Король Чарльз III такка отуруу, таажы кийүү аземи: салттуу жөрөлгөлөр жана символикалар

- Author, Визуалдык журналистика бөлүмү
- Role, Би-Би-Си
Бүт дүйнөдө миллиондогон адамдар британ королу Чарльз III такка отуруп таажы кийген, диний символизм менен шаан-шөкөт айкалышкан аземин көргөн жатат.
6-майда Чарльз III өзүнүн жубайы, королева-консорт Камилла менен бирге таажы кийип, такка отурат.
Ал Вестминстер аббаттыгында таажы кийген 40-монарх болуп калмакчы. Башкаруучу монархтын таажы кийүү салтанаты 1066-жылы биринчи жолу болгон.
Бул күнү калың эл шаан-шөкөттүү жүрүштөр менен миң жылдан бери келаткан салт-санаанын, аристократиялык жөрөлгөлөрдүн күбөсү болот. Бул окуянын жүрүшү төмөнкүдөй тартипте болот:

Бул күндүн расмий аземи Букингем сарайынан Вестминстер аббаттыгын карай салтанаттуу жүрүш менен башталат. Бүт маршрут боюнча атайын кароо аянтчалары болот, ал жерлер британ жайкы убактысы боюнча саат 6:00дөн баштап ачык болот.
Вестминстер аббаттыгын көздөй жүрүш

Бул аянтчаларга эл Мэлл жана Уайтхол көчөлөрү аркылуу кезек тартибинде барып кирет. Орун жетпей калгандар Гайд-паркка, Грин-паркка же Сент-Джеймс паркына жиберилет, бул жактарда коронация аземин трансляция кылган экрандар коюлат.
Букингем сарайынын тушунда чакырылган меймандар үчүн трибуна орнотулат, алардын катарында куралдуу күчтөрдүн ардагерлери, Улуттук саламаттык сактоо кызматынын өкүлдөрү жана социалдык кызматкерлер да бар.
Вестминстер аббаттыгына бет алган жүрүшкө 200гө саал жетпеген аскер катышат, алар негизинен Сарай кавалериясынын полкунан жана британ монархынын жеке күзөт кызматынан болот. Алар ишембиде эртең менен эле даярданып башташат.
Ошондой эле жүрүштүн маршрутунун эки жагына тең 1000 аскер тизилип турат. Бул жолку аземде мурдагыларга салыштырмалуу эл бир топ азыраак болот деп жатышат. Мисалы, 1953-жылы Елизавета II таажы кийген аземде башка өлкөлөрдүн королдук үй-бүлөлөрүнүн өкүлдөрү жана Шериктештиктеги өлкөлөрдүн премьер-министрлери да келген.
Жүрүштүн башталышы
Жүрүш Букингем сарайынан Мэлл көчөсү менен башталып, Адмирал Аркасы аркылуу Трафальгар аянтына чейин барып, андан Уайтхол көчөсүнө бурулуп, аны менен парламент алдындагы аянтка чейин жетет. Ал жерден Броад-Санкчуари көчөсүнө бурулуп, аны менен Вестминстер аббаттыгынын батыш каалгасына барат.
Король Чарльз менен королева-консорт Камилла салттан баш тартып, Ветсминстерге анчалык эски эмес жана анча ыңгайлуу эмес Мамлекеттик алтын каретада эмес, Бриллиант юбилейдин мамлекеттик каретасында барышат.
Бриллиант юбилейдин мамлекеттик каретасы

Вестминстер аббаттыгына келүү
Аббаттыкка карай салтанаттуу жүрүш саат 11:00 гө чейин бүтөт деп пландаштырылууда, король салттуу бриджа менен жибек байпактарды кийген мурдагы монархтардай болбой, аскердик формада болот деп күтүлүүдө.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Король Чарльз аббаттыкка Чоң батыш каалгасы менен кирет жана борбордук неф аркылуу таажы кийүү аземи өтө турган төр жагына өтөт.
Вестминстер аббаттыгынын ичинде

