Жапониянын экс-премьери Синдзо Абе киши колдуу болду

Синдзо Абеге кол салуу болгон жер, 8-июль 2022-жыл

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Синдзо Абеге кол салуу болгон жер, 8-июль 2022-жыл

Материал 15:40та жаңыртылды.

Жапониянын экс-премьер-министри Синдзо Абе 8-июлда киши колдуу болду. Ал Нара шаарында сөз сүйлөп жаткан учурда куралчан киши анын далына эки жолу ок чыгарган.

Би-Би-Синин Токиодогу кабарчысы Руперт Уингфилд-Хейс алгач Синдзо Абе ооруканага жеткирилип, "жүрөгү токтоп калганын" маалымдаган.

AFP агенттиги жапондор "жүрөктүн токтоп калышы" деген терминди “клиникалык өлүм” үчүн колдонушат деп түшүндүрдү.

67 жаштагы Синдзо Абе премьер-министрликтен 2020-жылы кеткен, бирок Жапониянын бийлигиндеги Либералдык-демократиялык партиясында таасирдүү фигура бойдон калган.

Абе 2006-2007 жана 2012-2020-жылдары Жапониянын премьер-министри болгон

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Абе 2006-2007 жана 2012-2020-жылдары Жапониянын премьер-министри болгон

"Бул япониялыктарды нес кылган окуя. Себеби бул өлкөдө курал алып жүрүү катуу чектелет, саясатта болсо зомбулук деген түшүнүк жокко эсе",- дейт Би-Би-Синин Токиодогу кабарчысы.

"Ал эл алдында сүйлөп жаткан. Аңгыча эле арт жагынан бир киши келди. Биринчи ирет атканы даана угулду. Ал жыгылган жок, катуу үн чыкты. Экинчи жолу атканы даана байкалды. Аткандагы жарк эткени жана түтүну көрүндү",- деп чечмеледи жергиликтүү NHK телекомпаниясына сүйлөп берген аял. AFP ал аялдын сөзүнө шилтеме берип жазды.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Синдзо Абе жекшембиде боло турган парламенттик шайлоонун алдында партиялашын сүрөп, Нары вокзалына жакын аймакта сүйлөп жаткан эле.

Абе эки ирет премьер-министр болгон. Ал башка кесиптештерине караганда бул кызматта эң узак иштегени болгон.

Ал 2020-жылы саламаттыгына көңүл бурушу керектигин айтып, кызматын тапшырган. Бирок Рейтер агенттиги жазгандай башкаруучу Либерел-демократтар партиясында таасири сакталып калган жана партиянын негизги фракцияларынын бирин жетектейт.

Учурдагы премьер-министр Фумио Кисида – Абенин улантуучусу жана коргоочусу катары сыпатталат.

Синдзо Абе, мурунку тышкы иштер министринин уулу жана мурдагы премьер-министрдин небереси (түз эмес). Ал биринчи жолу 2006-жылы өкмөттү жетектеп, ошол учурда Япониянын согуштан кийинки тарыхындагы эң жаш премьер-министр болгон.

Абе премьерликке келген алгачкы жыл чыр-чаткатан арылбай, партиясындагы саясий көйгөйлөр тыйылбай турган жыл болгон. Бир жылдан кийин кызматтан кеткен. Кийин 2012-жылы Синдзо Абе кайрадан өкмөт башына келип, 2020-жылга чейин ал кызматта турган.