М. Аскарбеков: Дача-СУ боюнча папкалаган документтер келип жатат
Абдыбек Казиев, Би-Би-Си, Бишкек

Дача-СУда кыйраган учак кеминде 35 кишинин өмүрүн жалмаган эле. Арасында жаш балдар да болгон. Үрөйдү учурган кандуу окуя эми кайрадан талкуунун чордонунда. Бул жолу миллиондогон каражат кандай бөлүштүрүлгөн деген суроо кабыргасынан коюлду. Иштеп жаткан коомдук комиссия азырынча алдын ала жыйынтыктарды гана айтып жатат. Себеби иликтөө, тактоо иштери уланууда.
Би-Би-Си комиссиянын мүчөсү Мавлян Аскарбековго кайрылды.
М. Аскарбеков: Маалымат алуу үчүн коомдук комиссия Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин орун басарын чакырганбыз. Ал жерде негизги суроо - каражаттар. Канча каражат топтолгон? Алар кайдан топтолгон жана кандай жолдор менен ким аркылуу бөлүштүрүлгөн? Андан тышкары ӨКМдин биринчи орун басары Мамбетовдун колу менен бизге, биздин суроолорго кат келип түшкөн. Кагаз вариантын алып келген жокмун, бирок мына электрондук варианты.
Бул жерде конкреттүү түрдө орусча жазылган экен. “Пояснительная записка о поступившихся денег и средствах при крушении самолета от физических и юридических лиц и их распределение Дача-СУ. По поручению премьера министра КР и протокольного поручения правительственой комисии №23207 от 19.01.2017 года для оказания помощи”. Бул өтө маанилүү. “Для оказания помощи пострадавщим Дача-СУ 17 января 2017 года был открыт спецсчет. Всего на спецсчет МЧС КР поступила 151 431 994 сома 55 тыйын” деп турат.

Мен дагы бир жагдайга көңүлүңүздү бургум келет. Бул жерде айтылган акча жардам ирээтинде. Эми кыскача кайдан келип түшкөн. Мен суммасын атабай эле болжолдуу айтайын. Президенттин аппаратынан, Жогорку Кеңештин аппаратынан, өкмөттөн бир күндүк бийлик органдары, министрликтер, жергиликтүү бийликтерден, губернаторлордон, мамлекеттик ишканалардан, ЖЧК, ААКлардан, Бишкек, Ош, Кемин, Токмок жана башка шаардык мэриялардан, консулдук, диаспоралардан эң кызыгы “AST” түрк авиакомпаниясынан келип түшкөн. Мен ушуга көңүл бурдургум келет. Түрк авиакомпаниясы 712 480 АКШ долларын которгон. Ошол кездеги курс менен 49 271 814 сом жардам ирээтинде ӨКМдин эсебине которулган. Баш аягы мен айткандай 151 млн сомдон ашуун акча чогулган.
Эми ушул акчалар протоколдук тапшырма менен “согласно протокола совмещание у первого заместителя руководителя аппарата президента КР №17 от 25 апреля с 2017 года перчислено для пострадавших” деп туруп 94 млн сомдон ашуун каражат которулуп жатат. 94 млн сом. Жапа чеккендерге 151 млн сомдун ичинен 94 530 000 сому которулуп жатат. Кийинкиси ошол эле протокол он төртүндө которуп атат. Новопаловка айыл өкмөтүнө 7 622 680 миң сом. Андан тышкары “для организации перечисленных из них дейт обшественный фонд “Үч периште” деп 6 млн сом, “Манас” эл аралык аэропортко 4 056 334 сом, аэронавигацияга 590 100 сом которулуп жатат. Мамлекеттик мейманкана “Семетейге” 224 221 сом которулуп атат. Кызык бул жерде да. “Владелцам земельных участков которые не пострадали в результате авиа-катастрофы и при этом их земельный участок подпадающий под освобожденной зоны и линии выкупается за счет предусматривается освобождение красной линии протоколом предложении”. 7 242 533 сом которуп жатат. 23 адам бөлүшүп алыптыр бул акчаны. Дагы бир 479 550 сому “Үч периштеге” кетип атат.
ДСП (кызматтык колдонуу үчүн) деп туруп 2017-жылдын 7-декабрында бюджетке которулду, протокол деп жазып коюптур. Протокол №0311 от 4.11.2017 30 283 620 сомду бюджетке которуп жиберип жатат. Кийинкиси соцфондго, пенсия деп томолой жетим жана жетим балдарга 390 455 сом 03 тыйын которуп жиберип атышат. Мынакей расмий документ турат.

