АКШ Украинага таамай соккон ракеталык курал берет

Президент Байден АКШ Украинага эң соңку үлгүдөгү ракеталык системаларды берип жатканын ырастады. Бул куралды Украина көптөн бери сурап келаткан. “Нью-Йорк Таймста” чыккан макалада Байден бул жардамды алгандан кийин Украина согуш талаасында россиялык буталарга таамай сокку урат деп айтты.

Түндүк Америкадагы Би-Би-Си кабарчысы Дэвид Уиллис жиберген кабарга караганда, 700 миллион долларга Украинага берилип жаткан жаңы аскердик жардамдын арасында алыска атылуучу жана АКШ мурда бергенден дагы таамай соккон куралдар бар.

Орточо алыстыктагы ракеталык системалар 80 км чейинки аралыкта бутаны жок кылат, ал Россиянын арсеналындагы куралдардын баарынан ашып түшөт.

Украина мурда бул куралды сураганда АКШ Европада чоң конфликт чыгып кетпесин деп баш тартып келген.

Бирок президент Зеленский ракеталар Россиянын аймагына атылбайт деп ишендирип сурангандан кийин гана расмий адамдар жумшарып макул болду.

Бул ракеталык системалар Донбасстын чыгыш жагына жайгаштырылмай болду, бул жакта украин аскери оор жоготууга учурап турган убак.

"Нью-Йорк Таймстагы" макалада президент Байден АКШ Россия менен согушууга да, президент Путинди кулатууга да умтулбайт деп кайталады. (КС)