Согуш туткундары ким? Аларга кандай мамиле болуш керек?

Курчоодо калган Мариуполь шаарын коргоочулардын аянычтуу абалы Украинадагы согуштун тарыхый символдорунун бири болуп калды.

Соңку маалыматтар боюнча, орус бийликтери «Азовсталь» заводунда камалып калган миңден ашык аскер туткунга алынып, Москванын колдоосундагы козголоңчулар көзөмөлдөгөн райондорго жеткирилгенин билдирди.

Согуш башталгандан бери эле Россия менен Украина бири-бирин согуш туткундарына жасалган ырайымсыз мамилеге айыптап келатышат. БУУнун Украинадагы адам укуктары боюнча мониторинг миссиясынын башчысы Матильда Богнер жакында эле эки тарап тең эрежелерди бузганын көрсөткөн «далилдүү маалыматтар» бар экенин билдирди.

Согуш туткундарына мамиле кылуунун расмий эрежеси барбы?

Ооба. Согуш туткундары 1929-жылы Женева конвенциясы кабыл алынгандан тартып эл аралык келишимдер менен расмий корголгон. Бул согуш туткундарына конкреттүү арналган документ.

Анда согуш туткундарына гумандуу мамиле кылуу, алар жөнүндө маалымат алмашуу принциптери жана бейтарап мамлекеттердин расмий адамдарынын согуш туткундарынын лагерине баруу укуктары бекиген.

Дүйнөлүк экинчи согуш убагында бир нече өлкө эрежелерди бузду деп айыпталгандан кийин 1949-жылы конвенция кыйла кеңейтилген. Мисалы, согуш туткундарынын адамдык жеке ар-намысын коргоо зарылдыгы киргизилген.

БУУнун маалыматы боюнча Женева конвенциясына 196 мамлекет кол койгон, анын ичинде Россия менен Украина да бар.

Согуш туткундары кандай корголот?

Тизме кеңейтилип жазылган, анда туткундардын дарыланууга, тамактанууга жана жашоо шартына болгон укуктарынан тартып, аларды кыйноого, мажбурлап иштетүүгө тыюу салган эрежелер бар.

Келишимде камакка алуу жазалоо формасы эмес, анын андан ары конфликтке катышуусуна бөгөт койгон чара катары айтылат. Ошол себептүү согуш туткундарын коркутуп-үркүтүү, мазактоо жана эл алдына алып чыгып көрсөтүүгө да болбойт.

Так ушул себептүү орус жана украин бийликтери согуш туткундарын тартып көрсөткөндүгү үчүн сынга алынууда. Кээде туткундарды басма сөз жыйынына алып барып сүйлөткөн учурлар да болду.

Женева конвенциясына ылайык, согуш туткундары конфликтке катышканы үчүн эле жоопко тартылбайт, бирок аскер кылмыштарын жасаган туткундарды жоопко тартууга эрежелер жол берет.

Келишим боюнча тараптар согуш аяктар замат согуш туткундарын «дароо» репатриация кылышы керек.

Кимдин укугу бар?

Женева конвенциясынын эрежелери аскер кызматчыларына гана тийиштүү эмес. Ошондой эле куралдуу күчтөрдүн катарында болуп согушка катышпаган куралдуу кошуундардын мүчөлөрү жана жөнөкөй адамдар жөнүндө да эреже каралган.

Бир гана жалданып согушка катышкан адамдарга эреже жок. Ошондой эле кээ бир жагдайда тыңчылар дагы коргоого алынбайт.

Бирок Женева конвенциясында тыңчы катары кармалган адамдарга «гумандуу мамиле болушу керек" жана алардын иши акыйкат сотто каралышы керек деп жазылган.

Согуш туткундарын алмашуу деген эмне?

Туткундарды алмашуу - бул касташып согушкан тараптардын туткундардын бир тобун экинчи тобуна алмаштырган келишими. Бул согуш убагында эле эмес, кансыз согуш убагында да болгон. Мисалы, АКШ менен Советтер союзу бир нече жолу ушундай келишим түзүшкөн. Туткундарды алмашуу Изралиль-Палестин согушунун убагында да болду.

Туткундарды алмашуу Женева келишими менен жөнгө салынып келатканы менен бул эзелтен келаткан практика. 18-кылымда ушундай келишимдер болгону туурасында маалыматтар бар.

Москва менен Киевдин ортосунда да туткундарды алмашкан учурлар болду, бирок азыркы учурда Россиянын парламенти мындай келишимге тыюу салган мыйзамды талкуулап жатат.

Эрежелер дайыма эле сакталып келатабы?

Жок, жогоруда айтылгандай эле, Дүйнөлүк экинчи согуштагы кара ниет иштерден кийин Женева конвенциясын кыйла толуктоого туура келди.

Жапония союздаш өлкөлөрдүн туткундарын кыйнап эксплуатация кылып, он миңдеген адам ачкачылык менен оорудан өлдү.

Жакында эле Югославиядагы согуштун (1991-2001 гг.) учурунда туткундарга болгон ырайымсыз мамиле жөнүндө айыптоолор сотто каралды. 2009-жылы хорват-серб тектүү мурдагы аскер кызматчысы 200 согуш туткунун кыйнап өлтүргөнү үчүн 20 жылга кесилди.

Вьетнам согушу (1965-75 гг.) убагында АКШ дагы, Вьетнам дагы туткундарга каршы кылган кылмыштары үчүн айыпталышкан. АКШда президенттикке ат салышкан сенатор, Вьетнам согушунун катышуучусу Джон Маккейн туткунда экенде кыйноого алынып, азап тартып, өмүр бою майып болуп калганы белгилүү.

Вашингтон дагы 11-сентябрдагы теракт окуялардан кийин Кубадагы Гуантанамодогу базасында терроризмге шектүү адамдарды кармап жатканда конвенцияны бузду деп айыпталды.

17-майда Эл аралык кылмыш соту Украинага тергөөчүлөрдүн, соттук-медициналык эксперттердин жана көмөкчү кызматкерлердин тобун жөнөткөнүн жарыялады. Алар Россия басып киргенден кийин айтылып жаткан согуштук кылмыштарды иликтөөгө алышат. (КС)