You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"Аброюбузга шек келтирүүдө". Кыргызстанда адвокаттардын тизмеси эмнеге такталууда?
Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Кыргызстанда адвокаттардын тизмесин иретке келтирүү иши аяктоо алдында турат. Бир ай мурда Юстиция министрлигинин 976 адвокаттын лицензиясы алынат деген маалыматы коомдо кызуу талкууга жем таштаган эле.
Айрымдар бул ишти туура көрүп, адвокатура институтун электен өткөрүүнүн учуру келди дешсе, айрым адвокаттар бул тизмеге жаңылыштык менен кирип калганын айтып, министрликти жана адвокатураны сындап чыккан эле.
Алардын бири Канат Асанкадыр өмүрүнүн 25 жылын адвокаттык ишке арнаганын айтат. Ал инвентаризациянын алкагында лицензиясы токтотулчулардын катарында турат.
Юрист узак жылдар адам укугун коргоп, мыйзам нормаларын бузбай иштеп келгенин айтып, кара тизмеге түшүп калганы ал үчүн күтүүсү жаңылык болгонун кошумчалады.
Айтымында, адвокатты лицензиясынан ажыратуунун үч жолу бар.
Биринчиси, эгер жактоочу соттук отурумда тартип бузса, же мыйзам чегинде каралган тиешелүү төлөмдөрдү төлөбөй койсо, лицензиясы убактылуу токтотулат.
Экинчиси, эгер адвокатка оор беренелер боюнча иш козголсо жана башка ушул сыяктуу олуттуу себептер болсо, лицензиясынан таптакыр ажыратылат.
Үчүнчүсү, адам дүйнөдөн өтүп кетсе, же кандайдыр бир ооруга чалдыгып иштөөгө жөндөмдүү болбой калса жактоочулук лицензиясы токтотулат.
Адистердин айтымында, Кыргызстанда алгачкы жолу “Адвокатура жана анын ишмердиги жөнүндө” мыйзам 2014-жылы кабыл алынган.
Ага ылайык, эгер жактоочунун ишинде кандайдыр бир мыйзам бузуулар болсо алгач эскертүү берилет, сөгүш жарыялайт, анан болбосо лицензиясынан ажыратылат.
“Менин маселем үчөөнүн бирөөнө дагы туура келбейт. Болгону 2021-жылы фамилиямды өзгөрткөм. Ошону менен реестрге кирбей калыптырмын. Тишелүү министрликке кат жолдоп, мыйзам бузуу болгонун айтып, кеткен кемчиликтерди оңдоп, менден кечирим сурагыла деп жатам”,- деди жактоочу.
Канат Асанкадыр анын аты жөнү жазылган тизме маалымдоо каражаттарына жайылып кеткенине ачууланып турган чак. Ал муну Юстиция министрлигинин жана Кыргызстандын адвокатурасынын жоопкерчиликсиз мамилеси деп эсептейт.
“Жер-суунун баарына жайылып кетти. Бизге, репутациябызга терс таасирин тийгизип жатпайбы. Буга сөзсүз чара көрүлүшү керек. Техникалык ката кетип калды деп 83 адвокатты кайра тизмеден чыгарып жатат. Ушундай дагы иш болобу? Техникалык ката деген сөз актанууга жатпайт. Булар түздөн-түз биздин аброюбузга шек келтирүүдө. Адвокаттардын арасында сотко беребиз дегендер дагы жок эмес”.
Инвентаризация эрежеси
"Коррупциялык система"
Соңку учурда сот, прокуратура жана тергөө органдарына нааразы болгондор алар туруктуу коррупциялык схеманы түзүп алганын, адвокаттар алардын ортомчусуна айланганын айтышат.
Мындай ыкма коом үчүн жаңылык эмес деген Канат Асанкадыр, адвокаттар ошондой кадамга барганга мажбур болуп жатат дейт:
“Бул илгертен бери эле бар нерсе. Адвокаттар ортомчу болуп, акча ташыбагыла деп жатат. Бирок экинчи тарап ошого мажбур кылып жатсачы? Андай болсо эки жакты тең тыйыш керек. Эки тараптын тең жоопкерчилигин күчөтүү зарыл. Антпесе система оңолбойт. Бул жерде адвокатта күнөө жок. Система ошону талап кылат. Алар прокуратура, сот жана тергөө органдары. Адвокаттар коррупциялык системанын эң төмөнкү баскычында турат”.
“Коомдун дагы аң-сезими өзгөрүшү керек”
Дагы бир жактоочу Нурбек Токтакунов тизмени караганда, дароо эле сот, прокурор болуп иштеп жаткандардын жана чиновниктердин аты-жөнү көзүнө урунганын айтты. Алар жактоочулардын тизмесинен эбак алынып салынышы керек болчу дейт.
Туруктуу коррупциялык схеманы жок кылуу үчүн бир гана адвокаттардын ишин эмес, коомдун дагы аң-сезими өзгөрүш керек дейт.
“Мыйзам иштебесе анан коррупцияга аралашат да. Мыйзам менен иштесең, көпчүлүк учурда жеңишке жетпейсиң. Кардарга жардам берүү үчүн пара бериш керек болот”.
