You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Индонезия: "Боинг" учагы кулап түшкөн жер аныкталды
Жакартадан Понтианакты көздөй сапар тарткан индонезиялык Sriwijaya Air авиакомпаниясына таандык учак абага көтөрүлгөндөн кийин радардан жоголгон. Индонезия бийлиги учак кулап түшкөн жерди тапканын билдирүүдө.
Айрым күбөлөр учактын деңизге кулап түшкөнүн айтууда.
Учактын бортунда 50 жүргүнчү болгон, анын ичинен ону балдар. Ошондой эле экипаждын 12 мүчөсү болгонун авиакомпания ырастады. Кабарларда учак кырсыкка кабылганы тууралуу эч кандай белги бербегени айтылууда.
Жергиликтүү Detik порталы Транспорт министрлигинин кыска билдирүүсүн жарыялады. Анда учак "Мале аралына жакын жерде" аварияга учураганы айтылган. Бирок расмий маалыматтар айтыла элек. Издөө иштерине аскер учактары жана кемелер тартылды.
Солихин ысымдуу жергиликтүү балыкчы Би-Би-Синин Индонезия кызматына учак кырсыгынын күбөсү болгонун айтып берген. Балыкчылардын кемесинин капитаны дагы мунун ырастайт деген ал.
"Чагылган түшкөндөй эле учак деңизге кулап, сууда жарылды",-деди балыкчы.
Boeing 737-500 (1994-жылы биринчи жолу абага көтөрүлгөн) учагы жөнүндө кеп болуп жатат. SJ182 каттамындагы учак Жакартадан абага көтөрүлгөндөн төрт минутадан кийин радардан жоголгонун Flightradar тастыктады. Бир минутага жетпеген убакыттын ичинде 3 миң метрден төмөн кулаган.
Учуу коопсуздугу боюнча Индонезиянын көрсөткүчү төмөн саналат. Он жылдай бул чөлкөмдөгү жүргүнчү учактарына Европа Биримдигине учууга тыюу салынган. Бирок кырдаал жакшырып жатканы айтылып, 2018-жылы индонезиялык авиакомпаниялардын баары "кара тизмеден" чыгарылган эле.
Бирок андан кийин 2018-жылдын октябрында Lion Air авиакомпаниясына таандык учак кырсыкка кабылды. Кырсыктын негизги себептеринин бири катары учактын конструкциясы айтылган. Ошол эле маалда учкучтардын тажрыйбасы, техникалык тейлөөнүн начарлыгы дагы кырсыктын себептердин бири катары аталган. (AbA)