Гондураста Трамп колдогон саясатчы 1% айырма менен президент болду, добуштар жумалап саналды

Насри Асфура

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Насри Асфура

Гондурастагы президенттик шайлоонун жеңүүчүсү деп Ак үйдүн башчысы Дональд Трамп колдогон саясатчы Насри Асфура жарыяланды. Өлкөдөгү шайлоонун жыйынтыктары добуш берүүдөн бир нече жума өткөндөн кийин ачыкталды. Добуштарды саноо көптөгөн техникалык мүчүлүштүктөр жана бурмалоо айыптоолору менен коштолду.

Расмий жыйынтыктарга ылайык, консервативдик Улуттук партиянын өкүлү Асфура добуштардын 40,3 пайызын алса, анын негизги атаандашы — оңчул-борборчул Либералдык партиянын талапкери Сальвадор Насралла үчүн шайлоочулардын 39,5 пайызы добуш берген. Ошентип, алардын ортосундагы айырма бир пайызга да жеткен жок.

"Гондурас, мен башкарууга даярмын. Мен сиздердин ишеничиңиздерди актайм", — деп жазды Асфура Х социалдык тармагындагы баракчасына.

Өз кезегинде Насралла пресс-конференцияда: "Мен бул жыйынтыкты тааныбайм, анткени ал кемчиликтерге негизделген", — деп билдирди. Ошону менен бирге ал тарапташтарын сабырдуулукка чакырды: "Мен сиздерди көчөгө чыгууга чакырбайм, анткени бул жакшы жыйынтыкка алып келбейт".

Сальвадор Насралла тарапкерлери менен

Сүрөттүн булагы, EPA/Shutterstock

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сальвадор Насралла тарапкерлери менен

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио бардык тараптар расмий жыйынтыктарды сыйлашы керектигин, "Гондурастын бийлиги бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берүүнү камсыз кылышы зарыл" экенин айтты.

Узакка созулган саноо жана техникалык мүчүлүштүктөр

Гондураста президенттик шайлоо 30-ноябрда өткөн, бирок добуштарды саноо техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам эки жолу үзгүлтүккө учураган. Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Ана Паола Холл кечигүүлөр үчүн добуштарды саноо менен алектенген жеке компанияны айыптады.

Анын айтымында, экинчи мүчүлүштүк фирма БШКга эскертпестен өз аппаратурасын техникалык тейлөөдөн өткөрө баштагандыктан келип чыккан. Ага чейин шайлоонун жыйынтыктары реалдуу убакыт режиминде көрсөтүлүп жаткан портал иштебей калган. Талапкерлердин ортосундагы айырма өтө аз болгондуктан (айрым учурларда бир нече жүз добуш гана), бюллетендердин 15 пайызын кол менен саноого туура келди.

Ошол эле учурда өлкөнүн борбору Тегусигальпада учурдагы башкаруучу солчул Эркиндик жана кайра куруу партиясынын тараптарынын массалык демонстрациялары өттү. Кызматтан кетип жаткан президент Сиомара Кастро "шайлоо төңкөрүшү" тууралуу билдирип, Трампты шайлоого кийлигишүүгө айыптады. Кастро конституциялык чектөөлөрдөн улам экинчи мөөнөткө талапкерлигин коё алган эмес.

Трамп өзү Асфураны колдоп жатып, эгер бул саясатчынын жеңиши сотто талашка түшсө, андай чечим «өтө кымбатка турарын» убада кылган. Шайлоого аз калганда Трамп баңгизат соодасы үчүн АКШда түрмөдө отурган Гондурастын мурдагы президенти Хуан Орландо Эрнандести күтүүсүздөн бошотуп жиберген. Эрнандес жаңы шайланган президент Асфура сыяктуу эле Улуттук партиянын мүчөсү.

Асфура деген ким?

Reuters агенттиги белгилегендей, Асфура 1958-жылы Тегусигальпада палестиналык тектүү үй-бүлөдө туулган. Ал ар кандай шаардык органдарда иштеп, парламенттин мүчөсү жана социалдык инвестициялар министри болгон.

2013-жылы Тегусигальпанын мэри болуп шайланып, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу менен элге алынган. Ал өзүн жумушчу, карапайым адам катары көрсөтүп, дайыма джинсы шым жана жеңи түрүлгөн көйнөк кийип жүрөт.

Бирок ага каршы мамлекеттик каражатты уурдоо жана арам акчаны адалдоо боюнча иликтөө жүрүп жатат. Асфура бул айыптоолорду четке кагып, аларды "саясий себептен" улам деп атайт.

Трамп Асфураны колдоо менен Латын Америкасындагы консервативдүү лидерлердин тобун күчөтүүгө аракет кылууда. Бул топко Сальвадордун президенти Найиб Букеле жана Аргентинанын президенти Хавьер Милей кирет.