Венгрияда мигранттарды кабыл алуу маселеси боюнча референдум өттү

Сүрөттүн булагы, Reuters
Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан: “Референдумдун жыйынтыгы Европа Биримдиктеги өлкөлөр арасында мигранттардын квотасын күчкө салып бөлүштүргөндөрдүн жеңиши”,- деп атады.
Добуш бергендердин 98 пайызы ЕБ уюмга мүчө мамлекттерге жалпы 160 миң мигрантты, анын 1294 кишисин Венгрияга бөлүштүрүүгө каршы добуш беришкен. Булардын баары Сирия, Ирак жана Жакынкы Чыгыш мененТүндүк Африкалык качкындар. Муну менен катар жалпы элдик добуш берүүгө катышкандардын саны талап кылынган эң төмөнкү чеккке да жетпей калды. Төмөнкү чек шайлоого жашы жеткендердин 50 пайызы деп эсептелет. Референдумга болсо 43 пайыз шайлоочу келген.
Бул көсөткүч референдумдун жыйынтыгы жараксыз деп жарыялоого оппозицияга негиз берди. Оппозиция лидери Ференца Дьюрчаня: "Добуш берүүчүлөрдүн аз санда катышуусу - көп жарандар өкмөткө ишенбейт дегенди түшүндүрүп, алардын өкмөттү колдобой тургандыгын билдирет. Бул албетте жакшы. Миграция көйгөйү Венгриянын чек араларын да кесип өттү",- деди.
Бирок премьер-министр добуш берүүнүн жыйынтыгын мыйзамдуулук жана саясий көз караш жагынан ар тараптуу деп атады. Орбан ЕБнин лидердлерин өткөн референдумга көңүл бурууга чакырып, бул добуш берүүнүн жыйынтыктары милдеттүү аткарылышы үчүн өлкөнүн Баш мыйзамына өзгөртүү киргизе тургандыгын эскертти.
Борбордук шайлоо коммиссиясынын билдиргени боюнча референдум болгон жок деп эсептелиши мүмкүн. Бул боюнча чечим добуштарды 100 пайыз эсептеп чыккандан кийин белгилүү болот.

Венгриядагы "Political Capital" көз карандысыз изилдөө институтунун болжолу боюнча иш жүзүндө референдумга катышкандар 45 пайыздан ашкан эмес. Катышкандардын саны 8,3 миллионго жеткен. Миграция күчөп турган шартта Германия жана Европанын башка мамлекеттерине агылгандардын эң негизги транзити Венгрия болуп калган.
Мигранттардын агымын токтотуу максатында өлкөнүн бийлиги Сербия жана Хорватия менен чек араны жапкан. Өлкө калкынын көпчүлүгү бул кадамды колдогону менен укук коргоочу уюмдар бийликтин мындай аракетин катуу сынга алышкан.

Сүрөттүн булагы,
Референдумда: "Силер, Европа бириимдиги Венгриянын жарандыгы жокторду Улуттук парламентттин макулдугу жок эле Венгрияга жайгаштыруу укугуна ээ болушун каалайт белеңер? " деген суроону коюшкан.
Бул өлкө өткөн жылдын декабрында Еврокомиссиянын качкындар боюнча милдетүү квотасына каршы чыгып, сотко доо арыз берген. Венгриянын премьер-министри Орбандын пикири боюнча баардык мигранттарды Ливиядагы атайын лагерге жайгаштырып, мигранттар кабыл алуу өтүнүчү менен ошол жактан Европага кайрылуусу керек. (AbK)












