"Коргоочу каражат сактайт, мага ишенгиле". Бир да кызматкерине вирус жукпаган инфекционисттин маеги

Орусиянын медкызматкерлери
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Орусиянын медкызматкерлери
    • Author, Азиза Марат кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Коронавирусту жеңсе болот. Шарты барлар үйдөн чыкпаш керек, аралыкты кармап, беткап кийиш керек. Өз алдынча эмес, дарыгердин көрсөтмөсү менен дарыланыш керек. Жеке коргоочу каражаттар чынында өмүрдү сактайт. Бул тууралуу орусиялык инфекционист Фатима Хагущ айтты.

Ленинград облусундагы Всеволожск райондор аралык клиникасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысы Хагущ иштеген жерде пандемиянын башынан бери бир да медкызматкер коронавирусту жуктурган жок.

Орусияда азыр эпидемиологиялык абал жакшырып баратат. Би-Би-Си дарыгер менен маек куруп, адегенде өзү тууралуу сурады.

Фатима Хагущ: Мен жугуштуу оорулар бөлүмүндөгү бейтаптарга, анын ичинде коронавирус менен ооругандарга жардам берген дарыгермин. Биздин бөлүмдө балдар үчүн 20, чоңдор үчүн 20 орун бар. Пандемияга байланыштуу министрликтин буйругу менен кошумча 100 орундук ачканбыз. Аларга биздин бөлүм гана эмес, ооруканадагы бардык дарыгерлер - реаниматологдор, терапевттер, хирургдар чукул кайра окутуулардан өтүп, жардам беришти.

Би-Би-Си: Бейтаптардын айыгып кетүү пайызы кандай болду?

Фатима Хагущ: Тастыкталган коронавирустан каза болгондордун көрсөткүчү жогору болгон жок. Мурдагыга караганда келген бейтаптардын саны эселеп өскөн үчүн кайтыш болгондор да мурдагыга салыштырмалуу көбүрөөк катталат. Бирок Италиядагы, Европанын башка өлкөлөрү менен Азиядагы айрым мамлекеттердегидей жоготуу болгон жок. Орусия бул илдетке Европага салыштырмалуу кеч кабылганы бизге пайда болду. Ал жактагы кесиптештерибиздин тажрыйбаларын колдонуп, бул оору менен алда канча натыйжалуу, ийгиликтүү күрөшүүгө мүмкүн болду.

Би-Би-Си: Сиздин ооруканаңыздагы дарылоо жолу тууралуу айтып бересизби, ал клиникалык жобого жараша Орусия боюнча бирдей болсо керек.

Фатима Хагущ: Ооба, бирдей. Клиникалык сунуштар боюнча биздин Саламаттык сактоо министрлигинин жумушун өзгөчө белгилеш керек. Сунуштар пандемия учурунда тез тез чыгып турду. Бул улам келген маалыматтарга жараша абал бат, ыкчам анализделип жатты дегенди билдирет. Чогулган маалыматтар дароо клиникалык жоболорго таасир этип жатты.

Бешинчи, алтынчы, жетинчи болуп клиникалык жобо улам чыгып турду. Мисалы, эң башында сунушталган дарыларды токтоткон учурлар болду. Кайра башкалары кошулуп жатты.

Абал курчугунда Орусияда ыктыярчылар жардамга келди

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Абал курчугунда Орусияда ыктыярчылар жардамга келди

Оперативдүү штаб түзүлдү. Анын практик дарыгерлерге жардамы жакшы тийди деп ойлойм. Алар менен такай байланышта болдук. Дем алуусу оор, кош бойлуу аялдар же балдар түшкөндө штаб менен байланышып, алдыңкы илимпоздордон, профессорлордон так сунуштарды алып турдук.

Мунун баары тездик менен жүрүп, тез өзгөрүп жатты. Ушул бизге ийгилик алып келди деп эсептейм. Эпидемия Орусия үчүн өтө оор болгон жок.

Би-Би-Си: Сиздерде эпидемиянын мизи кайтып жатабы?

