You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Антониу Гутерриш: Гендердик теңчилик – эң оболу бийлик маселеси
- Author, Кубатбек Чекиров
- Role, Би-Би-Си кыргыз кызматынын редактору, Бишкек
БУУнун Башкы Катчысы Антониу Гутерриш аялдардын эл аралык 8-март майрамынын алдында эркектер менен аялдардын теңчилиги сакталган коомду курууга чакырды. Баш катчы БУУнун өзүндөгү реформалардын башкы максаттарынын бири дагы гендердик теңчиликке жетүү экенин билдирди. Мамлекеттик башкаруу органдарында гендердик теңчилик сакталбай жатканы Кыргызстанда да көтөрүлүп жаткан маселе.
Мамлекеттик башкаруу органдарындагы гендердик теңчилик - 8-март эл аралык майрамынын алдындагы кайрылуу сөзүндө БУУнун баш катчысы козгогон башкы маселе болуп калды.
"Биз эркектер үстөмдүк кылган дүйнөдө жашайбыз. Бул өкмөттөр, мамлекеттик органдар, жеке менчик жана БУУга окшогон эл аралык уюмдарга да тийиштүү",-деди Гутерриш БУУнун видео кайрылуусунда.
БУУнун Баш катчысы гендердик теңчиликтин башкы мүдөөсү бийлик маселеси экенин айтып жатат. Ушуга байланыштуу баш катчы БУУнун өзүндөгү реформалардын башкы максаттарынын бири гендердик теңчиликке жетүү экенин билдирди.
"Биздин милдет БУУдагы теңчиликти бардык деңгээлде камсыз кылууга жетишүү",-деп баса белгиледи Антониу Гутерриш.
Кыргызстанга келсек, мамлекеттик башкаруу системасында гендерик теңчиликтин бүгүнкү деңгээлине майрамдын алдында дагы сын пикирлер айтылбай койгон жок. Ырас, Жогорку Сот жана Башкы прокуратураны соңку жылдары айымдар гана башкарып келатат. Ѳкмөттө -төрт вице-премьердин бирөө аял, 16 тармактык министрдин ичинде экөө гана.
Жогорку Кеңеште депутаттардын үчтөн бири айымдар болууга тийиш эле, бирок иш жүзүндө 120 депутаттын он тогузу гана, башкача айтканда алтыдан бирин түзөт.
Шайлоо өнөктүгү учурундагы тизме боюнча ар бир үчүнчү позицияда айымдар турат. Бирок шайлоо бүтүп мандат бөлүштүрө келгенде эле эркектер басымдуу болуп калууда. Мисалы, азыркы учурда Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата-журт" фракциясында 28 депутаттык орундун бешөө гана айымдарга берилген, ал эми "Ѳнүгүү-Поргресст" бир эле орун болсо, "Бир Бол" жана "Кыргызстан" фракцияларында бир да айым жок.
Аялдардын социалдык көрөгөчтүгү бар
"Аялдар көп болсо, мамлекетте социалдык маселелер оңой чечилип калат экен. Мисалы, Норвегия, Финляндия сыяктуу өнүккөн өлкөлөрдү карап көрсөңөр, парламентте жарымынан көбү аялдар. Аялдардын ушундай касиети, социалдык көрөгөчтүгү бар. Биз дагы шайлоо кодексине ар бир экинчи депутат аял болуш керек деп аракет жасашыбыз керек. Бирок биздин доордо саясий чөйрө даяр болушу керек. Мына ошон үчүн биздин өлкөдө коомдук-саясий мамиле ошого даяр болбой жатат. Аялдар ошон үчүн аз болуп жатат Жогорку Кеңеште",-дейт аналитик Бакыт Бакетаев.
Кыргызстанда 2005-жылы болгон революциядан кийин Жогорку Кеңеште бир да айым жок, негизинен жалаң эркектер шайланган учур да болгон. Ошол убакта аялдардын эл аралык жыйындарына чакыруу келгенде эркек депутат барып келчү.
Ошондуктан кийинки жылдары партиялык тизме менен шайлоону киргизип жатканда атайын ар бир үчүнчү позицияда айым болсун деп шайлоо мыйзамына киргизилген. Эми ушундай эле норманын айылдык кеңештерге да киргизүү сунушу көтөрүлүп баштады. Анткени учурда жергиликтүү кеңештердин курамында айымдардын катышы он пайыздан ашпайт.
"Аялдар башкарган жерде тартип да бекем"
Майрам алдында жергиликтүү кеңештердеги аялдардын жүздөн ашуун алдыңкы өкүлү Бишкекке Жогорку Кеңешке чогулуп жыйын куруп, ушундай сунуштарын айтышты. Аялдардын Жогорку Кеңеште жана жергиликтүү кеңеште көбүрөөк болгону биринчи кезекте социалдык маселелердин чечилишине өбөлгө болот деген пикир көп айтылды. Ошол эле учурда аялдар бар жерде тартип да бекем болот, -дейт Түп районундагы Сары-Булак айылдык кеңешинин төрайымы Шаймолдоева Роза парламент телекөрсөтүүсүндө сүйлөгөн сөзүндө.
"Аймактарда көтөрүлгөн маселелердин чындыгы жана чечилиши өзгөрөт го деп ойлойм. Аял жолдоштордун маселелерди так жана туура чечкенге көз карашы жогору. Мисалы, төрайымы аял болсо, ошол айылдык кеңештин сессиялары өз убагында өтөт. Ал эми эркек жолдоштор бизди кечирип коюшсун, төрагалар өздөрү жыйынга келбей койгон учурлар болот. Сессияда телефон аркылуу сүйлөшкөн учурлар да болуп калып атат. Аял жолдоштор эч убакта буга жол беришпейт",-дейт Шаймолдоева Роза.
Ырас, шайлоодо аялдарга квота берүү - коомчулукта бирдиктүү көз караш жок. Аялдар бардык тармакта эркектер менен тең келатат, эмне үчүн парламенттин, жергиликтүү кеңештердин курамында аялдардга квота бериш керек деген каршылык маанай да жок эмес.