You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Ооганстанда учак кыйрады. Анын бортунда 83 адам бар экен
Ооганстандын чыгышындагы Газни провинциясында учак кыйроого учурады. Бул жөнүндө аталган провинциянын губернатору билдиргенин 1TV ооган телеканалы кабарлады.
Алдын ала маалыматтар боюнча учактын бортунда 80 ашык жүргүнчү бар экен. Бул маалыматты жарыялаган Tolo News учак кулаган аймакты "Талибан" кыймылы көзөмөлдөйт деп жатат.
Ошол эле убакта маалымат агенттиктери жергиликтүү Ariana News булагына шилтеме берип, жүргүнчүлөрдүн саны 110го чейин жетиши ыктымал дейт.
Жергиликтүү журналисттер өз кезегинде учак Ariana Afghan Airlines авикомпаниясына таандык экенин жазып жатышат. Бирок ушул компаниянын директору бул маалыматты төгүндөгөнүн "РИА Новости" билдирди.
"РИА-Новости" өз кезегинде өзүнүн булактарына таянып, аскердик учак кыйраганын билдирүүдө. Расмий түрдө бул маалымат тактала элек. (КС)