Covid-19: министр ооруп калды, ыктыярчылар онлайн платформа түздү

Сүрөттүн булагы, Official
- Author, Азиза Марат кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Кыргызстанда эпидемиологиялык абал оор бойдон калууда. Бир суткада жоготуу 46 кишини түздү. Өлкө башчысы элге кайрылуу жасап, кемчиликтер аз эместигин мойнуна алды. Ал тапта жарандар өзүнө өзү жардам берүү аракетин улантууда.
Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде өлкө боюнча 70 бейтап айыгып, ооруканадан чыкты.
Жаңы 361 учур катталып, расмий маалыматка ылайык, коронавирустан 4, пневмониядан 42 киши каза болду. Ал эми жаңы чыккан учурлардын көбү мурдагыдай эле, Бишкек менен Чүйдө. Жалпы сан өлкө боюнча 8847ге жетти.
Медкызматкерлер вируска көп чалдыгууда
Акыркы суткада тастыкталгандардын 83ү медкызматкерлер, акыркы суткада 10 медкызматкер айыгып чыкты. Өлкөгө илдет келгенден бери бул медкызматкерлер арасынан вирус эң көп тастыкталган күн. Саламаттык сактоо министри менен орун басары да ооруп калды. Кыргызстан ооругандардын арасында медкызматкерлер вирусту эн көп жуктурган өлкөлөрдүн катарын толуктап жатат.
Айыккандары жумушуна кайтууда. Ошентсе да бейтаптарды дарылаганда кол жетишпей жатат. Өкмөт башчы дарыгерлерге мурдагыдай 49 миң эмес, 72 миң сомдон убада кылып, эргүүдөгү жана иштебей жүргөн дарыгерлерди чакырган эле.

Сүрөттүн булагы, Screenshot
"Алар канча экенин айта албайбыз. Бирок мобилизациялоо аракети башталды. Канча адам келип иштеп беребиз десе, баарын ишин менен камсыз кылабыз", - деди Саламаттык сактоо министрлигинин башкармалык башчысы Айнура Акматова.
Министрлик көңүлдү көтөрүүгө чакырды
Акматова расмий брифинг учурунда жарандарды көп суу ичүүгө чакырды. Коркпой, маанайды жакшы кармоо аракети оору менен күрөшүүнү жеңилдетээрин белгиледи.
"Коркуу абалы адамдын организминде кортизол аттуу гормонду иштеп чыгат. Ал углеводдук алмашууну токтотуп, иммунитеттин түшүшүнө алып келет. Интернеттеги ар кандай рецептер, "Дексаметазон" жана биринчи учурда ар кандай антибиотиктер менен дарыланбагыла деп чакырып кетем", - деди министрлик өкүлү.
Ал ооругандар күнүнө үч литрге чейин суу ичиш керектигин айткан.
Мындай абал канчага чейин созулаарына көпчүлүк баш катырып турган кез. Кырдаал ар өлкөдө ар кандай болду.
Министрликтин өкүлү эл аралык эксперттердин пикирине таянды.

Сүрөттүн булагы, Official
"Эл аралык уюмдар менен эксперттердин кыска мөөнөттүү изилдөөлөрүнүн жыйынтыгына болсо да таянсак, алар жер шаарындагы калктын 60 пайызы ооруп чыгып, жамааттык иммунитет пайда болмоюнча бул илдет эки жылга чейин созулат деген пикирде", - деди Акматова.
Ыктыярчылар электрондук платформа түздү
Ал тапта жарандар ким колунан келген жардамын көрсөтүүнү улантууда. Айрым топтор дары-дармек тапса, башкалары тамак-аш уюштуруп, дагы кими жабдыктарды жасоо, орнотуу, ага акча чогултуу менен алек.
Бүгүн ыктыярчы топтор өз ара байланыш түзүп, жумушту координациялап жатканы белгилүү болду. "Бирге" аттуу ыктыярчылар штабынын өкүлү Эльдар Шабданов кайсы жерге кандай жардам керектигин билүү үчүн атайын электрондук платформа түзүлгөнүн айтты:
"Биз birge.pro деген платформаны тааныштырабыз жана ага аткаруучу ыктыярчыларды издейбиз. Ал кандай иштейт? Мисалы, "Гансиден" электр адиси керек деп жазган. Ким жазганы, кандай, кимге жардам керек экени турат. Ал иш бүтсө, аткарылды деп белгиленип калат. Бул иш жасалыптыр. Лебединовка айылындагы бейтапканага беткап керек деп жазышыптыр, бул аткарыла элек экен. Ким мен жасайм десе, анын аты-жөнү, телефон номери жазылып калат. Бул платформанын максаты болушунча көп адамды камтуу, көп ишти бүтүрүү".
Илдет аймактарда да көбөйүүдө. Эң төмөн көрсөткүчү бар Талас облусу өзүн эки аптага жапты. Ысык-Көл району убактылуу жабылды. Аймактарда да демилгечи топтор биригип жергиликтүү бейтапканаларга каражат чогултуп жатышат. Бүгүн Ош облусундагы Куршаб айлынын дарыгерлери эч кандай каражат жок экенин айтып, видео кайрылуу чыгарышкан.

Сүрөттүн булагы, President.kg
Ошол эле учурда ыктыярчылар жардам бейтаптар менен катардагы дарыгерлерге жетпей жатканын айта баштады.
Президент элге кайрылды
Ал арада президент Сооронбай Жээнбеков эпидемиологиялык абалга байланыштуу элге кайрылуу жасады. Бул кырдаалдын чечилиши Коопсуздук кеңешинин жана жеке менин көзөмөлүмдө деди. Ал ошондой эле мындай учурда бийликке талаптын күчөшү табигый көрүнүш экенин жана бардык мамлекеттерде ошондой болуп жатканын белгиледи:
"Бизде да элдин талабы, кайсы бир маселелер боюнча нааразылыгы ачык айтылууда. Баарын көрүп, түшүнүп турам. Кемчиликтер аз эмес. Мен да сиздердей болуп, алардын тез чечилишин каалайм. Бул 30 жылдан бери топтолгон маселелер деп актанып отурууга, күнөөлүүнү издегенге азыр убакыт жок. Ошондуктан тынбай иштеп жатабыз".
Президент чет жерден келген акча каражаттар көзөмөлдө экенин, максатсыз колдонулбай турганын белгиледи.