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Би-Би-Си: Кеңешип анан чечишиптир, бул протоколдо камтылган деп таап чыгып жатасыздар. Бирок ал жерде бирөө жалгыз чечим кабыл албаган соң бул кеңешилген иш болчу, мыйзамдуу деши мүмкүн да?
М. Аскарбеков: Сөзсүз мыйзамдуу деши мүмкүн. Биз азыр ушул протоколдордун баарын алдырып жатабыз. Ар биринин датасы, номери бар. Аты-жөнүн тактап, отурумга кимдер катышкан, протоколдук тапшырма эмненин негизинде берилген? Негиздеме болушу керек да. Ошолордун баарын биз азыр тактап чыгабыз. Комсиянын максаты күнөөлүүлөрдү издеп камоо эмес, негизги максат убагында элден жана мен айтып кеткендерден чогулган жардам ирээтинде бөлүнгөн акча кандай бөлүнгөн, эмне максатта бөлүнгөн ошону ачыктап чыгуу.
Мына биз чекесинен ачыктап жатабыз. Себеби, убагында булардын баарын жабылуу аяк деп эч кимге чыгарбай, журналисттерге, коомчулукка чыгарбай жаап коюшкан.
Би-Би-Си: Жардам үчүн чогулган акча жардамга гана кетиши керек беле?
М. Аскарбеков: Сөзсүз. Жабыр тарткандарга жардам иретинде чогултулган акча деп так жазылып турат. Бюджетке эмес, аэропортко эмес, “Семетей” жатаканасына эмес, ошол жабыр тарткандарга бериле турган жардам деп турат. Анан бардыгы бир эсепте чогулуп турат. Эми бул жерде муну биз дагы бир тактайбыз. Мына секретариат бар, биздин комиссияга азыр папка-папка маалыматтар келди. Абдан көп. Биз азыр чекесинен окуп, таанышып жатабыз. Изилдеп жатабыз.

Би-Би-Си: Дача-СУдагы ошол кандуу окуя катталган учурда абалды жөнгө салуу, уюштуруу иштеринде эң негизги ролду ойногон жетекчилердин бири бул Кубатбек Боронов болгон эле (К. Боронов комиссияны жетектеген эмес, ал учурда Өзгөчө кырдаалдар министри эле).
М. Аскарбеков: Абылгазиев болгон. Андан кийин Боронов болгон.
Би-Би-Си: Кубатбек Боронов ошол эле сиздер иш алып барып жаткан комиссияга мүчө болору айтылды эле. Ал киши азыр дагы мүчөбү?
М. Аскарбеков: Ал киши бүгүн дагы мүчө. Ошол башында комиссиянын курамы чыкканда мен бул боюнча өзүмдүн позициямды айтып чыккам. Себеби, өзү түздөн түз эле ушул ишке аралашып жүргөн адам комиссиянын мүчөлүгүнө киргени канчалык туура келет, моралдык жактан туура болобу, болбойбу деген суроо болгон. Бирок комиссиянын биринчи отрумунда мен койгон суроо боюнча талкуунун негизинде комиссияын курамында калтыралы, себеби биз түздөн-түз суроого жооп алганга мүмкүнчүлүк болот дешкен Бирок мен баса белгилеп айткым келет, мына бир-эки отурумга катышты болушу керек. Андан бери отурумга келе элек.
Би-Би-Си: Ошол катышкан отурумдарда ал кишинин айткан жүйөлөрү, аргументтери сизди ынандырдыбы?
М. Аскарбеков: Эми биздин... мен дагы бир жолу айтып кетейин, буга чейинки отурумдардын бардыгы ошо маалымат топтоо, маалыматтарды угуу болду. Мына УКМКнын өкүлүн чакырдык, прокуратуранын өкүлүн чакырдык, Ички иштер министрлиги, ӨКМ, аэропорт, жергиликтүү бийлик жана башкалардын бардыгын, маалыматтарды алып, мына ошолорду угуп жатабыз.
Би-Би-Си: Комиссиянын максаты ким бирөөнү күнөөкөр деп алып чыгып жазалоо эмес, каражат канчалык максаттуу бөлүнгөн, кайда кеткенин тактоо максатыбыз дедиңиз. Ошондой шартта азыркы алдын-ала алынган маалыматтар боюнча баары эле мыйзамдуу, баары эле логикага шайкеш бара жатабы же күмөндүү жагдайлар барбы?
М. Аскарбеков: Мен дагы бир ирет коомчулук үчүн тактоо иретинде айтып кетейин, биздин максат - ошол маалыматтардын баарын ачыктап чыгуу. Ал эми жоопкерчилигин, канчалык ошо туура болгон, бизде тишелүү мамлекеттик органдар баасын берет. УКМКда азыркыга чейин кылмыш иши уланып жатат. Мына эч ким билбейт, бул кылмыш иши убагында токтогон экен. Кайра уланткан экен. Ушул маселени изилдөө максатында убагында Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү бир эмес эки ирет Түркияга барып келген экен. Күмөндүү жагдайлардын бар экендигин мына мен бүгүн да баса белгилеп айта кеттим. Өзүңүздөр көрүп жатасыздар. Жардам деп чогулган акча бюджетке кетип жатат. Жардам деп чогулган акча соцфондго кетип жатат.

