You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Сыпайы окумуштуу, Мексиканын алгачкы аял президенти Клаудия Шейнбаум деген ким?
1987-жылы январда Мексиканын улуттук автономиялык университетинин (УАУ) студенттери окуу акысын жогорулатуу пландарына каршы чыгышкан.
"Деканатта иш таштоонун желегин ким илет?",- нааразы топтун лидерлери көпчүлүккө кайрылды. Физика факультетинин жыйырма төрт жаштагы студенти: “Мен” деп өз ыктыяры менен жооп берди.
Ал ыктыярдуу студент кырк жылдан кийин өлкө тарыхындагы алгачкы аял президент болуп, Мексиканы башкарып кала турган Клаудия Шейнбаум Пардо эле.
Аны "Sigamos Haciendo Historia" ("Тарыхты түзүүнү уланталы") коалициясы шайлоого көрсөттү. Бул коалиция үч солчул партиядан турат, анын ичинде учурдагы президент Андрес Мануэль Лопес Обрадордун башкаруучу Moreno партиясы кирди.
Мексикалыктар аны жөн эле Клаудия деп аташат. Ал 61 жашта, эки баланын энеси, биоинженер. Өзү профессор жана тогуз миллиондон ашык калкы бар Мехико шаарынын мурдагы мэри.
Клаудия Шейнбаум 1-октябрдан тарта президенттик кызматка расмий түрдө киришет.
Студенттик нааразычылык акциясындагы желекке байланышкан эпизодду эскергенде “Мен ар дайым ойго келбеген иштерге жакын болчумун” – дейт Шейнбаум. Мен мындан ары андайды көп жасабайм, азыр жоопкерчилик көп дейт.
Ал 130 миллион калкы бар Мексиканын жетекчилигин өтө оор шарттарда кабыл алганы турат. Калктын 36% жакырчылыктын ченгээлинде турат, аялдар өлүмүнүн кооптуу деңгээли, уюшкан кылмыштуу топтордун зордук-зомбулугу уланып жатат, АКШ менен чек арадага абал чыңалган бойдон.
Бирок Шейнбаумдун досу жана саясий кеңешчиси Диана Аларкон ишендиргендей, жаңы президент кырдаалды жөнгө салат, себеби ал өз ишенимине бекем турат.
"Ал жан дүйнөсүндө дагы деле козголоңчу бойдон. Анын кыймылдагы орду өзгөрдү, бирок анын эл үчүн күрөшүу деген бала кезинен калыптанган ишеними дагы деле ошол бойдон", - деп ишенет Аларкон.
Акыркы алты жыл бою Мексиканы Шейнбаумдун партиялашы, Президент Андрес Мануэль Лопес Обрадор (көбүнчө Амло деп аталат) жетектеген. Башкаруу мезгилинде ал экономиканы турукташтырып жана көпчүлүк мексикалыктарга оптимизм берген. Шейнбаум үчүн берилген добуштардын 60%га жакыны, негизинен, Амло ишеним рейтинги жана анын Шейнбаум алдыга умтулууну көздөгөн идеялары катары каралышы мүмкүн.
Мексикада президенттик мөөнөт алты жылга чектелген, ошондуктан Амло өзү президенттик жарышка катыша алган эмес.
Ал Шейнбаумдун саясий устаты деп эсептелет жана көптөр анын шайлоодогу ийгилигин ушуга байланыштырышат.
Бирок, Клаудия дагы жаңы нерсени сунуштай алат. Ал бир катар кесиптик сыйлыктарга ээ болгон, изилдөө иштерин мамлекеттик саясаттын чегинде колдоно алган окумуштуу.
Солчул активисттердин үй-бүлөсүндө
Клаудия Шейнбаум 1962-жылы 24-июнда Мехикодо солчул активисттер жана жаңычыл илимпоздордун үй-бүлөсүндө туулган.
Анын атасы Карлос Шейнбаум химик жана ишкер болгон. Ал 1920-жылдары Литвадан Мексикага көчүп келген Ашкенази еврейлеринин үй-бүлөсүндө туулган.
Апасы Ани Пардо биология жана медицина менен алектенген, анын ата-энеси 1940-жылы Болгариядан Мексикага келген сефард еврейлери.
