БУУ: пандемиядан улам 120 миллион киши жакырчылыкка батты

Сүрөттүн булагы, OSCAR DEL POZO/AFP via Getty Images
Бириккен Улуттар Уюмунун соода жана өнүгүү боюнча агенттиги (UNCTAD) коронавирус пандемиясынан кийин глобалдык экономика мурдагы жоромолдордон тез калыбына келет деп билдирди. Бирок коронавирус пандемиясынан улам глобалдык соода 10 триллион долларга кыскарды.
Кыйынчылыктарга карабастан тарыхта азыркыдай деңгээлди жапырт эмдөө жараяны жүрүп көргөн эмес. Андан тышкары АКШ экономикасын жандантуу үчүн 1,9 триллион доллар сарптаганы турат. Кошмо Штаттары дүйнөдөгү эң чоң экономика экенин эске алуу керек.
Бириккен Улуттар Уюмунун соода жана өнүгүү боюнча агенттиги быйыл глобалдык экономика 4,7 пайызга өсөт деген жоромолун маалымдады. Бул алты ай мурдагы жоромолдорго караганда жогору. Ага карабастан уюм тынчсызданууга негиз бар экенин айтууда.
"Бириккен Улуттар Уюмунун соода жана өнүгүү боюнча агенттиги глобалдык экономика калыбына келет деп ойлойт. Бирок мурдагы өсүү деңгээлин эске алганда, пандемиядан улам 2021-жылы глобалдык экономиканын өсүү темпи беш пайызга төмөн болот. Глобалдык экономиканын жандануусу Кытай менен АКШнын көрсөткүчтөрүнө негизделген. Башкача айтканда, дүйнөнүн эң чоң эки экономикасы жанданып жатканы менен, абал дагы деле курч бойдон", -деди БУУнун баяндамасын даярдаган эксперттердин бири, экономика боюнча профессор Нелсон Барбоса.

Сүрөттүн булагы, VIKTOR DRACHEV/AFP via Getty Images
Уюмдун баяндамасына ылайык, коронавирус пандемиясы өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө катуу сокку болду. Пандемиядан улам 120 миллиондон ашуун киши кайрадан жакырчылыкка батат деген кооптонуулар бар. Ал эми дүйнөдөгү эң бай саналган бир пайыз, андан ары байымакчы.
Пандемия учурунда глобалдык соода солгундагандыктан өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө бай менен кедейлердин ортосундагы ажырым андан ары кеңейди.
Бириккен Улуттар Уюмунун агенттиги көйгөйлөрдү чечүү үчүн алгач вакцинаны туура бөлүштүрүү жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн карызын жеңилдетүү абдан маанилүү экенин эскертти.












