Мексика: Жоголгон студенттердин ата-энелери баңги барондордон жардам сурады

Сүрөттүн булагы, Reuters

Мексиканын Геррерро штатында жарым жыл мурда жоголуп кеткен 43 студенттин ата-энеси жардам сурап «Лос-Рохос» (Кызылдар) баңги картелинин башчыларына кайрылды.

Алар бийлик органдары жүргүзүп жаткан издөө-иликтөө иштерине ишенбей тургандыктарын билдиришти.

Бийлик тараткан маалыматтарга караганда, студенттердин коррупцияланган полиция кызматкерлери уурдап кетип, бандиттердин колуна тапшырган. Өкмөттүк комиссия студенттерди кылмышкерлер өлтүрүп, алардын сөөгүн өрттөп жиберген деп билдирип жатат.

Азыркы учурда жоголгон студенттердин бирөөсүнүн гана сөөгүнүн калдыктары табылды.

Жоголгон студенттердин ата-энелери Игуала шаарына жакын жерде баңгибарондорго кайрылуу жазып алып, көрүнөө жерге илип коюшту. Студенттердин 2014-жылы сентябрда акыркы жолу ушул жерден көрүшкөн эле.

Студенттер каршылык акциясына чыгып, анын жүрүшүндө полиция менен кагылышып, арты тополоңго айланган. Күбөлөрдүн айтымында, ошондо студенттерди полициянын машиналарына салып белгисиз жакка алып кетишкен.