"Кырк чоро" кыргыз феминисттерине каршы

Аялдардын 8-март майрамына карата Бишкекте феминисттер маршка чыгышып, ага каршы ашынган улутчул "Кырк чоро" коомдук бирикмеси жүрүш жасайт.

Кырк чоролор феминисттер маршына гейлердин укугун коргоочу "Лабрис" уюмунун өкүлдөрүнүн катышуусуна нааразы.

Саясий дата

"Бишкек Феминисттик Демилгелери" уюму 8-мартты саясий дата деп атап, быйыл майрамды "аялдардын коопсуздугу" урааны алдында белгилегени жатат.

"Коопсуздук 24\7 365" чакырыгы менен эртең феминисттер саат 10.00дө борбордогу "Россия" кинотеатрынын алдына чогулушуп, андан соң Уркуя Салиеванын эстелигин көздөй жылышат.

"Кырк чоролор эртеңки иш-чарабыз тууралуу билишет, алар балким маршты токтотуу же тоскоолдук кылууга аракеттер кылып аткандыр. Бирок биз маршты баары бир өткөрөбүз. Маршка айрымдар балдары менен келет, ошону эске алып ойлонушса, провокация кылбай, тынч өткөзгөнгө тоскоол болбосо, жакшы болот эле", -деди Би-Би-Си иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Гүлайым Айылчы.

Маршта феминисттер аялдардын саясатка катышуу, сексуалдык жана репродуктивдик укуктары тууралуу маселе козгошот. Аялдарга карата болгон сексуалдык зомбулук, кыз уурдоо, аялдарды сатуу жана сексуалдык багыты башка адамдарга карата мамиле укуктук талаанын сыртында калууда дешет, алар.

"Кырк чоро" маршка каршы

"Кырк чоро" коомдук бирикмесинин жетекчиси Замирбек Көчөрбаев алар бүгүн Бишкек шаардык мэриясына маалым кат таштап, эртең өтө турган феминистттер маршын токтотууга аракет кылышарын билдирди:

"Аялдардын же жабыр тарткандардын укугун коргоп чыгышат дегенге мен ишенбейм. Булар ошол нерселерди жамынып, башка максаттарына жетиш үчүн жасап атышат. Бүгүн ушундай нерселерге көңүл кош кылып кое турган болсок, булардын түпкү максаты барып отуруп чоң гей параддарга айланып кетиши мүмкүн".

Кырк чоролор феминисттер маршына гейлердин укугун коргоочу "Лабрис" уюмунун өкүлдөрүнүн катышуусуна каршы болууда. Андыктан 8-мартта алар Ала-Тоо аянтында тынчтык митингине чыгышат.

Феминисттер быйыл марш уюштурууда шаар бийликтери тарабынан да бир катар чектөөлөрдү киргизүү аракети болгонун айтып жатышат. Алалы, Бишкек ШИИБ алгач жүрүштүн багытын өзгөртүп, айрым уюмдардын маршка катышуусуна каршы маанайын билдиришкен.

8-Марттын тарыхый таржымалы

8-Мартты Аялдардын күнү катары белгилөөнүн учугу XIX-кылымдын ортосуна туура келет. 1957-жылы 8-мартта Нью-Йорктогу тигүү фабрикаларында иштеген аялдар өз укуктарын коргоо үчүн манифестацияга чыгышкан.

XX-кылымдын башында аялдар кыймылы Орусияда жана Европа өлкөлөрүндө күч алган. 1910-жылы Клара Цеткиндин демилгеси менен социалист аялдардын 2-Эл аралык конференциясы Копенгаген шаарында өтүп, аялдарды өз укуктары үчүн күрөшүүгө чакырган.

Аял азаттыгы жана эркиндиги үчүн күрөш кыймылынын саясий маңызы 1917-жылдагы социалисттердин революциясынан кийин өзүнөн-өзү баштапкы маанисинен ажыраган. Бара-бара Аялдардын Эл аралык күнү, жаз майрамы, аялдарды сүйүү майрамына айланган. (EKa)