You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"Миллиондор кайдан келди": азербайжандык банкирдин жубайы соттон утулду
Улуу Британиянын Жогорку Соту Лондондо жашаган азербайжандык мурдагы банкирдин жубайы Замира Хаджиеванын доо арызын канааттандырган жок. Хаджиева 2018-жылдагы Лондондогу соттун чечимин жокко чыгаруу үчүн доо арыз менен кайрылган эле.
Британияда булагы белгисиз болгон каражатка алынган кыймылсыз мүлктөрдү текшерүүгө жол берген мыйзам эки жыл мурун кабыл алынган. Арам акчаларын адалдаган деп, Британияда кармалгандардын биринчиси - Азербайжан Эл аралык банкынын мурдагы жетекчисинин жубайы Замира Хаджиева болгон. 2018-жылдын күз айында анын бир катар мүлктөрү камакка алынды. Хаджиева кыймылсыз мүлктөрдү жана зер буюмдарды сатып алганга короткон каражатынын булагын көрсөтүшү керек эле.
Хаджиева Азербайжан Эл аралык банкынын мурдагы жетекчиси Жахангир Хаджиевдин жубайы. Жахангир Хаджиев 2016-жылы Бакунун соту тарабынан алдамчылык боюнча сыртынан соттолуп, 15 жылга эркинен ажыратылган.
Британияда арам акчаны адалдоого жана коррупциялашкан чет өлкөлүк чиновниктерге каршы күрөшүү максатында кабыл алынган мыйзамдын негизинде мурдагы СССР аймагынан жана Орусиядан келип, шектүү жол менен байлыкка ээ болгондордун бир нечеси текшерилүүдө. Улуу Британиянын Кылмыштуулукка каршы күрөшүү улуттук агенттигинин (NCA) тергөөчүлөрү чет жактан келген, таза эмес жол менен табылган миллиарддаган каражаттарга Британияда кыймылсыз мүлктөр сатып алынган деп эсептейт.
Мыйзам кабыл алынганга чейин мындай көрүнүштөрдү ачыкка чыгарып, жоопко тартуу өтө татаалдыктарды жаратып келген. Анткени кандайдыр бир илинчек табуу жагы кыйынга турат. Жаңы мыйзам боюнча шектүүлөр короткон акчаларынын булагын көрсөтүүгө тийиш.
Эгерде ал өзүнүн капиталын мыйзамдык жактан далилдей албаса, Британиянын Кылмыштуулукка каршы күрөшүү улуттук агенттиги үй-мүлкүн конфискациялоо боюнча сотко кайрыла алат. Эгерде мүлктөрдү сатып алууга корогон каражаттардын булагы далилденбесе, анда мүлктү сатып, түшкөн акчаны мамлекет эсебине өткөрүшөт.
Бирок "шектүү байлыктын" ээсине кылмыш иши козголбойт. Бул кылмыш эмес жарандык иш катары каралат. Мүлктөрү камакка алынгандан кийин, соттун талаптарын аткарбай адаштырганга аракет кылса, кылмыш иши козголуп, эки жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Иликтөө иштеринде Хаджиева акыркы он жылда бир эле Harrods универмагына 16 млн фунт короткону (20,7 млн доллар) , 20 млн фунт чамасындагы каражатка кыймылсыз мүлк сатып алганы белгилүү болгон. 2018-жылы анын зер буюмдары жана кыймылсыз мүлктөрү камакка алынган.
Жогорку Соттун чечими бул ишке чекит коюп, Хаджиевдердин британ аймагындагы мүлктөрү толугу менен конфискацияланышы мүмкүн. (AbA)