You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
АКШда ажал тапкан кыргыз жараны: Полицияны токтотуп калуу мүмкүн беле?
- Author, Абдыбек Казиев & Руфат Эргешов
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Саналуу кун мурун Америкада полициянын огунан кыргызстандык айдоочу каза тапканы тууралуу кабар желдей тарады. Учурда анын сөөгүн күтүп жатышканын маркумдун жакындары Би-Би-Сиге айтып берди.
Алар окуянын чоо-жайы боюнча толук кандуу кабарлары жок экенин, маалымат топтоп жатышканын айтууда. Бирок, алдын ала алган маалыматтары боюнча окуяга тиешеси бар делген кыргызстандык эки жарандын аракеттери окуянын кандуу аякташына себептердин бири болду деп жатышат.
Ошондон улам алардын жоопкерчилигин талап кыларын, керек болсо аларды Кыргызстанга алдырып келүүнү бийликтен суранаарын билдиришти.
Окуяга тиешеси бар дегендердин бири маркум соңку ирет иштеген фирманын ээси Адилет Муратбеков. Ал коомдук сайттагы баракчасына маркумга колунан келишинче жакшы мамиле кылганын, анын соңку күндөрдөгү аракети ага такыр түшүнүксүз болуп калганын жазган.
Би-Би-Си Адилет Муратбековдун өзү менен байланышканда окуянын чоо-жайын кенен айтып берди. Анын маалыматы маркумдун бир туугандарыныкынан айырмаланат.
Бул кандуу окуянын видеосу 5-6-октябрь күндөрү интерентке желдей тарады. Бир эле Кыргызстанда эмес, бул тууралуу Американын басылмалары да жазып, жарыялап жатышат.
Би-Би-Си маркумдун бир туугандары менен жолуккан учурда алар нес болуп, оор абалда турушканын, андан бери бир нече күн өтсө дагы суук кабарды ата-энесине угузуша электегин айтууда.
Себеби, ата-энеси ооруп, дарыланып жаткандыктан дарыгерлер бул кабарды угузбай тургула деп эскерткенин билдиришти. Арга жок зарыл учурда тез жардамдын көзөмөлүндө угузабыз деп кошумчалашты.
Көз жумган айдоочунун агалары бул кейиштүү окуяга Америкадагы эки кыргызстандыктын тиешеси бар, алар полицияга туура эмес маалымат жөнөтүп, куралдуу киши деп чакырык бербеши керек эле деп жатышат. Алдын ала топтолгон маалыматына жана видеолоруна таянып алар муну далилдей алабыз деген ойдо.
Бирок, бир туугандар шек санап жаткан Адилет Муратбеков маркум айдоочу менен кечээ жакында эле тааныштары аркылуу мамиле түзүп, кызматташып жатканын, сый мамиледе болушканын, ал тургай коноктору менен чогуу сый да көрүп кеткнин билдирген.
Бирок, ал маркумдун акыркы күндөрдөгү жүрүм-туруму такыр түшүнүксүз болгонун Би-Би-Сиге да айтып берди. Ал тургай полицияга кайрылган күндө да ага эч доосу жок экенин, тек гана чиркегичин таап берүүнү суранганын айтууда.
Негизи эле чырдын чыгышына аласа-бересе себеп болгону да айтылууда. Бул маалымат чындыкка туура келеби, болсо канча сумма тууралуу сөз болуп жатканын сураганыбызда маркумдун жакындары сумаа тууралуу так билбей турганын айтышты.
Адилет Mуратбеков болсо алардын ортосунда эч кандай аласа-бересе болбогонун, 3000 доллар деген сөз башка фирмага байланыштуу сөз деди.
Каза тапкан Нургазы Мамыров бир нече жыл мурун дагы башка бир тууганынын (ортончу агасы) чакыруусу менен Америкага барып, иштеп трак сатып алыптыр. Адилет Муратбековдун чиркегичин (прицеп) ижарага алып пайдаланып жүргөн экен.
Би-Би-Си Кыргызстандын АКШдагы элчиси Бакыт Аманбаевге дагы байланышып, бул окуя боюнча элчилик кандай аракет көрүп жатканын сурады. Чырлуу окуянын чоо-жайын видеодон көрүңүз.