You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Афганистанда 330 миңден ашык кыз мектептен чыгып калды - ЮНИСЕФ
- Author, Аалия Фарзан менен Мега Мохан
- Role, BBC Dars, BBC World Service
Афганистанда 330 миңден ашык кыз бала бул жылы орто мектепке бара алышпайт деп ЮНИСЕФ Би-Би-Сиге билдирди. 2021-жылы Талибандын өкмөтү кыздар 13 кө толгондо алтынчы класстан кийин окубай турганын билдирген болчу. 13 жаштагы Зейнаб - ушул айда жаңы окуу жылы башталбай турган кыздардын бири.
Соңку айларда Зайнаб омлетти жегиси келбей жаман көрүп жүрөт. Куурулган жумуртка менен сүттүн жыты анын мектепте окуган жылдарын эске салат. Алты ай мурда эле ал мектепке барчу, ошон үчүн бактылуу эле. Эртең менен азан айтылганда кошо ойгонуп, сиңдилери жана агасы менен бирге мектепке жөнөчү. Эми жаңы семестрге ал барбай калды, ал эми омлеттин жыты анын мурдагы күндөрүн эске салып, ичин ачыштырууда.
Афганистанда алтынчы класстан кийин кыздарга мектепке барууга болбой турганын Зайнаб мурда эле билчү, бирок бул эреже өзгөрөт деп үмүт кылып келди. Ал окууну жакшы көрөт, бардык сабактардан алдыңкы эле, өзгөчө илим жана искусствого абдан дилгир.
«Класстын мыктысы», -деп анын атасы сыймыктанат, а Зайнаб уялыңкы жылмаят. Ал кандай тармак болбосун, өзүн көрсөтө алмак. Бирок бүтүрүү экзамендеринен кийин декабрда мектептин директору экзамен өткөн залга кирип, анын классындагы кыздар мартта жаңы окуу жылына келбейт деп жарыя кылды.
«Ал аябай капа болду»,-дейт атасы Шахир, кызынын үйгө кайтып келгендеги үтүрөйгөн түрүн көрүп. «Аны мындай маанайда көрүү мага да кыйын болду. Мен кыздарыма эмне жардам кыларымды билбейм, ошондуктан өзүмдү күнөөлүү сезип жатам». Ал үй-бүлөсүн Афганистандан алып чыгып кеткенге аракет көрүүдө, бирок мындан да ылаажы болбой жатат.
«Мен бардык кыялымды караңгы үңкүргө камап койгондой сезип жатам өзүмдү»,-дейт үшкүрүнүп үзүл-кесил сүйлөгөн Зайнаб. Ал мага видеого таанылбай тургандай болуп сүйлөп берди. Атасы болсо кызын "оюн жыйнап алып айтса болобу" деп өзүнчө чебелектейт. Бул туурасында сөз башталса бүт үй-бүлөнү санаага чырмайт.
Зайнаб сыяктуу кыздарга бир гана жол бар - Талибан өкмөтү көзөмөлдөгөн диний мектептерге же медресеге барып окууну улантса болот. Бирок БУУнун Афганистандагы атайын элчиси Роза Отунбаева медреседе математика, англис тили сыяктуу академиялык сабактар өтүлөрүн тактай албаганын декабрда Коопсуздук Кеңешине билдирди.
Зайнабдын атасы медресе кызына ар тараптуу билим бере албайт дейт.
«Бул мектептин альтернативасы эмес. Ал жакта диний сабактар гана өтүлөт. Мен кызымды диний медресеге берүүнүн зарылдыгын көргөн жокмун»,-дейт ал.
Талибан Афганистанды 2021-жылы 15-августта баш калаа Кабулда бийликти алгандан бери башкарып келатат. Биринчи эле басма сөз жыйынында алар 1996-2001-жылдардагы Талибандай тыюуларды салган катаң саясат жүргүзбөй турганын айтышкан.
«Биз кыздарга биздин шартта окууга жана иштөөгө уруксат берген жатабыз. Аялдар биздин коомдо абдан активдүү болот»,-деген убада беришкен.
Бирок бат эле аялдардын укуктары четке кагылды. Бир нече айдан кийин жетинчи класска же орто мектепке барып жаткан кыздарга мектептин эшиги жабылды.
Андан кийин университеттер менен жумушчу орундар дагы жалаң эркектерге ачылды.
Азыркы күнү аялдарга үйдөн эркектин коштоочусу жок чыгууга же коомдук жайларга барууга тыюу салынган.
Бул күйүттүү көрүнүш. ЮНИСЕФ Би-Би-Сиге 2021-жылдан бери мектепке барууга тыюу салган саясаттан жапа чеккен кыздардын саны 1,4 миллиондон ашык экенин билдирди. Анын ичинде 2023-жылы 6-классты бүтүп, бул жылы окуусун уланта албай калган 330 миңден ашык кыз бар.
Бирок Талибандан катуу талабына баш ийбеш керек дегендер да бар.
Зайнабдын үй-бүлөсү өзүнүн районунда өзүнчө демилге көтөрүп, балдарын окутуу аракетин көрүүдө. Зайнаб өзүнчө англис тил сабактарына барып жатат. Бул мүмкүнчүлүк канчага созулары белгисиз, бирок ал азыр бул жакта өзүнүн достору менен көрүшүүдө.
Ал өзүнүн курбу кыздарын башты жерге салбай, бекем болууга үндөп жатканын айтат: «Мен аларды өзүңөрдүн хоббиңерди тапкыла деп шыктандырып жатам. Мен аларды искусствону үйрөнгүлө деп үндөдүм».
Зайнабдын өзү болсо сүрөт тартканды жакшы көрөт. Мектептин эшиги ал үчүн жабылган күнү эле ал ушул өнөргө өзү баш оту менен киришти.
Ал жабык мектептин алдында тунжурап турган кыздын сүрөтүн тартып Би-Би-Сиге жиберди. Сүрөттү «Афган кыздарынын азаптуу күндөрү» деп атады.
«Мени мектептен чыгаргандан кийин мен тарткан биринчи сүрөт ушул - мектептин жабык дарбазасына карап турган кызды тарттым»,-дейт ал.
Бирок соңку бир нече айда ал өзүн таштап койбой, чыйрала баштады. Азыр көзү көргөн кооздукту тартууда - асман, бийик имараттар, гүлдөр, күн же кыялдагы келечек. Анын дүйнөгө жиберген саламы - Афганистандагы өзү сыяктуу кыздарды унутпагыла деген сураныч.
«Афган кыздарына өзүнүн укуктарын кайтарып алууга жардам бергиле».
Би-Би-Си Талибан өкмөтүнүн ой-пикирин сурап кайрылды, бирок жообун ала элек.
Мариям Аман менен Жоржия Пирстин дагы репортаждары пайдаланылды.
Бул макалада каармандардын аттары коопсуздук максатында өзгөртүлдү.(МА)