"Куранды саясатчы эмес, аалымдар чечмелесин"

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы саясатчыларды куранды бурмалабоого чакырып, мусулмандардын ыйык китебин “саясатчы эмес, аалымдар чечмелесин” деди.

Арслан Малиев

Сүрөттүн булагы, Жогорку Кеңеш

Муфтият мындай билдирүүнү Жогорку Кеңештин депутаты Арсланбек Малиевдин куранда “арак жана кумар оюндарынын бир аз пайдасы бар деп жазылган” деген сөздөрүнөн кийин жасады.

“Дарыгер дарыгерлигин, молдо молдолугун, депутат депутаттыгын кылганы туура. Дин кызматкерлери саясатка аралашпайт, бирок Аллахтын сөзү болгон куранды бурмалоодо унчукпай тура албайбыз! Анткени ыйык куранды бурмалоо бул чоң күнөө эле эмес, Аллахтын каарын алып келет. Аллахтын каары келсе, пенденин колунан эч нерсе келбейт”, - деп берилет муфтияттын билдирүүсүндө.

Ошондой эле КМДБдан “Куранда айтылган арам нерсени, эч ким адал кыла албайт”, - деп белгилешти.

12-майда парламентте казино, тотализатор жана букмекердик конторалардын ишмердүүлүгүнө жол ачкан "Оюн-зоок иши жөнүндө" мыйзам долбоору биринчи окуудан жактырылган.

Оюн-зоок жайларына жашы 21 жаштан жогору болгон чет элдик жарандар гана кире алат. Кыргызстан жарандарынын кирүүсүнө тыюу салынат.

Ал эми депутат Малиев бул долбоорду колдоп, курандан цитата келтирген:

“Мына мисалы [курандагы] экинчи “Бакара” сүрөсүнүн 219-аятында: “Сенден арак жана кумар оюндар тууралуу сурашат - ал экөөндө чоң күнөө бар, бирок адамдар үчүн бир аз пайдалары бар” деп турбайбы. Бул маселени негизи колдош керек. Казинолорду гана эмес, марихуананы да мыйзамдаштырууга убакыт келди. Биз Ысык-Көлдө опиум өстүргөнбүз, муну унутуп калдык. Нефть, газ, токойсуз эле экономикалык саясат жүргүзүү үчүн бизге стандарттык эмес чечим керек”, - деген Малиев.

"Оюн-зоок иши жөнүндө" мыйзам долбоору Министрлер кабинети тарабынан сунушталып жатат. Ал өлкө бюджетин толтуруу менен жаңы жумуш орундарын түзүү жана туризмди өнүктүрүүнү көздөйт.

Эгер мыйзамдын долбоору парламентте үч окуудан өтүп, мамлекет башчы документке кол койсо, өлкөнүн бардык аймагында казинолорду, тотализаторлорду, букмекердик контораларды иштетүүгө уруксат берилет.

Расмий маалыматка ылайык, 2010-2011-жылдары Кыргызстанда оюн-зоок мекемелери иштеп турганда жылына бюджетке болжол менен 500-600 млн сом түшүп турчу.

Азыркы мыйзамдын долбоору ишке кире турган болсо бир жылда 2 млрд сомдун тегерегинде каражат түшөт деп болжонуп жатат. (EB EK)