You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Жалгандан башпаанек: мурдагы СССРден келген эмигранттарга кылмыш иши
Нью-Йорктун Түштүк округунун федералдык прокуратурасы мурдагы СССР курамындагы өлкөлөрдөн чыккан тогуз кишиге бири-бирине байланышы бар эки иш боюнча кылмыш иши козголгонун кабарлады. Аларга "иммиграциялык алдамчылык" жана "АКШ өкмөтүн алдаган" деген айыптар тагылууда.
Айыпталгандар эки иммиграциялык фирмада иштеп туруп кардарларга АКШдан башпаанек алуу үчүн жалган себептерди ойлоп табууга көмөктөшкөн деп айтылууда. Башкача айтканда, мекенинде кандайча куугунтукталганы тууралуу жалган маалыматтарды жана далилдерди чогултууга жол көрсөткөн. Иммиграция кеңсесинде маектешүүнүн алдында аларды машыктырган болушу мүмкүн.
Биринчи иш боюнча мигранттарга адвокат болуп иштеген 44 жаштагы Илона Жамгарова жана анын жолдошу 42 жаштагы Артур Аркадьян айыпталды. Прокуратура 39 жаштагы Игорь Резникке алардын өнөгү катары айып таккан. Жубайлар Флориданын түштүгүндө кармалып, сотко алып келинди. Резникти Мэрилендде камакка алышкан.
Экинчи иш боюнча 45 жаштагы Юрий Моша, 54 жаштагы Владимир Данской жана 45 жаштагы Юлия Гринберг, 30 жаштагы Алексей Кмит, 35 жаштагы Тимур Щербин жана 39 жаштагы Катерина Лисиченко айыпталды.
Округдун федералдык прокурору Одри Страус "айыпталуучулар АКШнын миграция мекемесине куугунтуктоолор боюнча апыртылган, ойдон чыгарылган жалган маалыматтарды берип, кызматкерлерди адаштырган" деп айтты.
Прокурордун айтымында, алардын кылмыштуу аракеттери эки иммиграциялык фирма аркылуу - "Жамгарованын фирмасы" жана Моше менен Данскойго тиешелүү фирма аркылуу жасалып турган.
Эгерде манхэттендик прокурорлордун маалыматына таянсак, Жамгарова кардарларына "ЛГБТ коомчулугунун мүчөлөрүбүз, мекенибизде куугунтукка кабылдык"деп айтууга кеңеш берген. Чынында анын кардарларынын ЛГБТга тиешеси болгон эмес жана куугунтукталган эмес дейт прокурорлор. Ошондой эле Жамгарованын фирмасы жазмакерлерди жана блогерлерди колдонуп (анын ичинде Резник да бар), башпаанек сураган арыздарды жана өмүр баян, алардын куугунтукка алынышы боюнча маалыматтарды жазышкан. Прокурорлордун айтымында, аларды Резник ойлоп тапкан.
Ал эми Мошинин иши деле Жамгарова сыяктуу эле дейт прокуратура. Моша жана анын өнөгү Данской кардарларга башпаанек алуу үчүн куугунтук тууралуу жалган далилдерди жыйноого кеңеш берип турган. Алар өнөктөштөрү Гринберг, Щербин жана Лисиченко менен кызматташып, АКШдан башпаанек алууга жалгандан документтерди толтурушканы айтылды.
Моша өзүнүн кардарларына оппозициялык блог чыгарып турууга кеңеш берген деп айтылат. Кийин анысы далил болуп берип, мекенине кайтып баруу кооптуу экенин көрсөткөн.
Айрым кардарлар бул нерсеге каалоосу, билими, жөндөмү же техникалык мүмкүнчүлүктөрү жок болгондуктан, блог жазууну башкалар алып барышкан.