Жардамды алдык, суммасын атабайбыз деген жооп коопсуздуктан улам айтылганбы же башка себеби барбы?
Би-Би-Си: Ушул өңүтүнө эми токтололу. Ошол кырсык болгондон кийин, кырсык дейбизби, кандуу окуя дейбизби айтор, бул жерде чоң бир коррупциялык иш жатат, бул жерде аткезчилик менен жүк келе жаткан деген ачуу сындарды айтып сиз чыктыңыз эле. Сиздин ошол кездеги айткан сындар жүйөсү бар бекен же жөн эле ачуу кыйкырык менен сындаптырсызбы?
М. Аскарбеков: Жүйөлөр четинен чыга баштады. Биз ушу акча боюнча дагы абдан көп маселе көтөргөнбүз убагында. Элден чогулган акча каякка кетти, отчетун бергиле деп. Андан тышкары мына сиз суроо берип жатасыз, аткезчилик барбы же жокпу, биз ал маселени дагы эле изилдеп жатабыз.
Би-Би-Си: Дагы бир жагдай бар, ошол учурда жапа тарттык, жакындарыбыздан айрылдык дегендердин бирине кезиктим эле. Белгилүү бир убакыт өткөндөн кийин, ал киши жетиштүү жардам алганын айткан. Бирок биз ушундай деп кеңештик суммасын айтпайбыз, биз ушул берилген жардамга ыраазыбыз деген эле. Ушунун өзү эмнеден кабар берет?
М. Аскарбеков: Бул өзү, бул сүйлөшүүлөр бардыгы жабык эшик артында жүргүзүлгөнүнөн кабар берет. Бул сүйлөшүүлөрдүн бардыгын коомчулукка чыгарбай, түшүнүксүз жолдор менен жабыр тарткандарды көндүрүү жана аларга кандайдыр бир бизге белгисиз, азырынча бизге белгисиз, суммага көндүрүп, төлөп берилген дегенди билдирет. Отурумдардын бирине жабыр тарткандардын өкүлү катары Венера айым келди. Мен Венера айымга дагы түшүндүрүп айттым, бул жеке маселе эмес. Сиз же ушул жабыр тарткандар “биз мынча сумма алдык, эч кимге айтпайбыз” деген бул сиздин жеке маселе эмес. Эл аралык норма боюнча кулаган учак жана ага тиешелүү чечимдердин бардыгы биздин мамлекетте жана эл аралык аренада прецедент катары бааланат.

Би-Би-Си: Убагында чогулган каражаттын ар бир тыйынына чейин ачык жарыялап, керек болсо онлайн коюп койгондо ушундай күмөн саноолорго чекит коюлат беле?
М. Аскарбеков: Сөзсүз. Мына беш жыл өттү. Бүгүн дагы коомчулуктун ичинде күмөндүү суроолорго жооп жок. Ошол жерден 25 миң сомдон алгандар бар, 10 миң сомдон алгандар бар, 100 миң сомдон алгандар бар жана чоң суммадан алгандар бар. Бирок ошол акчаны алып жатканда комиссия бул силердин компенсация деп айткан. Нотариус олтурган ал жерде, кол кой, доом жок деп туруп кол коюп бересиң, анан акча аласың. Кол койбойсуңбу, акча албайсың деген талап болгон. Аны бир тобу тастыктап айтып берди.
Баарын азыр изилдеп жатабыз. Түрк тарап менен ким сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн? Ошол сүйлөшүүлөрдүн негизи эмне болгон? Эл аралык нормага ылайык ошондой кырсыктарда акча бөлүп, кенемте төлөп берүү өзүнүн эсептик счёттору болот. Түрк авиакомпаниясы жардам иретинде 712 миң 480 доллар берип жатат. Бирок ошондой сүйлөшүүлөр жүрүп жатканда түрк компаниясы ошол учак кулагандан кийин эле айтыптыр өкмөткө, оперативные расходы деп коёт, билесиз, чыгаша, азыр керектелүүчү чыгашаларды эсептеп бере койгула, биз ошол акчаны берели, чыгашаңарды жапканга, ал эми кенемте төлөө же жардам берүү маселелерин өзүнчө сүйлөшөбүз деп. Бизде азыр алдын-ала мен жаңылбасам, 2,5 млн долларга чейин биздин өкмөт тараптан эсептеп беришкен. Биз мунун баарын тактап чыгабыз. Убагында ошол аэропорттон чыгып бараткан бир автобузбу, же бир чон машинанын ичинен аткезчилик менен келе жаткан товарлар кармалган. Биз азыр ошол тергөөчүнү издеп жатабыз. Эмне болуп жабылып калган? Ошолордун бардыгын алып чыгабыз. Ачыгын эле айтып коёюн, ошол түрк авиакомпаниясынын учагы дагы деле бизге учуп, конуп жатат. Маселе бизге конуп, ал солярка куюп эле андан ары учуп кетип жатабы же конгондо тиешелүү адамдар өздөрүнүн жүгүн эч кимге бир тыйын төлөбөй, аткезчилик жолдор менен ошо самолёттон чыгарып кетип жатабы?








