Дүйнөдө керектөөчүлөрдүн адаттары өзгөрдү, Кыргызстанда асман чапчыган баалар

нан саткан аялдар

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызстанда өткөн жылдан тарта азык-түлүк кескин кымбаттады

Дүйнөнүн булуң-бурчунда коронавируска байланыштуу чектөөлөр бир жылдан бери уланууда. Мындай абал жай айына чейин созулушу мүмкүн. Бул аралыкта керектөөчүлөрдүн көбү мурдакы адаттарын толук өзгөрттү. Кишилер өзүнө азыраак көңүл буруп, үй-жайын карап калган.

Европа өлкөлөрүндө жана АКШда бийик такалуу бут кийимдерди сатып алуу 40 пайызга кыскарды. Дүкөндөр жазында эле камдап койгон күндөн коргогон бет майларды сатып алгандар жокко эсе. Батыштагы ири аудитордук компаниялар жана банктар бир жыл ичиндеги абалга байкоо салган. Маселен, бут кийимдерди сатуу 30 пайызга кыскарып, кийим-кече орточо 20 пайызга кыскарды. Дүйнөлүк ири бренддердин бири шведдик H&M соодасы 2020-жылы 18 пайызга төмөндөгөн.

Deloitte консалтинг компаниясынын изилдөөсүндө эмеректерди сатып алуу 25 пайыз азайып, саат жана зер буюмдардын соодасы 20% төмөндөдү.

1970-жылдан бери электр энергиясынын керектелиши боюнча мониторинг жүргүзгөн Эл аралык агенттиктин маалыматында кеңселердин жана соода борборлорунун жабылышынан улам керектөө 20 пайызга кыскарды.

Алкоголдун рекорду

дүкөн

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Улуу Британиянын азык-түлүк керектөөчүлөрү дагы айрым жаңы адаттарды табышты. Айталы, онлайн буюртма 9 пайыздан 60 пайызга чейин өстү. Эт сатып алуу 10 пайызга көбөйгөн. Би-Би-Синин буюртмасы менен өткөрүлгөн иликтөөдө жашылча-жемиштерди жана сүт азыктарын сатып алуу кескин өстү. Британдыктар 2019-жылга салыштырганда 2020-жылы буга 257 млн фунт көп акча короткон.

JP Morgan инвестициялык тобу өткөргөн иликтөөдө үй тиричилигине колдонулган тазалоочу каражаттарга болгон талап 33 пайызга көп болду. Идиш жууган машина 2020-жылдагы популярдуу тиричилик техникасына айланып, АКШ менен Европада аны сатуу өткөн жылга салыштырганда 40 пайызга көп болду.

Дүйнө жүзү боюнча 2020-жылдын көйгөйү - алкоголдук ичимдиктерге болгон талаптын күчөп кетиши. JP Morgan күчтүү саналган ичимдиктин түрлөрүнө болгон талап 40 пайызга өстү дейт. Вино менен пивого 20% өскөн. The Drink Business 2019-жылга салыштырганда өткөн жылы алкоголдун күчтүү саналган түрлөрүнө болгон талап 64% өскөнүн айтууда. Ал эми пиво менен виного - 49%.

Кыргызстанда азык-түлүк кымбаттады

Кыргызстанда керектөөчүлөрдүн кайсыл товарга талабы күчөп же азайганы тууралуу иликтөө жок. Бирок өткөн жылдан тарта өлкөдө азык-түлүккө болгон баалар токтоосуз өсүп жатат.

2019-жылдын декабрына салыштырганда 2020-жылдын декабрында орточо алганда баалар 7,2 пайызга кымбаттады. Экономика адистери анын ичинде азык-түлүк 13% кымбаттаганын, дан азыктары 10 пайызга, эт 19 пайыз, мөмө-жемиш 14%, кумшекер 14 пайызга кымбаттаганын эсептеп чыккан. Мунун баарын керектөө корзинасына кирген негизги азыктар. Ал эми январда болсо азык-түлүккө болгон бааларга дагы 1-2 пайыз кошулду.

Расмийлер кымбаттоолорду азык-түлүктүн көбү сырттан ташылгандан улам болуп жатканы менен түшүндүрүүдө.