Фатима Хагущ: Албетте, бейтаптар дагы деле бар. Бир-эки айда жок болуп кеткен жугуштуу оору болбойт. Инфекциялык илдет жада калса жарым жылда да жоголбойт. Бирок азыр жамааттык иммунитет калыптанып жатат. Ооруп жакшы болгондордун саны жогорулап жатат. Коронавирус диагнозу коюлгандардын саны кыскарып жатат. Бизге кайрылгандар кеминде 30 пайызга азайды. Бирок мурдагыдай жумуш агымына кайта элекпиз, дагы деле кошумча орундуктар менен иштеп жатабыз. Бирок келгендердин, өзгөчө оор абалдагылардын саны алда канча кыскарды.

Эки-үч күн мурда Орусия боюнча жаңы тастыкталгандардын саны болжолдуу 1000, Ленинград облусу боюнча 200дөн ашык болду. Мурдагыга салыштырмалуу азайып жатат. Абал курч учурда күндө бир нече миңдеп чыкчу. Бирок мен өзүмдүн аймагым тууралуу гана айта алам. Орусиянын ар жеринде абал ар кандай болушу мүмкүн.

Би-Би-Си: Ар бир бейтап өзүнчө жеке дарыланат, ошентсе да, дарылоо ыкмаңыздар жалпысынан кандай?

Фатима Хагущ: Ар бир учур жеке мүнөзгө ээ. Анткени бейтаптын вируска кабылганга чейинки оорусу, мурда ооруп жакшы болгон илдеттери, абалы ар башка. Адамдын салмагынан тарта канындагы шекерге, кан басымына чейин маанилүү. Бирок албетте улам тажрыйба аркылуу тастыкталып жаткан көпчүлүккө тиешелүү көрүнүштөр бар. Кант диабети, кан басымдын жогору болушу, ашыкча салмак бул илдетти оорлоштуруп жатат. Адамдын жашы роль ойнойт, жашы канчалык улуу болсо, ошончолук коронавирусту оор өткөрүп жатты.

Дарылар тууралуу айта албайм, бул медициналык билими жок адамдардын өз алдынча колдонуусуна алып келиши мүмкүн. Бизге так бир дары сунушталбайт. Дарылардын тобун сунушташат. Анын ичинен бейтаптын абалына, мурдагы ооруларына, алган дарыларына жараша тандап беребиз.

Орусия орундуктар, медкызматкерлер тартыш болгон оор учурдан өтүп баратат

Сүрөттүн булагы, SERGEI BOBYLEV/TASS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Орусия орундуктар, медкызматкерлер тартыш болгон оор учурдан өтүп баратат

Мисалы, коронавирустун өтүшүп кеткен түрү пневмонияга антибактериялдык дарыларды беребиз. Вируска каршы препараттар да сөзсүз керек. Ал дагы бизге тобу менен сунушталат, так кайсынысын берерибизди өзүбүз чечебиз.

Андан сырткары дарыгерлер баарыбыз вакцинанын чыгышын күтүп отурабыз.

Би-Би-Си: Демек, пневмония коронавирустун өтүшүп кеткендеги абалы экен да?

Фатима Хагущ: Албетте, пневмония өтүшкөн түрү.

Бизде диагноз кандай коюлуп жатат... Коронавирусту аныктоодо вирусту жуктургандар менен байланышта болду беле, вирустун очогунда болдубу же бейтап вирусту жуктуруп алуунун дагы кандай коркунучтарына кептелгенин аныктайбыз. Чындыгында коронавирус көп учурда пневмонияга алып келип жатат. Коронавирус ошондой эле сасык тумоо сыяктуу да өтөт.

Эпидемиологиялык босого деген түшүнүк бар. Мисалы, элдин көбү сасык тумоо болуп жатканда лабораториялык анализ же башка изилдөөлөрсүз эле бейтапка сасык тумоо деген диагноз коёсуң. Пневмония болгондун баары коронавирустан деп айта албайбыз. Бирок коронавирус пандемия деп жарыялангандыктан, бейтап үйдө отурган эмес болсо, ар ким менен байланышса, биз коронавируска шектей алабыз. Анализ, клиникалык белгилер, эпидемиологиялык анамнез аркылуу акыркы диагноз коюлат.