Салтанаттын өзү 11:00дө башталат жана король тандаган музыка менен коштолот, ошондой эле 12 атайын заказ кылынган музыкалык композиция ойнолот, анын ичинде Эндрю Ллойд Уэббери да болот. Музыкалык коштоого андан сырткары королдун атасы, Грециянын королдук үй-бүлөсүнөн чыккан канзаада Филипптин урматына грек православ чиркөөсүнүн музыкасы да кошулду.
Королдун небереси канзаада Жорж салтанаттуу жүрүштү Ветсминстер аббаттыгына чейин коштогон паждардын бири болот. Ошондой эле королева-консорт Камилланын неберелери - Лола, Элайза, Гас, Луи жана Фредди дагы паж болот. Алардын кээ бири королдук регалияларды Чарльздын алдынан көтөрүп басат. Бул регалиялардын көпчүлүгү алтарга коюлат.

Регалиялар деген эмне?
Улуу Британия өзүнүн монархтарына чоң шаан-шөкөт менен таажы кийгизип келаткан Европадагы жалгыз өлкө болуп саналат. Бул аземди өткөрүүдө королдук регалиялар - таажынын, державанын жана скипетрдин өзүнчө орду жана мааниси бар.
Алардын ар бири королдун ролунун жана милдеттеринин өзгөчө аспектилеринин символу болуп саналат.
Аземдин олуттуу ырым-жырымы аткарылып, Чарльзка королдун Державасы, крест баштуу Скипетр жана көгүчкөн баштуу Скипетр, башка буюмдары тапшырылат.
Держава жана скипетр

Камиллага королева-консорттун таягын жана королева-консорттун крест баштуу Скипетрин тапшырышат.
Коронация кызматы бир нече бөлүктөн турат жана эки саатка чейин созулат.
Биринчи бөлүк: "Кудай королду сакта!"
Эң оболу король Чарльз "эл" алдына чыгып көрүнөт. Бул салт байыркы англо-сакс доорунан башталат.
700 жылдык коронация креслосунун жанында туруп, Кентербер архиепискобу Джастин Уэлби аббаттыктын ар бир тарабына бурулуп, Чарльзды "чыныгы король" деп жарыя кылат, андан кийин чогулган элге кайрылып королго урмат-сый көрсөтүүгө жана ак кызмат кылууга чакырат.

Чогулган эл бир нече жолу: "Кудай, королду сакта!" деп кыйкырат, ар бир жолу керней-сурнай менен коштолот.
Коронация креслосу, же ыйык Эдуард креслосу же король Эдуарддын креслосу деп да аталат (булар ар башка адамдар, ыйык Эдуард - бул тобо кылдырган Эдуард, ал эми король Эдуард - Эдуард I, креслону жасаткан ал). Бул Улуу Британиянын азыркы күнгө чейин колдонулуп келаткан эң эски эмереги. Коронация убагында анда 26 монарх отурган.
Ыйык Эдуард же коронация креслосу

