Биткоинден жоготуу: Илон Маск дүйнөдөгү эң бай адам болбой калды

Tesla компаниясынын негиздөөчүсү Илон Маск 15 миллиард доллар жоготуп, дүйнөдөгү эң бай адам титулунан айрылды. Электр унаа өндүргөн Tesla компаниясынын акциялары 20 пайызга төмөндөдү.

Эми дүйнөдөгү эң бай адам катары кайрадан Amazon компаниясынын башчысы Жефф Безостун ысымы аталууда.

Wedbush Securities аналитикалык компаниянын өкүлү Дэна Айвса буга биткоин себеп экенин айтууда. "Тесланын" айрым инвесторлору биткоиндун куну түшүп жаткандыктан өз акцияларын сатышкан.

Буга чейин Маск "Тесла" компаниясы аркылуу биткоин криптовалютасына көп суммада инвестиция жасаган жана электр унааларын биткоин менен сатып алууга уруксат берген. Бул кадамдан кийин биткоиндин куну 50 пайызга жогорулаган.

Эми унаа чыгарган компания криптовалютага тиешелүү тобокелчиликтерге байланып калды. Жекшемби күнү биткиондин баасы 57 миң долларга чыгып, рекордду жаңырткан эле. Андан бери криптовалютанын куну тездик менен 20 пайызга түштү. Шейшемби күнү биткоиндин баасы 48 миң долларга төмөндөдү.

Илон Масктын биткоинго карата таасирин айрымдар кубаттап, башкалар сындап жаткан чакта, АКШнын каржы министри Жанет Йеллен криптовалюта "соодада эффективдүү эмес" экенин билдиргени бир топ сокку болду.

Tesla компаниясына эмне болот?

Маск криптовалютага кызыгып жаткан чакта, электр унаа чыгарган компаниясы бир нече көйгөйгө туш болду. Мисалы, компания арзан жана жеткиликтүү саналган Y моделин чыгарбай калды. Буга ошол моделдеги унаалардын кубаттандыруудан кийин жүргөн аралыкты көбөйтүү аракети себеп экени маалымдалды.

Февраль айында Кытайдын унааларды тескеген мекемеси айдоочулардын аккумуляторлор күйүп кеткени жана ылдамдыкты башкара албай калган учурлары тууралуу даттануусун айтып, "Тесладан" түшүндүрмө талап кылган.

Ошол эле учурда электр унаа базарында атаандаштык күчөп жатат. General Motors жана Volkswagen сыяктуу унаа өндүргөн ишканалар өздөрүнүн электр менен жүргөн унааларын кардарларга сунуштоодо.

Илон Масктын байлыгы Tesla компаниясынын акциясына байлануу. Өткөн жылы ишкананын акциялары 90 доллардан 700 долларга көтөрүлгөн. Ошол эле учурда "Тесла" өтө аз сандагы унаа чыгарып жатканын, ошондон улам акциялар кымбат баада кармалбай деп жоромолдогондор бар.

Дүйшөмбү күнү "Тесланын" акциялары кескин төмөндөп, Маск 15 миллиард доллар жоготту.

Компаниянын баалуу кагаздарынын олку-солку абалына Масктын "Твиттердеги" жазгандары дагы себеп.

Айталы, өткөн жылы жай мезгилинде Маск коомдук сайтка унаа чыгарган компаниясынын баалуу кагаздары өтө эле жогору бааланып жатканын жазып, компаниянын акциялары 14 миллиард долларга арзандаган.