Чүйдөгү кытайлыктар аралашкан мушташ боюнча 16 киши камалды

Сүрөттүн булагы, Chui Police
Чүй облусундагы кыргыз жана кытай жарандарынын мушташына байланыштуу 16 адам камалды. Бул окуя Кыргызстанда кытай жарандарынын саны тууралуу талкууларга жол ачты. Кыргыз бийлиги антикытайлык маанайды күчөтүп жиберүүчү чагымчыл билдирүүлөрдү таратуудан алыс болууга чакырды.
Чүй милициясы билдиргендей, Аламүдүн районуна караштуу Константиновка айылынын жанындагы мушташ боюнча "Бейбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголду. 15-ноябрда болгон окуя боюнча баш-аягы 44 адам тергөө иштерин жүргүзүү үчүн Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгына жеткирилип, алардын 16сы камакка алынды.
Маалыматка ылайык, “Чайна-Роуд” жана “Чжунзцы” компанияларынын айдоочулары Константиновка айылынын четиндеги карьерден кум-шагыл аралашмасын ташуу маалында жолду бөлүшө албай калып, натыйжада ортодо жаңжал чыккан.
"Жаракат алгандардын бири - 2005-жылы туулган К.А. аттуу Бишкек шаарынын тургуну - Чүй облустук ооруканасына кайрылган. Алдын ала медициналык корутундуга ылайык, жабык баш мээ травмасы, мээнин чайкалышы, желке бөлүгүндө теринин астына кан куюлуу жана жумшак ткандардын көгөрүүсү аныкталган", - деп айтылат Чүй милициясынын маалыматында.
Анын алдында коомдук сайттарда Чүйдөгү кытайлыктар аралашкан мушташ тууралуу кабарлар тарап, өлкөдө Кытайдан келген жумушчулардын саны өскөнү тууралуу талкуулар жаралган.
Бийликтин жообу
Бул окуядан кийин тышкы иштер министр Жээнбек Кулубаев "Кабар" маалымат агенттигине маек куруп, Кыргызстанда кытайлык жумушчулардын саны "мурдагы жылдарга салыштырмалуу көбүрөөк" экенин айтып, аны Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун курулушу менен байланыштырды.
"Бул долбоордо каралган иштерге Кытай жарандары дагы өздөрүнүн заманбап технологиялары менен тартылды. Өзүбүз дагы бул долбоордун алкагындагы ички темир жолдорубузду куруп жатабыз. Бирок бул ири долбоорду биз өзүбүздүн гана күч менен сала албай турганыбызды жарандарыбыз жакшы түшүнүүсү кажет", - деди Кулубаев.
Кыргызстандын башкы дипломаты кытай жарандары "Балыкчы - Барскоон" жолу сыяктуу башка долбоорлордо иштеп жатканын айтып, жарандарды антикытайлык маанайды күчөтүп жиберүүчү билдирүүлөрдөн алыс болууга чакырды.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Иштеп жаткан кытайлык жарандар эмгек визасынын негизинде иштеп жатышат. Көзөмөлсүз эле каптап кирип жаткан жери жок. Бизде визалык режим бар. Визасынын мөөнөтү бүтөрү менен чыгып кетишет. Виза мөөнөтү бүтүп чыкпагандары болсо рейддерде аныкталып, депортация болот. Аларга мыйзам жактан көйгөйлөр керек эмес", - деди министр.
Аны улай президенттин администрациясынын маалымат саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков да "Фейсбук" аркылуу билдирүү тараптып, Чүйдө “курулуш багытында келип иштеп жаткан кытай жарандары менен кыргыз жарандары уруша кетишкенин” айтып, бул окуядан кийин улут аралык кастыкты козуткан пикирлер тарап жатканын айтып, чагымчылдыкка алдырбоого үндөдү.
"Эми, адам бар жерде уруш-талаш боло берет экен, адамдын табияты ошол. Ал улутка же расага карабайт. Мисалы биздин 1,5 миллиондон ашык кыргызстандык жарандарыбыз деле башка өлкөлөрдө иштеп жүрөт, биздеги кытайлар сыяктуу. Алар деле кээде урушуп, жанжалдаша кеткен окуяларга туш болушат. Андыктан чагымчылдарга азгырылбагыла", - деди Орунбеков.
Кытай жарандары аралашкан чуулуу окуялар
Кытай Кыргызстандын эң башкы соода өнөктөшү. Өлкөдө Кытай каржылаган жана кытайлык жумушчулар тартылган инфраструктуралык долбоорлор арбын.
Соңку 10 жыл ичинде кыргыз жана кытай жарандары жаңжалдаша кеткен бир нече окуялар катталган. Мисалы 2019-жылдын август айында Солтон-Сары кенин иштеткен кытайлык компаниянын кызматкерлери менен жергиликтүү элдин ортосунда жаңжал чыгып, тараптар бири-бирине таш ыргытышкан. Күбөлөр бул жаңжалга 300дөн 500гө чейинки адам аралашканын айтышкан. Бул окуядан кийин кенде иш бир топко үзгүлтүккө учураган.
2013-жылы Өзгөндө Датка-Кемин долбоорунда иштеп жаткан кытайлык жумушчулар менен жергиликтүү тургундар мушташа кетишкен. Телефон талаштан чыккан жаңжал жергиликтүүлөрдү барымтага алуу, кафени талкалоо жана милицияга кол көтөрүү менен коштолгон.