Коронация убагында эменден жасалган эзелки кресло косматеско стилинде орто кылымдагы таш мозаика болуп жасалган полдун ортосуна, аземдин диний мүнөзүн көрсөтүш үчүн алтарга каратылып коюлат,
Экинчи бөлүк: ант
Андан кийин королдук ант берүүгө кезек келет, король аны мыйзамга ылайык аткарышы керек.
Кентерберийдин архиепискобу андан текстти окуп берүүнү өтүнөт. Чарльз III падышалык кылып жатканда мыйзамды жана англикан чиркөөсүн коргоо үчүн ант береби деп сурайт. Король колун Инжилге коюп туруп, "баарын аткарам жана сактайм" деп ант берет.
Король башка диндерге дагы урмат-сый көрсөтүү үчүн дагы башка сөз кошумчалашы мүмкүн. Бирок бул расмий ант берүүнүн бир бөлүгү болуп эсептелбейт. Анын үстүнө бул боюнча расмий такталган маалымат жок.
Үчүнчү бөлүк: майлоо
Королдун азем кийими чечилет, ал майлоо жөрөлгөсүнүн аткарылышы үчүн коронация креслосуна отурат. Бул жөрөлгө монархтын англикан чиркөөсүнүн башчысы катары статусун баса белгилеп турат.
Архиепископ алтын чөйчөк амплуадан ыйык майды коронация кашыгына куюп алып, королду майлоодон мурда анын чекесине, көкүрөгүнө жана колдоруна тийгизип, крест түрүндө чокундурат.
Амплуа Чарльз III үчүн жасалган, анын формасы эң баштапкы версиясына окшош. Легенда боюнча бүркүт түрүндөгү биринчи амплуаны Дева Мариянын өзү ыйык Томас Бекетке тапшырып, мындан кийин Англиянын болочок королдорунун баары майланып турары айтылат.
Коронация кашыгынын тарыхы андан да ары, Жарандык согушта королдук аскерди жеңип чыгып, королдун бардык алтын регалияларын эритип салууга буйрук берген Оливер Кромвелдин доорунан бери келатат.
Амплуа же коронация кашыгы

Бул май Елеонск тоосундагы токойдон Мария Магдалинанын жана Вознесенск монастырында өскөн оливден жыйналган. Мария Магдалина монастырында Улуу даражалуу, Грециянын принцессасы Алисанын чоң энесинин сөөгү коюлган.
Аземдин бул бөлүгү эң ыйык катары саналат, ошол себептүу аны элге көрсөтпөйт болушу керек.
Төртүнчү бөлүк: Инвеститура
Бул чынында эле Чарльз III Ыйык Эдуарддын таажысын кийген жашоодогу бир гана учуру болот.
Таажы мурдакы версиясында англосаксон королу жана ыйык Эдуард Тобо кылдыруучу үчүн жасалып, 1220-жылдан кийинки коронацияда кийин аны Кромвель эритип салганга чейин колдонулган дешет.
Азыркы таажы Чарльз II үчүн жасалган, андагы коронацияда королдук регалийлердин баарын кайра жасатышка туура келген. Чарльз II өзүнүн таажысы мурдакыга окшош болуп, бирок андан да ашып түшүшүн каалаган.

Бирок Чарльз III бул таажыны кийген жетинчи гана монарх болот, ага чейин аны Чарльз II, Яков II, Вильгельм III, Георг V, Георг VI жана Елизавета II кийген. Эң акыркы жолу Ыйык Эдуард таажысын 1953-жылы Елизавета II коронацияда кийген.
Андан кийин архиепископ Ыйык Эдуарддын таажысын королдун башына кийгизет, ошол убакта бүт Улуу Бриатния боюнча керней-сурнай тартылып, салют атылат.
Салют Лондондогу Тауэрден 62 жолу атылат, Ат гвардиясындагы аянттан алты замбиректен жапырт атылат. Ошондой эле бүт өлкө боюнча он бир жерде, анын ичинде Эдинбург, Кардифф, Белфаст жана Королдук флотто 21 жолудан жапырт атуу болот.
Бешинчи бөлүк: тактыга отуруу
Аземдин корутунду бөлүгүндө корол коронация креслосунан турат, аны тактыга алып барышат. Аны Кентерберий архиепискобу жана чиркөөнүн жогорку даражалуу башка кызматчылары жана королдуктун пэрлери колтугунан сүйөп барышат.
Салт боюнча андан кийин архиепископ жана башка динаятчылар ант беришет, алардын артынан ак кызмат кылууга пэрлер, королдук үй-бүлөнүн мүчөлөрү да ант беришет. Тизелеп туруп алар королго "жанын да аябай" кызмат кылууга милдеттенишет жана анын оң колун өбүшөт.
Бизге белгилүү маалыматка караганда, королдук үй-бүлөдөн бул жөрөлгөнү Уэльск канзаадасы Уильям гана аткара турган болууда.
Королева-консорт
Королго ак кызмат кылууга ант бергенден кийин королева Камилла дагы майланып, башына таажы кийип, тактыга отургузулат. Бирок бул жөрөлгө жөнөкөй эле аткарылат, анткени королева-консорт ант бербейт.
Анын башына королева Мэринин таажысы кийгизилет. Бул таажы башында азыркы королдун чоң энесинин чоң энесин күйөөсү Георг V менен бирге коронация кылыш үчүн жасалган. Жаңыртып көрсөтүш үчүн анын сегиз аркасынын төртөөн алып, Куллинан III, IV жана V бриллианттары менен кооздоп коюшту.

