You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Орусия аскерлерин Украинага чектеш аймакка топтоду. Кайрадан тирешүү болобу?
New York Times басылмасы Орусиянын аскерлери машыгуудан кийин Украина менен чектеш аймактан чыгарылбаганын жазып чыкты. Орусияда коомдук сайттарда чек арада жайгашкан аскердик техникалардын сүрөттөрү байма-бай жарыяланып жатат.
Президент Путиндин басма сөз катчысы Песков Орусиянын аскерлери жана техникасы өлкөдө коопсуздукту камсыз кылуу үчүн жайгаштырылганын жана ал "башка мамлекеттерге коркунуч жаратпайт" деп белгиледи.
Буга чейин Украинанын армиясы жана Батыш мамлекеттери Орусия Украина менен чектеш аймактарда жана Крымда аскерлерин топтоп жатканына тынчсыздануусун билдирген.
Украинанын Башкы штабына ылайык, 30-мартта чек арада Орусиянын 28 батальону жайгаштырылган. Украинанын армиясынын колбашчысы Руслан Хомчак жакын арада дагы 25 батальон чек арага келерин кошумчалаган. АКШ болсо Украина менен чектеш аймакта так канча аскер жайгашканы белгисиз экенин, бирок болжолу менен төрт миңге чукул жоокер бар экенин белгиледи.
Украина менен өлкөнүн чыгышындагы жикчилдер ортосунда ок атышуулар күчөп жаткандыктан, айрым эксперттер жазында кайрадан жаңжал чыгабы деген суроо жолдошууда. Украина менен Орусияга жан тарткан жикчилдер жарашуу тууралуу келишимге жеткен 2020-жылдын июлунан бери 19 украин аскери окко учкан. Анын он беши ушул жылдын башынан берки айларда эле каза тапты. Ондогондору ар кандай жаракат алган. Ал эми өзүн республика жарыялап алган аймактагы жоготуулар тууралуу маалымат жок.
Европанын эксперттери болсо Орусияга жан тарткан жикчилдердин колуна жаңы курал жана аскердик техника бар экенин айтышууда. Ошондуктан шейшемби күнү Украинанын жетекчилиги Батыш мамлекеттерин Орусияга карата экономикалык жана саясий кысымды күчөтүүгө чакырган.
Өздөрүн "республика" жарыялап алып, Киевге куралдуу каршылык көрсөтүп жаткандар жарашуу келишимин бузду деп борбордук өкмөттү айыптап жатат. Чабуулга чабуул менен гана жооп берип жатабыз дейт алар. Донбасс Киев толук масштабдуу чабуул даярдап жатат деп кооптонууда.
Орусиянын аскердик расмийлери болсо чек арада аскерлердин топтолушун Донбасстагы ок атышууга эч тиешеси жок экенин, кыштан кийин "текшерүү" иштери жүрүп жатканын айтышууда. Түштүк аскердик округдун басма сөз кызматы машыгуулар Орусиянын "Кара деңиз аймагын, анын ичинде Крымды" коргоо үчүн багытталганын маалымдады.