Казакстанда аза күтүү күнү, тополоңдо каза болгондордун саны белгисиз

Казакстандагы кырдаал

Сүрөттүн булагы, coronavirus2020.kz

Казакстанда күйүүчү майдын баасы кымабаттап, ага нааразы болгондордун акциясы өлкө боюнча жайылып кетти. Өлкө боюнча өзгөчө абал киргизилип, өкмөт жоюлду. Казакстанга Орусия жетекчилик кылган Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) аскерлери киргизилди.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев дүйшөмбүнү баш аламандыктар учурунда каза болгондорго аза күтүү күнү деп жарыялады. Өлкөдө өзгөчө абал күчүндө.

Казакстандын Маалымат министрлигинин Телеграм каналында кабарлагандай, өлкөдө баш аламандыктар башталгандан бери каза болгондордун саны 164кө жеткен. Анын 103ү Алматыда каза болгондор.

Бир нече убакыттан кийин бул маалымат өчүрүлүп, Саламаттык сактоо министрлигиндегилер каза болгондордун саны боюнча маалыматы жок экенин айтышкан. Башында маалымат саламаттык сактоо мекемесине шилтеме менен берилген эле.

Ошондуктан азырынча баш аламандыктарда каза болгондор боюнча так маалымат жок.

Казакстандын ИИМи кармалгандардын саны 6 миңдей экенин маалымдады.

Казакстандын мамлекеттик телеканалы “тополоңго чет элдиктер катышкан” алгачкы видеону чыгарышты. Көп өтпөй ал кыргызстандык джаз музыкант Викрам Рузахунов экени анык болду.

Социалдык тармакта кыргызстандыктар, айрыкча маданият ишмерлери кесиптеши Рузахуновду колдоп, бийлик өкүлдөрүнө аны мекенине кайтарып келүүнү өтүнүштү.

Кыргызстандын атайын кызматы аны жөнөкөй жаран деп атап, Тышкы иштер министрлиги нааразычылыгын билдирди.

Казакстандагы кырдаал

Сүрөттүн булагы, coronavirus2020.kz

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Касым-Жомарт Токаев менен экс-президент Нурсултан Назарбаевдин басма сөз катчылары Назарбаевдин Коопсуздук кеңешинин төрагалыгынан кантип кеткени жөнүндө кайым айтышты. Аталган кызмат мурда Назарбаевге өмүрүнүн акырына чейин бекитилген болчу.

Өлкөдө баш аламандыктар чыгып кеткенден кийин Токаев Назарбаевди Коопсуздук кеңешинин төрагалыгынан аларын билдирген. “Елбасынын” басма сөз катчысы кечээ Назарбаев кызматын Токаевге өзү өткөрүп бергенин жар салды.

Казакстандын атайын кызматында орун алмашуу жүрүп жатат. Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын эки орун басары кызматтан четтетилди. Алар Назарбаевдин командасындагы адамдар деп айтылууда.

Өлкөдө тополоң чыгып кеткенден кийин эки күн өтүп, Токаев аталган комитеттин төрагасы Карим Масимовду кызматтан алган болчу. Кийин Масимов мамлекетке чыккынчылык кылды деген шек менен 8-январда кармалган.

Бул кызматты Масимов 2016-жылдан бери ээлеп келаткан. Аналитиктердин берген баасы боюнча, Масимов “Назарбаевдин кишиси” болгон. Ал эки жолу Казакстандын премьер-министри болуп, президенттик администрацияны дагы башкарган.

Казакстандагы кырдаал

Сүрөттүн булагы, coronavirus2020.kz

Алматыда маал-маалы менен сиренанын катуу дабышы угулуп жатат. Бийлик тургундар менен ушинтип сүйлөшүп жатышкандай. Бийлик өкүлдөрү Алматыдагы кырдаалды жөнгө салгандай. Көчөлөрдө абал тынчыраак.

Анда-санда ок атууларды угууга болот. Би-Би-Синин кабарчысынын айтымында, бул аскерлердин жана полициянын эскертүү иретинде аткан октору болушу мүмкүн. Ушул жол менен алар адамдарга тарап кетүүнү же болбосо курчоого алынган аймактарга, блокпостторго жакындашпоо керек экенине белги берип жатышат.

Куралданган кайгуул кызматкерлери көп.

Би-Би-Синин кабарчысы ЖККУнун аскерлерин Алматынын көчөлөрүнөн учураткан эмес. Анын маалыматы боюнча, аскерлер аэропортту коргоп жатышат.

Алматы бир аз жандана баштаган. Мурдагы күндөргө караганда көчөлөрдө адамдарды көбүрөөк кезиктирүүгө болот. Айрым дүкөндөр, ал тургай бир нече кафелер ачылып иштей башташкан.

Май куюучу жайларда адамдардын узун кезеги пайда болгон. Адамдар 10-15 литр бензин алуу үчүн (андан ашыкча берилбей жатат) бир нече саатка чейин кезек күтүп турушат.

Абал толугу менен турукташты деп айтууга болбойт. Интернет дале иштей элек. Банктар, банкоматтар жабык. Айрым адамдардын нак акчасы түгөнө баштады. Бир жакка чыгып кетүү да кыйын болууда. Айдоочулар өздөрү кооптуу деген жактарга баруудан баш тартып жатышат.

X баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
X мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Би-Би-Си тышкы сайттардын мазмуну үчүн жооп бербейт.

X посттун аягы

Чет элдик журналисттерди Казакстанга киргизбей жатышат. Алардын бири британиялык журналист Жоанна Лилис бийлик өкүлдөрү аны Казакстанга киргизүүдөн баш тартып жатканын кабарлады. Анын колунда Казакстандын Тышкы иштер министрлиги берген аккредитациясы бар.

Лилис Казакстанда 2006-жылдан бери иштейт. Анын макалалары Guardian, Economist жана Independent сыяктуу сайттарда жарык көргөн. (EA)