"№13 округда кайра шайлоо болот". БШК мыйзам бузуулар боюнча чечим чыгарды

Сүрөттүн булагы, Official
Бактыбек Сыдыков алдыга чыккан №13 округдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жараксыз деп табылды. Борбордук шайлоо комиссиясы 3-декабрдагы жыйынында №13 округдагы мыйзам бузууларды карады. Ага ылайык, бул округда эми кайра шайлоо өтүшү керек.
"Добушканада камералар орнотулган"
Жыйында белгиленгендей, Борбордук шайлоо комиссиясына №13 округдагы мыйзам бузуулар боюнча бир топ кайрылуулар келип түшкөн. Ошону менен катар коомдук тармактарда шайлоочулардын эркин тандоосуна таасир этүү, добуштарды сатып алуу жана добуш берүүнүн жашыруун тартибин бузуу фактылары тууралуу видеолор жарыяланган. Комиссия бул мыйзам бузуулар массалык жана системалык түрдө болгон деп эсептейт.
БШКнын жумушчу тобу келип түшкөн маалыматтарды иликтегенде шайлоо участкаларында видеокамералар коюлганы экендиги аныкталган. Башкача айтканда, 35 участкада талапкерлердин өкүлдөрү тарабынан мыйзамсыз түрдө камералар орнотулуп, шайлоо процесси көзөмөлдөнгөнү белгилүү болгон. БШК бул аракеттерди добуш берүүнүн купуялуулук принцибин одоно бузуу деп таап, жыйынтыктарды толугу менен жокко чыгарды.
№13 округда жалпы 94 добушкана жайгашкан.
Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, аталган шайлоо округунан талапкерлер Бактыбек Сыдыков, Айбек Алтынбеков, Айгүл Карабекова озуп чыккан.
Эки күндөн бери №13 округда талапкердин өкүлдөрү добуш берүүнүн жүрүшүн камерага тартып, шайлоочуларды көзөмөлдөгөн деген видеолор тарап жаткан. Видеого тарткандар аталган шайлоо округунан алдыга озуп чыккан Сыдыковдун кишилери экендиги тууралуу маалыматтар чыккан. Муну Сыдыков 2-декабрдагы билдирүүсүндө "каралоо" деп сыпаттаган.
"Акыркы эки-үч күндө менин дарегиме карата негизсиз каралоо аракеттери болуп жатканын баарыңыздар көрүп жатасыздар. Бул атайын уюштурулган аракеттер таза жана ачык шайлоо өткөрүүгө багытталган өлкө жетекчилигинин саясатына көлөкө түшүрүп, менин жеңишимди жокко чыгаруу максатын көздөйт. Атаандаштарыма кайрылаарым — татыктуу жеңилгенди да билүү керек. Каралоо аркылуу чыныгы атаандаштык менен жеткен жыйынтыкты жокко чыгара албайсыңар" деп жазган талапкер.
№13 округдан шайлоого 14 талапкер катышкан.
Эми бул округдан чыккан талапкерлер кайталап шайлоого катыша дагы албайт.
Аталган округга төмөнкү талапкерлер катышкан:
Сайдулла Нышанов
Талант Мамытов
Нурланбек Кенжебаев
Жаныбек Курбаналиев
Гүлназ Жээнбекова
Мунара Маматалиева
Чинара Жураева
Мейкинбек Абдалиев
Айгүл Карабекова
Айбек Саипов
Гүлназ Нурбаева
Олмаскан Султанова
Айбек Алтынбеков
Бактыбек Сыдыков.
БШК: мыйзам бузуулар иликтенип жатат
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоонун жүрүшүндөгү мыйзам бузуу фактыларын иликтеп жатканын буга чейин билдирген. Мекеменин төрагасы Тынчтык Шайназаров 2-декабрдын кечиндеги кайрылуусунда шайлоодон кийин добуш сатып алуу жана сатуу фактылары боюнча маалыматтар жана видеолор келип жатканын айткан.
"Добушун саткан жарандар, добуш сатып алган талапкерлер боюнча маалыматтар, видео фактылар келип жатат. Андай далилдер социалдык тармактарда дагы жарыяланып жатканын көрүп жатабыз. Ал видео фактылардын көпчүлүгү бизде жана ИИМде да бар. Биздин колубузга келе электерин социалдык тармактардан алып, териштирип баштадык," – деп белгиледи ал.
Шайназаров социалдык тармактарда БШКнын дарегине айтылып жаткан "Эмне уктап жатасыңар, чара көрбөйсүңөрбү?!" деген сын-пикирлерге жооп берип, комиссия бардык материалдарды кылдат карап чыгарын кошумчалады.
Ал белгилегендей, мыйзамды бузган ар бир шайлоо тилкеси, ошондой эле сөз болуп жаткан 13-округ боюнча дагы материалдар каралып, 2-3 күндүн ичинде чечим кабыл алынат.
"Биз мамлекеттин репутациясына көлөкө түшүүсүнө жол бербеш үчүн адилеттүү чечимдерди чыгарышыбыз керек. Ага чейин дүрбөлөңгө түшпөй, бизди ашыкча сындабай, шашылыш чечим чыгарбай турууга чакырам," – деп кайрылды БШК төрагасы.
Шайназаров 30-ноябрда өткөн шайлоо ачык-айкын жана мыйзам чегинде уюштурулуп, административдик ресурс колдонулбаганын, тескерисинче, мамлекеттик кызматкерлерди үгүт иштерине аралаштырбоого аракет кылышканын айтты. Ошондой эле Кыргызстанда биринчи жолу аралыктан добуш берүү системасы колдонулганын белгилеп, ар бир шайлоочунун катышуусуна кам көрүлгөнүн кошумчалаган.
Кыргызстанда 30-ноябрда мөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өттү.
Башка да округдарда мыйзам бузуулар болгону тууралуу маалыматтар жарыяланууда.
Маселен, №26 округдагы талапкер Элдар Абакиров БШКга арыз жазып, добуш сатып алуу фактысын териштирүүнү, керек болсо округдагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган.
Кыргызстанда кезексиз парламенттик шайлоонун алгачкы жыйынтыктары белгилүү болду. 30 округда кайсы үч талапкер алдыга озуп чыкканын Би-Би-Синин Кыргыз кызматынын интерактивдүү картасынан көрө аласыз.
Борбордук шайлоо комиссиясынын 1-декабрга карата берген маалыматына ылайык, мөөнөтүнөн мурда өткөн Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоодо 4 294 243 шайлоочунун ичинен 1 584 446 жаран добуш берди. Бул жалпы шайлоочулардын 36,90 пайызын түзөт.
БШК билдиргендей, 2021-жылдагы көрсөткүчтөр менен салыштырганда добуш бергендердин саны 351 873 адамга көбөйгөн. Бул 28,6 пайыздык өсүш болуп эсептелет. 2021- жылы 1 232 573 шайлоочу добуш берген.
Чет өлкөлөрдө да катышуу жогорулаганы белгиленди. Быйыл чет жакта 16 178 жаран добуш берген, бул 2021-жылга салыштырмалуу 60,7 пайызга көп. 2021-жылы чет өлкөлөрдөн 9 825 киши добуш берген.
Борбордук шайлоо комиссиясы округдук комиссиянын протоколдорунун негизинде, добуш берүү күнүнөн тарта 13 календардык күндөн кечиктирбестен (2025-жылдын 14-декабрына чейин) округ боюнча шайлоонун жыйынтыгын аныктайт, башкача айтканда, чөлкөмдөн шайланган үч депутатты белгилейт.









