You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Сауд Арабиясы чек арасын ачты, кичи ажылык зыяратка уруксат
Сауд Арабиясы эки аптадан бери жабык турган чек араларын ачып, аба каттамдарын жандантты. Эр-Рияддын чечими коронавирустун жаңы штаммына байланыштуу кабыл алынган эле. Бир нече өлкөдө вирустун жаңы түрү табылгандан кийин 21-декабрда саудия бийлиги этияттык чаралары катары чек арасын жапкан.
Бирок өлкөгө келген саякатчыларга жаңы чектөө чаралары кирди. Келген зыяратчылар Сауд Арбияга киргенге чейин башка өлкөдө 14 күн карантинде болушу шарт. Тесттин жыйынтыгы менен гана өлкөгө кирүүгө укруксат берилет. Сауд Арабиясындагы коронавируска байланышкан кырдаал Перс булуңундагы араб өлкөлөрүнүн ичинен эң эле начар бойдон калууда. Өлкө боюнча жалпы коронавируска кабылгандар 363 минден ашты. Расмий маалыматтарда 6 миң бейтап каза тапканы айтылат.
Эр-Рияд жети айлык тыныгуудан кийин кичи ажылык зыяратка уруксат берди. Сауд Арабиясында өткөн жылы ажылык зыяратты он миңдей гана киши аткарды. Коронавирус пандемиясына байланыштуу Сауд Арабия бийлиги чет жерлик зыяратчыларды өлкөгө киргизбөө чечимин кабыл алган эле. Жыл сайын ажылык сапар үчүн Меккеге дүйнөнүн булуң-бурчунан 2 миллион чамалуу мусулман келет. Анткени исламдагы беш парыздын бири - Меккеге ажылык зыяратка баруу.
Падышачылык зыяратчыларга тыюу салууну вируска байланыштуу абалды көзөмөлдөөнүн бирден бир жолу катары түшүндүргөн. Дүйнөдөгү мусулмандардын баарына кайрылып, кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырган эле. Мындай чечимге чейин эле Индонезия менен Малайзия сыяктуу чоң мусулман өлкөлөрү өз жарандарынын ажылык сапарга барышына тыюу салган болчу.
Сауд Арабиясындагы вирустун биринчи катталган учуру 2-мартта белгилүү болгон. Сovid-19 эпидемиясы башталган учурда эле өлкө бийлиги ыйык жайларды убактылуу жапты. Сауд Арабиясы кичи ажылык зыяратка виза берүүнү 2020-жылдын февралында эле токтоткон болчу.
Кыргызстанда мына ушул кичи ажылык зыяратка баргандардан алгачкы жолу вирус табылды. Айрымдары өзүн изоляцияда кармоо эрежелерине баш ийбей, туугандарына той дагы өткөрүп жиберишкени белгилүү болду. Салт боюнча зыяраттан келгендер ажы той өткөрүшөт. Зыяраттан келгендердин бири 150дөй киши чакырып, той берген. Кийин андан коронавирус табылып, бир нече кишиге жуктурганы ачыкка чыккан.