Би-Би-Си: Кан суюлтуучу дарыларды качан бере баштадыңар?

Фатима Хагущ: Ал башынан бери эле бар. Коронавирустук эмес, жалпы эле пневмонияны дарылоодо буга чейин деле кан суюлтуучу дарылар колдонулчу.

Би-Би-Си: Орусияда пневмония канчалык көбөйдү?

Фатима Хагущ: Азыр вирус азая баштады. Бирок курч болуп жаткан учурда көбүнчө пневмонияга өтүшүп кетет. Басымдуусунда эки тараптуу пневмония, тунук эмес айнек (матовое стекло) белгилери болот. Бизге келген пневмония менен ооругандарга коронавируска шектүү, бирок коронавируска текшерилиш керек деген диагноз коюлат.

Июндагы орто эсеп боюнча Орусияда коронавирустан каза болгондордун көрсөткүчү 1,39% болсо, дүйнөдө 5% тегереги болчу.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Июндагы орто эсеп боюнча Орусияда коронавирустан каза болгондордун көрсөткүчү 1,39% болсо, дүйнөдө 5% тегереги болчу.

Би-Би-Си: Акыркы клиникалык жобоңуздарга кандай өзгөртүүлөр кирди?

Фатима Хагущ: Акыркы клиникалык жободо алдын алуу тууралуу жаңы сунуштар киргизилди. Мурдагы жоболордо алдын алуунун негизги жолу катары коргонуучу каражаттарды кийүү, беткап тагынуу, обочолонуу болчу. Азыркысында вирус жуктургандар менен байланышта болгондор эмне кылыш керек, вирустун очогунда иштегендер кандай алдын алса болоору өзгөчө белгиленди.

Дарыларды айта албайм. Мени уккан адамдарга эч качан өз алдынча дарыланбагыла деп айтаар элем. Муну баса белгилегим келет. Бизде бейтаптардын саламаттык сактоого ишеними бар. Балким ошондуктан илдетти жеңүү жеңил болуп жатат.

Би-Би-Си: Маегибиздин аягында биздин окурмандарыбызга эмне сунуштайт элеңиз.

Фатима Хагущ: Биз орундуктар, медкызматкерлер жетишпеген, күн сайын бейтаптардын саны артып турган учурдан өттүк. Орусия вируска кабылган биринчи өлкө болбогону артыкчылык экенин айтпадымбы, чек аралар учурунда жабылды ж.б. Башкалар чогулткан тажрыйбаны колдонууга силердин өлкөңөрдүн азыр баардык мүмкүнчүлүгү бар.

Ал эми жарандар тууралуу айтсак, шартыңыз болсо үйдөн чыкпаңыз. Бул чындыгында өмүрлөрдү сактайт. Жумушка чыгыш керек болсо беткап, колкап тагынгыла, эл көп жерден качкыла, андай жерде дем алуу органдарыңарды коргогула.

Бөлүмүндө бир да кызматкер вирусту жуктурбаган дарыгердин сөзүн ишенгиле. Коргоочу каражаттар оорудан сактай турганына чын дилимден ишендиргим келип жатат. Беткап, колкап, коргоочу костюм, бетке тагынган экран - баары коргойт. Биздин бөлүм жугуштуу илдеттер бөлүмү. Кызматкерлер жеке коргоочу каражаттарды, костюмдарды туура кийип, чечишет. Ленинград облусунда, Санкт-Петербургда коронавирус менен биринчи бейтап пайда болгондо биздин оорукана кабыл алды. Ошондон бери бир да медкызматкер ооруган жок.

Оорунун биринчи белгилери пайда болгондо дарыгерге кайрылгыла. Эч качан өз алдынча дарыланбагыла.

Бул ооруну жеңсе болот. Баары жакшы болот жана чынында ушундай, бул жөн эле сөз эмес. Жашап кетүү үчүн, тирүү калуу үчүн биригиш керек болгон өзгөчө учурда жашап жатабыз. Ага бардык эле муундар туш болгон эмес. Баарыбыз биригип бул илдетти жеңүүгө дарыгерлерге, мамлекетке жардам берели, ал үчүн үйдөн чыкпай отуруу гана керек.