Клаудия түштүк Мехикодо, бай орто класстын өкүлдөрү жашаган аймакта чоңойгон. Ал жерде саясат күнү-түнү талкууланчу.
Ата-энеси аны түрмөдөгү активист досторуна жолугушууларга көп алып барышчу.
Шейнбаум католик өлкөсү үчүн адаттан тыш болгон, окуучулардын көзкарандысыздыгын кубаттаган светтик мектепке барган.
Анын кубаттуу жана кыраакы мүнөзү мектепте калыптанган өндүү. Ал эч кандай идеяларды изилдебестен жана фактыларды текшербестен эч качан шашылыш жыйынтык чыгарбаганы менен айырмаланган.
"Уялчактыганан ал абдан олуттуу көрүнүшү мүмкүн. Бирок анын жанында отурсаң, ал жайдары, тамашакөй жана боорукер болуп калат.", - дейт 1970-жылдары Шейнбаум менен достошкон Диана Аларкон.
Клаудия ата-энеси катышкан нааразылык кыймыл жөнүндө кеп кылып, өзүн көп учурда "68дин кызы" деп атайт.
1980-жылдар ал үчүн негизги он жылдык мезгили болду. Коррупциялык жаңжалдар Мексиканын эски саясий катмарына көлөкө түшүрө баштады, өлкөдө жеке сектордун пайдасына экономикалык мамлекеттик программаларды колдоону кыскартууну билдирген неолибералдык экономикалык модель ишке ашырылды.
Шейнбаум үчүн бул бир нерсени билдирген — Мексика эли үчүн теңсиздиктин жана жакырчылыктын күчөшү эле.
Саясат анын жеке жашоосун дайыма коштоп келген. Шейнбаумдун биринчи күйөөсү солчул саясатчы Карлос Имаз болгон. Аны менен ажырашкандан кийин, 2023-жылы ал университеттен бери тааныш болгон каржы маселелери боюнча талдоочу Хесус Мария Таррибага турмушка чыккан.
Клаудия көп убактысын академиялык иштерге арнаган. Ал докторлук даражасын жактаган жана бир нече монографиянын автору.
Шейнбаум саясатка кантип келген
2000-жылы Мексикада саясий процесстер анын президенттик сапарын баштаган.
Жетимиш жылдан ашуун убакыттан бери биринчи жолу институционалдык революциялык партия (ИРП) президенттик шайлоодо "Өзгөрүүлөр үчүн альянс" менен ат салышта жеңилип калды.
Ошол эле учурда Мехиконун мэри кызматын өлкөнүн түштүгүндөгү Табаско деген жакыр аймактын солчул саясатчысы алган. Бул Андрес Мануэль Лопес Обрадор (Амло) болчу.
УАУнун профессорлорунун бири, математик Шейнбаумду шаардык жаңы администрацияда айлана-чөйрөнү коргоо министри кызматына талапкерлиги сунушталгандан кийин, Амло менен Шейнбаум биринчи жолу таанышкан.
Андан кийин Амло Шейнбаумга эки маселени тапшырган эле. Ошол кезде дүйнөдөгү эң булганган шаарлардын бири болгон Мехикодогу абаны тазалоо жана борбордун башкы шоссесинин экинчи деңгээлин куруу. Ал эки тапшырманы тең аткарды.
Амлонун администрациясы 2006-жылдагы шайлоодо утулуп калганда, Шейнбаум илимге кайтып келип, климаттын өзгөрүүсүн изилдөө үчүн “Нобель” тынчтык сыйлыгын алган командага кошулган.
Бирок саясат аны кое берген жок. 2006-жана 2012-жылдары ал Амлонун президенттик кампаниясынын штабында иштеген, бирок эки жолу тең ийгиликсиз аяктаган.
2015-жылы ал өзү саясий оюнчу болуп, өзү өскөн Мехиконун эң чоң району болгон Тлалпандын администрациясынын башчылыгына шайлоодо жеңип чыккан.
Үч жылдан кийин, Мексиканын президенти Амло болуп турганда, Шейнбаум Мехиконун мэри болуп дайындалган, бул Амлонун ордуна потенциалдуу мураскорлордун бири болгон.
