You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Украинадагы ачарчылык: 1930-жылдардагы трагедия тууралуу
Украина өткөн кылымдын 30-жылдарынын башындагы ачарчылыктын курмандыктарын эскерди. 1932-1933-жылдары кеминде 3,9 млн. киши ачарчылыктан кырылган. Жалпы СССР боюнча курмандыктар жети миллионго чамалайт.
2006-жылы Украинанын Жогорку Радасы ачарчылыкты украин элине карата геноцид деп тааныган. Бирок тарыхчылар менен саясатчылар арасында бул маселеде бир кылка пикир жок. Муну 16 өлкө тааныган: Австралия, Грузия, Эквадор, Эстония, Канада, Колумбия, Латвия, Литва, Мексика, Парагвай, Перу, Польша, АКШ, Венгрия, Португалия, ошондой эле Ватикан.
2010-жылы шайлоодон кийин ошол маалдагы президент Виктор Янукович 1930-жылдардагы массалык ачарчылыкты украиндерге карата геноцид деп атоого болбойт, ал мурдагы СССР курамындагы бардык элдердин трагедиясы деп айтып чыкты.
Орусия дагы геноцид катары тааныбайт жана СССРдин ар кайсыл аймагында ачарчылыктан кишилер кырылган деп эсептейт. Орусия пикиринде мунун себеби, зордук менен коллективдештирүү саясатынан келип чыккан.
Изилдөөчүлөр СССРдеги 1932-33-жылдардагы жоготуулар саны боюнча талаштуу пикирде. Айрым чет элдик тарыхчылар 5,5-8 миллион киши каза тапкан деп эсептеп, анын жарымы украиндер болгонуна көңүл бурат. Ачарчылыктан Казакстанда дагы көп киши кырылган.
СССРдеги ачарчылык тууралуу биринчилерден болуп 1933-жылы декабрда англиялык журналист Малкольм Магериж жазып чыккан, дейт изилдөөчү Станислав Кульчицкий. Manchester Guardian басылмасына жарыяланган үч макаласында журналист Украина менен Кубандагы саякаты тууралуу айтып берген. Магеридж дыйкандар массалык түрдө набыт болгону тууралуу маалымат берген. Бирок так сандарды атаган эмес.
1933-жылы март айында 27 жаштагы британдык журналист Гарет Жонс Сталинден интервью алуу максаты менен СССРге сапар алган. Саякаты учурунда Украинада болуп, ал жердеги үрөй учурган абалды көргөн. 1933-жылдын мартында Жонс "Нан жок" деген аталыш менен Украина тууралуу макаласын жарыялайт.
"Ачарчылык" деген сөз биринчи жолу 1978-жылы Канада менен АКШдагы украиналык эмигранттардын жазгандарында кездеше баштады. Анда СССРде тарыхчылар "азык-түлүк тартыштыгынан" деген аныктаманы гана колдонууга мүмкүн эле. Партиялык чиновниктер бул сөздү биринчи жолу 1987-жылы оозанды. Анда КПСС БКсынын биринчи катчысы Владимир Шербицкий СССРдин 70 жылдык мааракесинде сүйлөп жатып 30-жылдардагы окуяларга кайрылган.
1990-жылы Украинанын компартиясы "1932-33-жылдардагы Украинадагы ачарчылык: тарыхчылар көзү менен, документтер тилинде" деген китептин басылышына уруксат берди.
Ачарчылыктын күбөлөрү ачкадан өлүм алдында турган дыйкандар адамдын этин жеген учурлары болгонун айтышкан. Айрым маалыматтарга караганда, ошол кезде каннибализм боюнча 2500 киши жоопко тартылган.
Тарых илимдеринин доктору Василий Марочконун айтмында, 1932-жылдын жарымында киши этин жегендер сейрек көрүнүш болгон. Бирок 1933-жылдын экинчи жарымында Украинанын бардык аймагында бул массалык көрүнүшкө айланды.
Ачарчылыктан кийин бош калган айыл-кыштактарга Советтер Союзунун ар кайсыл аймактарынан көчүп келген элдерди отурукташтыруу болду. (AbA)
BBC News Украина сайтындагы макала айрым кыскартуулар менен сунушталды