Аземдин аякташы жана кетүү
Король менен королева-консорт өздөрүнүн тактысынан түшүп, Ыйык Эдуард саатканасына кирет, ал жерден Чарльз Ыйык Эдуард таажысын чечип, анын ордуна Британ Империясынын таажысын кийип мамлекеттик гимн алдында аббаттыктан чыгып бараткан жүрүшкө кошулат.
Ал эми Ыйык Эдуард таажысын кайрадан Тауэрге алып кетишет, ал эмки коронацияга чейин ошол жакта сакталат.

Андан кийин король менен королева Букингем сарайына мурдагы эле маршрут менен кайтып барышат. Бул жолу алар 260 жыл болгон Мамлекеттик алтын каретага түшүшөт, бул карета 1831-жылы Вильгельм IV бери ар бир коронацияда колдонулуп келатат.

Расмий кабарларга караганда, Уэльс канзаадасы жана принцессасынын үч баласы - канзаада Жорж жана Луи, принцесса Шарлотта салтанаттуу жүрүшкө кошулуп, король менен королеванын каретасынын артынан өзүнүн ата-энеси менен бирге каретада Букингем сарайына бет алышат.
Коронацияга британ куралдуу күчтөрүнөн 400 аскер кызмат кылат. Коргоо министрлиги муну ар бир муундун жашоосунда бир боло турган эң ири аскердик азем операциясы деп атады.

Аларга Шериктештиктин өлкөлөрүнүн жана британдык алыскы аймактардын өкүлдөрү кошулат.
Куралдуу күчтөрдүн ардагерлерине жардам көрсөтүп келаткан кайрымдуулук уюм - королдук британдык легион парламенттин алдындагы аянтта 100 адамдан турган ардактуу кароолду тизет.

Аббаттыктан Букингем сарайынын ички короосуна чейинки маршруттун узактыгы 1,42 мили (2,29 км). Парадка катышкан аскерлер королду жана королеваны үч жолу салтанаттуу салам айтып тосуп алышат. 1953-жылы Елизаветанын коронациясында жүрүштүн маршруту төрт милден ашык болгон, жүрүштүн башынан аягына чейин кеткен убакыт 45 минутка созулган.
Букингем сарайынын балкону
1902-жылы Эдуард VII коронациясынан кийин монарх үй-бүлөсү менен Букингем сарайынын балконуна чыкканы салтка айланып калган. Мисалы, Елизавета II балконго чыкканда, анын күйөөсү, энеси, балдары жана кыз бир тууганы, ошондой эле королдук үй-бүлөнүн башка мүчөлөрү кошулган. Алар балкондон сыртта чогулган эл менен учурашып, жүздөй учактын оюн салып учуп өткөнүн карап турушкан.

Букингем сарайы король Чарльз жана королева-консорт Камилла бул салтты улантарын айтып жатат, бирок королдук үй-бүлөнүн кайсы мүчөлөрү эл алдына чыгат, азыр так боло элек.
Сарайдын алдына чогулган эл алты мүнөткө созулган асмандагы парадка күбө болот. Британиянын Королдук Асман-аскер күчтөрүнүн "Кызыл жебе" учкучтар тобу оюн көрсөтөт.
Автор жана продюсер Крис Клейтон, дизайн: Лилли Хайв жана Зои Бартоломью, иллюстрация- Дженни Ло.