Бирок муну менен анын ар бир кадамы катуу текшерүүгө жана сынга кабылган.
Клаудия Шейнбаум өзүнүн илгерки тарапташы жана мугалими, Мексиканын президенти Андрес Мануэль Лопес Обрадордун ордуна келет.
2017-жылы Пуэблада күчү 7,1 баллга жеткен жер титирөөдө эреже бузуу менен курулган мектеп урап, 17 бала каза болгон.
“Көйгөйлөр алгач ачыкка чыкканда мектепти жапкан жок” - деп оппозиция жана курман болгондордун үй-бүлөлөрү Шейнбаумду айыпташты.
Андан кийин, 2021-жылы метродогу кырсыктан 27 адам каза болгон. Шаарда анын партиясы башкарган 2014-2015 жылдар аралыгында Шейнбаум курулуштагы кемчиликтерди аныктаган тергөө ишин баштады. Дагы, көпчүлүк аны адамдардын өлүмүнө айыпташты.
Учурдагы президенттик шайлоо өнөктүгү учурунда бул чуулгандуу окуялар кайрадан жанданды. Мындан тышкары, анын академиялык эмгектеринде далидене электигине карабай плагиат тууралуу айыптоолор чыкты.
Ошондой эле, көптөгөн каршылаштары аны "Амлонун куурчагы" деп аташат.
"Өмүрүмдө эки жолу суроо салды. Эмне үчүн саясат сыяктуу оор тармакка аралашып жатасың. Ал эки жолу тең: "Анткени бул туура иш" деп жооп берди”, — деп эскерет Диана Аларкон.
"Ошондуктан адамдар аны ишенимдүү деп эсептешет. Ал бийлик үчүн бийликке умтулбайт, жөн гана анын коом алдында жоопкерчилик сезими бар", — дейт анын досу.
Мексиканын алгачкы аял президенти
Бардык чуулгандуу окуяларга карабастан, Шейнбаумдун администрациясы үчүн Мехико шаарынын тургундарынын 60%дан ашыгы добуш беришти. Борбор калаада акырындап кылмыштуулуктун азайып, вело жолдордун узара баштады. Мындан тышкары, шаарда узундугу 4,8 км болгон дүйнөдөгү эң узун асма жол пайда болду.
Бирок анын негизги эмгеги - Мехикодогу коронавирус эпидемиясын ооздуктоо аракети деп эсептелет. Бул анын лидерлик стили Амлонун мүнөзүнөн кандайча айырмаланарын эң ачык көрсөттү.
Вирус жайылып жатканда, Шейнбаум Мехикодо жалпы карантин жарыялаган, Амло жаңы оорудан коркууга эч негиз жок деп ишендирди. Шейнбаум беткап кийип баштаганда, элди массалык эмдөө үчүн үгүттөп жатканда, Амло аны кийбей жана эмдөөлөргө ишенбөөчүлүк менен карап турду.
Бирок Амлого бул маселе Шейнбаумду мураскор кылып коюга тоскол болгон жок.
"Убакыттын өтүшү менен Амло аны сыйлаганды үйрөндү" - дейт экөө тең менен маектешкен саясий баяндамачы Хорхе Сепеда Паттерсон. - Ал ар кандай тапшырмага өтө жоопкерчиликтүү мамиле жасаарын түшүндү. Балким, ал саясатчы катары эң күчтүү эмес, бирок ал укмуштуудай менеджер жана мыкты администратор".
Мексиканын эли өз ара ал кандай президент болот деп божомолдоп калган. Ал Амлонун каалоолорун эле орундаткан жолун улоочу болуп чыкпайбы? Ал жогорку аскердик командачылыкты жана айрым штаттардын губернаторлорун көзөмөлдөй алабы? Ал Амлонун АКШга карата прагматикалык саясатын уланта береби деген сыяктуу суроолор турду.
"Мен сизди ал өз кулк-мүнөзүн сактап кала берерине ишендирем" дейт анын көптөн берки досу Аларкон. 80-жылдары ал МУАУ ректоратына желек илүүгө аргасыз болгон, ал аны орундатты. Эми ага университеттерди курууга убакыт келди". (JA)