Илон Маск эмнеге миңдеген спутниктерди орбитага учурууда?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Илон Масктын SpaceX компаниясы орбитага миңдеген спутниктерди учуруп жатат. Аны асмандан көргөндөр бар. Бул иш космостон Жерге жогорку ылдамдыктагы интернет кызматын көрсөткөн Starlink долбоору.
Starlink деген эмне, ал кандай иштейт?
Starlink космостогу спутниктердин эбегейсиз зор тармагы аркылуу жогорку ылдамдыктагы интернет кызматын көрсөтүү долбоору. Ал көбүнчө жогорку ылдамдыктагы интернет жок алыскы райондордо жашагандар үчүн жасалууда.
«Бул категориядагы адамдар Улуу Британияда да бар, бирок көбүнчө калк бүт дүйнөдө, мисалы Африкада», — дейт доктор Люсинда Кинг, Портсмут университетинин космос долбоорлорунун менеджери.
Starlink спутниктери Жердин жакынкы орбитасына учурулууда, анткени спутниктер менен Жердин ортосундагы байланыштын ылдамдыгын максималдуу түрдө жогорулатуу керек.

Бирок Жер шарын бүтүндөй камсыз кылуу үчүн төмөнкү деңгээлдеги спутниктер абдан көп санда керек болот. 2018-жылдан бери космоско үч миңдей спутник учурулду. Бул сан акыры барып он миң же он эки миңге жетиши керек.
"Спутниктерди колдонуу алыс жерлерде, чөлдөр менен тоо арасында Интернетке кошулуу маселесин чечет",-дейт Крис Холл.«Ошондо кабель, мачта сыяктуу абдан көп сандагы инфраструктураны куруунун кереги жок болот».
Starlink канча турат, аны ким пайдаланат?
Стандарт интернет-провайдерлерге салыштырмалуу Starlink арзан деп айтууга болбойт.Ал кардарлардан айына 99 доллар алат (Улуу Британияда 89 фунт). Спутникке кошулуш үчүн керектүү тарелка менен маршрутизатор 549 доллар турат.
Улуу Британияда үй чарбаларынын 96% жогорку ылдамдыктагы интернетке кошулган, Евробиримдик менен АКШда бул көрсөткүч 90%.
Компания азыркы убакта дүйнөнүн 36 өлкөсүндө 400 миң кардарды тейлөөгө алып жатканын билдирүүдө. Булар негизинен Түндүк Америка, Европа жана Австралияда жашагандар. Алардын ичинде жеке үй чарбалары менен ишканалар, уюмдар дагы бар.
Келерки жылы Starlink өзүнүн долбоорун Африка менен Түштүк Америкага, Азияга жеткирүүнү көздөп турат.«Starlink баасы мисалы, Африкадагы үй чарбалары үчүн абдан кымбат болушу мүмкүн», — дейт Крис Холл. «Бирок бул мектептер менен ооруканаларды тейлөөдө маанилүү роль ойнойт».
Starlink Украинага жардам берип жатабы?
Украинага орус аскери басып киргенде алар бул жактагы интернет кызматтарын жаап, социалдык сайттарды өчүрүүгө аракет кылышты. Илон Маск Украинада согуш башталары менен Starlink кызматын жеткиликтүү кылды. Бул өлкөгө Starlink тарелкасы менен роутерлеринин 15 миң комплектиси жиберилди.
«Starlink мамлекеттик кызматтар менен өкмөттү да колдоого алууда"— дейт Крис Холл. «Орустар аларды өчүрүштүн амалын таба алышпады». Космостон берилген интернет кызматы согуш талаасында да абдан маанилүү болууда.
"Украин күчтөрү аны штабдар жана аскер бөлүктөрүнүн ортосунда байланыш үчүн колдонуп жатышат", - дейт Лондондун королдук колледжинин коргонуу изилдөөлөрүнүн эксперти доктор Марина Мирон.
«Анын сигналдарын кадимки радиосигналдар катары өчүрүшкө мүмкүн эмес, ал эми комплектисин орнотууга он беш минут кетет».
Starlink космосто ээнбаштыкка алып келбейби?
Starlink долбоорунан тышкары, космостон спутник интернет кызматын көрсөтүп жаткан жаткан OneWeb жана Viasat сыяктуу атаандаштар бар. Алар дагы Жердин төмөнкү орбитасына миңдей спутник учурушту.
Мындан бир проблема жаралышы мүмкүн дейт Саид Мостешар.«Космос барган сайын анчалык коопсуз эмес болуп баратат"-дейт ал.
«Спутниктер башка аппараттар менен кагылышып, андан пайда болгон сыныктар, калдыктар жогорку ылдамдыкка учуу убагында зыян алып келиши мүмкүн».
«Эгер абдан көп фрагмент болсо, анда Жердин жакын турган орбитасы пайдаланууга жараксыз болушу мүмкүн», — дейт Портсмут университетинен доктор Кинг.
«Анда, биз төмөнкү орбитадан биздин навигациялык спутниктер турган жогорку орбитага чыга албай калабыз».

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Starlink спутниктери астронавттар үчүн да проблема алып келүүдө.
Күн чыгып же батып жаткан убакта аларды оңой эле көрсө болот, анткени алардын канатына күн чагылышып жаркырап турат.
Бирок бул телескоптордогу сүрөттөргө так түшүрүп, жылдыздар менен планеталарга байкоо салууга тоскоолдук кылышы мүмкүн.
"Астронавттар бул проблеманы мурда эле көрүшкөн", — дейт профессор Мостешар. «Алар биринчи болуп даттанышкан». (КС)









