You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Кыргыз президенти БУУнун Башкы Ассамблеясында дүйнөдөгү тынчтык маселесин көтөрдү
Президент Садыр Жапаров 23-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 80-сессиясынын Жалпы дебаттарында дүйнөдөгү тынчтык маселесин көтөрдү.
Жапаров өз сөзүндө дүйнөнүн чар тарабында: Европада, Жакынкы Чыгышта, Африкада жана Азияда жаңы куралдуу кагылышуулар жана согуштар тутанып жатканына көңүл бурду. Андан миллиондогон карапайым адамдар курман болуп, үй-жайынан ажырап, өз жерин, өлөң төшөгүн таштап кетүүгө аргасыз болуп жатканын белгиледи.
"Биз көптөгөн элдердин: Палестинанын, Украинанын, Судандын, Сириянын жана башкалардын азап чегип жатканына көз жумуп коё албайбыз, ал жерлерде согуштук аракеттер уланып, карапайым адамдар кырылып, адам укуктары бузулууда. Дүйнө коомчулугу өзүнүн өзүмчүл геосаясий кызыкчылыктарына таянып, аталган чыр-чатактарга "мунусу көбүрөөк, ал эми тигиниси азыраак маанилүү" деген принцип менен мамиле кылып, кош стандарттуу ыкманы колдонууда. Украинада дээрлик төрт жылдан бери жаңжал уланып, адамдар өлүп, жарандары өлкөдөн качып чыгууда. Биз АКШ Президенти Дональд Трамп менен Россия Президенти Владимир Путиндин Украинадагы жаңжалды жөнгө салууга багытталган аракеттерин жана чечимдерин колдойбуз",- деди Жапаров.
Кыргыз президенти орус-украин жаңжалынан улам Кыргызстан дагы жапа чегип жатканын айтты:
"Бир тараптуу санкциялар бизге, жаңыдан бутуна туруп келе жаткан өлкөгө да кесепетин тийгизүүдө.Кыргызстан экономикасын өз алдынча чыңдоого күч үрөп, аракеттенип келебиз. Андыктан, негизсиз санкцияларды өлкөнүн ички иштерине кийлигишүү катары жана жаңыдан бутуна туруп келе жаткан экономикабызды төбөсүнөн ылдый басуу деп баалайбыз".
Жапаров Кыргызстан өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин ар дайым так аткарып келе жатканын, өлкөгө карата жарыяланган санкциялар "айрым бейөкмөт уюмдар жана кара ниет жарандар тарабынан жайылтылган жалган маалыматтарга негизделгенин" айтты:
"Кыргызстан банктардын ишмердүүлүгүн кылдат текшерттирүү үчүн көз карандысыз эл аралык аудиттерди кабыл алууга даярбыз. 2024-жылы Европа Бирлигинин өлкөлөрү Россия менен 141 миллиард долларга соода жүргүзсө, анын 36 миллиард доллары Россиядан импорттолгон товарлар болгон. Ал эми биздин 2 банкка каршы санкция жарыялаган Британиянын өзү 2024-жылы Россия менен 2,2 миллиард долларга соода жүргүзгөн. Ачык айтканда, кимдир бирөөлөр өз алдынча кызматташуу мүмкүнчүлүгүн өзүмчүлүк менен өзүнө калтырып, өз кызыкчылыктарын коргоп, башкаларга тыюу салган".
Кыргыз президенти бул көрүнүштү "өзгөдөн бир нерсе талап кылаардан мурда өзүн башкаларга үлгү бол деген сөз" деп сыпаттып, Кыргызстан Россия менен кызматташпай кое албасын белгилеген:
"Бизге Россия менен кызматташпагыла деген талап коёсуңар дагы өзүңөр кеңири кызматташып жатасыңар. Бизди силерге караганда Россия менен көптөгөн экономикалык байланыштар бириктирип турат. Ошондуктан экономикалык жактан алганда Россия менен кызматташпай коё албайбыз. Биз башкалар менен тирешүүнү каалабайбыз. Биз дээрлик бардык өлкөлөр менен кызматташып, көп векторлуу саясат жүргүзүп жатабыз. Мисалы, биз ошол эле Англияга жылына 1 миллиард долларлык алтын сатабыз".
Жапаров экономикалык кызматташтыкты жана сооданы саясатташтырууга каршы экенин айтып, кыргызстандык эки банкка салынган санкцияларды алып салууну талап кылды.
Эске салсак, Британия быйыл жергиликтүү "Капитал банкка" санкция салып, Россия бул банкты аскердик товарларды сатып алууга пайдаланганын жана бул үчүн криптобиржа да колдонулганын жүйөө келтирген болчу.
Садыр Жапаров мындай айыптоолорду четке кагып, британ өкмөтүнүн бул аракетин негизсиз деп атап, буга чейинки "Керемет банкка" дагы калыссыз санкция салынып, ал дагы далилсиз чечим болгонун жооп кылган.
Кыргызстанда президентинин БУУнун Генералдык Ассамблеясында көтөргөн маселелери боюнча коомдук сайттарда кубаттоолор айтылып, аны менен бирге сунуштар да берилип жатат. Алалы, саясат талдоочу Эмилбек Жороев "кайра эле бул санкциялар өзүбүздөгү НПОлор жана кара ниет жарандардын сөзүнөн улам киргизилди деген жери...Бир чети ушундай сөз айтылбашы үчүн санкция киргизген тараптар чыныгы маалымат булактарын ачыктаса экен, президентке кошулам, а бир чети - ошол салмактуу чет мамлекеттер жана алардын институттары кыргыздын НПОсу менен "кара ниет эксперттери" айтты деп эле санкция киргизбесе керек", -деп жазды.
Коомдук жана саясий ишмер Эмилбек Каптагаев Садыр Жапаров БУУнун бийик трибунасынан дүйнөлүк геосаясаттагы көйгөйлүү маселелер боюнча тарыхый сөз сүйлөгөнүнө токтолуп: "биз кичине өлкөбүз, бизди ким укмак эле..." дебей так-кесе айтылыптыр, башкы лейтмотив айтылган сөз менен иштин дал келүүсү деген талап болуптур. Абдан туура", -деди.
Каптагаев президенттин сөзүнөн кийин ага төмөндөгүдөй ой кеткенин жазды: "Эми чынында эле өз ичибизде дагы айтылган сөз менен жасалып жаткан иштердин ажырымсыз бир экендигин көрсөтүп "мамлекеттик төңкөрүш" деген акылга сыйбай турган айып менен сот жообуна тартылган жана тартылганы жаткан Канышай Мамыркулова, Аскат Жетиген, Рита Карасартова, Олжобай Шакир өңдүү жигердүү мекенчил инсандарды бошотуп, айыптарды алып салса куп жарашып калат эле".
Жалпысынан социалдык медиада президенттин БУУ трибунасындагы билдирүүсү геосаясий жактан мыкты доклад болгону, президент Батышты чымчылап өткөнү, ал масштабдуу көйгөйлөрдү көтөргөнү тууралуу пикирлер жазылууда.