Жактоочу Нурсултан Жаныбеков соңку учурда адвокаттардын саны көп, сапаты жок болуп бара жатат деген ойдо. Алардын ишин иретке келтирүү үчүн иргеп, бардыгын коомго жеткиликтүү кылып электрондук тизме түзүп чыгыш керек деп эсептейт.
“Жаңы технологиянын заманы. Интернетке кирип тигил же бул адвокатты издегенде анын ишмердиги тууралуу маалымат, байланыш телефондору, электрондук дареги сөзсүз турушу керек”,- деди Нурсултан.
Дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жок...
“Кемпир Абад иши” боюнча айыпталган Азимбек Бекназаров тергөө абагында отурганда анын жактоочусу Эрктин Булекбаевдин лицензиясы токтотулганын айтып, отурумда аны сот залдан чыгарып жибергенин Facebook баракчасына жазып чыккан болчу.
“Сот 2023-жылдын ноябрь айынан бери Булекбаевдин адвокаттык лицензиясын жокко чыгартуу боюнча Юстиция министрлигине кат жолдогонунун бир нече жолу айткан. Башка адвокаттарды да “коркуткан”. Булекбаевдин ордуна өзүм билемдик кылып, менден сурабай, макулдугумду албай, каршы болсом да мамлекеттик жактоочу таңуулап келген. Бул тууралуу мага таңуулаган госадвокаттар менен бир нече жолу сизге кайрылганбыз”,- деген Бекназаров юстиция министрине жазган арызында
Ошондой эле ал министрликтин мындай чечимин мыйзамсыз жана адилетсиз деп аталды.
Маалымат тууралуу Юстиция министрлигинен комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Ошол себептен Адвокаттар кеңешинин төрайымы Мейил Бегилерова кайрылдык.
“Бизге келген мындай арыздарды этика комиссиясына жиберебиз. Аны этика комиссиясы карап жатат. Алар өзүнчө орган, ишине биз кийлигише албайбыз”,- деди Мейил Бегилерова.
Буга чейин маалымдоо каражаттарында 976 адвокаттын лицензиясы токтотулду деген кабар тарап, ал коомдо кызуу талкууга кабылган эле.
Кыргызстандын Адвокатурасы инвентаризация жүргүзүлүп жатканы тууралуу Би-Би-Сиге кеңири маалымат берип, тизмеге илинип калган жактоочуларды дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.
Мейил Бегилерованын айтымында, тизменин жарыяланышы 976 адвокаттын лицензиясы токтотулду же андан ажыратылды дегендикке жатпайт.
Болгону инвентаризациянын алкагында жактоочулардын базасы иретке келтирилип жатат.
Бул иш 25-июнга чейин жүргүзүлөт жана анын жыйынтыгында гана акыркы чечим чыгарылат.
“Айрым кесиптештер лицензия алып, бирок Адвокатурага мүчөлүккө киришпептир. Бул туура эмес. Мыйзам боюнча лицензиясы бар жана бизде мүчөлүккө турган Кыргызстандын жараны гана адвокаттык ишти аркалай алат. Учурда ошонун барын тактап жатабыз. Айрымдар кандайдыр бир себептен улам базага кирбей калган. Бир ай аралыгында тактап чыгып анан чечим чыгарабыз. Учурда эч кандай чечим жок, эч кимди лицензиясынан ажыраткан жокпуз”,- деди ал.
Юрист тизмеде мурдагы чиновниктер, сотто, прокуратурада иштегендер атүгүл өтүп кеткендер бар экенин төгүндөгөн жок. Аны 2014-жылы “Адвокатура жана анын ишмердиги жөнүндө” мыйзам кабыл алынгандан бери инвентаризациянын жүрбөй келгени менен байланыштырды. Анан да тизменин ачык жарыяланышы тууралуу айтып берди.
“Ооба, бир чети тизменин ачык жарыяланганы тууралуу айрым адвокаттардын айтып жатканы туура. Бирок экинчи жагынан ошондой ачыктык менен биз аларга байланышка чыкканга мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат да. Айрымдар аты-жөнүн интернеттен окуп алып бизге келип мүчөлүккө туруп, взносторун төлөп жатат”.
Расмий маалыматка караганда, Юстиция министрлигинин тизмесинде 3759 адвокат катталган, Адвокатуранын реестрине болсо 2828 жактоочу кирген.
“Демек, ортодогу 900дөн ашуун жактоочу кандайдыр бир себептерден улам Адвокатурага мүчөлүккө кирбей калган же реестрден чыгып калган. Мыйзамга ылайык жактоочу лицензия алган соң бир ай аралыгында бизге келип мүчө болушу керек. Андан тышкары жылдык жана айлык төлөмдөрдү төлөп туруусу шарт”,- деди ал.
Эксперттердин айтымында, адвокатура институту өлкөнүн укук системасында өзгөчө орунду ээлейт. Ал жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоонун, квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүнүн жана соттордо өкүлчүлүктүн маанилүү механизми болуп саналат.
Мыйзамдуулукту жана укуктук маданиятты чыңдоодо, соттун калыс өтүүсүнө камсыздоодо жана адилеттикке жетүүдө адвокат чечүүчү ролду ойнойт.
Бирок жогорудагы келтирилген мисалдар Кыргызстанда Адвокатура институту укуктук мамлекеттин заманбап талаптарына жооп бере турган деңгээлге дале жете элек экенинен кабар берет.