You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Аскар Акаев: Сагынганда жашыганымды жашырбайм
Кыргызстандын бозгунда жүргөн президенти Аскар Акаевдин кайрылып келиши кызуу талкууларга жем таштады. Ал президент Садыр Жапаров менен жолукканын өзү да ырастады. Ошондой эле Кумтөр боюнча УКМКга сурак дагы берип чыкты. А. Акаев 2005-жылдан бери биринчи ирет Кыргызстанга келди. Ал Кеминге барып, көзү өткөн тууган-уругуна куран окутуп, жакынкы күндөрү Москвага кетээри маалым болду.
Акаев кантип келип калды деп түрдүү жоромолдор айтылууда. Айрымдар ал өз алдынча эле келди десе, дагы бирлери атайын кызмат Москвадан Бишкекке жеткирди деп жатышат. Мурдагы президент Аскар Акаев Би-Би-Сиге 2019-жылы берген маегинде Кумтөр маселеси, Кыргызстанга кайтуу шарттары тууралуу кеңири ой бөлүшкөн эле. Маектин ошол бөлүгүн алгачкы ирет жарыялайбыз. Толугу менен YouTube каналыбыздан көрүңүз.