШ президенти Жо Байдендин сөзүнө караганда, украиналыктар "эркиндиктин идеаларына берилгендиги жана укмуштуудай каармандыгы менен бүт дүйнөнү шыктандырууда".

Байден Киевге учурдагы эң ири аскердик көмөктү да тастыктады. Анын суммасы 3 млрд долларды чапчыйт. Ага курал жарак жана аскердик жабдуулар сатып алынат.

Владимир Зеленский "өзгөрүлбөгөн колдоосу" үчүн АКШга ыраазычылыгын билдирип, өз өлкөсүнүн Орусия басып алган аймактарын толугу менен бошотууга убада берди. (АК)