You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Сауд Арабияда ажылык зыярат башталды
Сауд Арабиясында ажылык зыярат башталууда. Бул жолу он миңдей гана киши ажылык зыяратын аткара алат.
Өткөн айда коронавирус пандемиясына байланыштуу Сауд Арабия бийлиги чет жерлик зыяратчыларды өлкөгө киргизбөө чечимин кабыл алганын жарыялаган эле. Мамлекеттик маалымат каражаттары зыяратты он миңге чукул киши гана аткара турганын кабарлаган. Алар өлкөдө туруктуу жашаган чет жерликтер жана жергиликтүү тургундар.
Жыл сайын ажылык сапар үчүн Меккеге дүйнөнүн булуң-бурчунан 2 миллион чамалуу мусулман келет. Анткени исламдагы беш парыздын бири - Меккеге ажылык зыяратка баруу. Падышачылык зыяратчыларга тыюу салууну вируска байланыштуу абалды көзөмөлдөөнүн бирден бир жолу катары түшүндүрдү. Сауд Арабиясы дүйнөдөгү мусулмандардын баарына кайрылып, кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырган. Мындай чечимге чейин эле Индонезия менен Малайзия сыяктуу чоң мусулман өлкөлөрү өз жарандарынын ажылык сапарга барышына тыюу салган болчу.
Азыркы маалда дүйнөдө коронавирус жуктуруп алгандар саны 17 миллионго жакындап бара жатат. Алты жүз миңден ашуун киши илдеттен көз жумду. Сауд Арабиясындагы биринчи катталган учур 2-мартта белгилүү болгон. Сovid-19 эпидемиясы башталган учурда эле өлкө бийлиги ыйык жайларды убактылуу жапты.
Коронавирустун жайылышын оздуктап калуу үчүн падышачылык мартта бүт өлкө боюнча коменданттык саат жарыялап, бир катар чектөө чараларына барды. Азыркы учурда Сауд Арабияда коронавирус аныкталгандар саны 260 миңден ашты. Вирус үч миңдей кишинин өмүрүн алды. Өлкө бийлиги өткөн айдын соңунда коменданттык саатты алганы менен айрым чектөө чаралары сакталууда. Эл аралык каттамдарды кабыл албай жатат.
Сауд Арабиясы кичи ажылык зыяратка виза берүүнү февралда эле токтоткон болчу. Кыргызстанда мына ушул кичи ажылык зыяратка баргандардан алгачкы жолу вирус табылды. Айрымдары өзүн изоляцияда кармоо эрежелерине баш ийбей, туугандарына той дагы өткөрүп жиберишкени белгилүү болду. Салт боюнча зыяраттан келгендер ажы той өткөрүшөт. Зыяраттан келгендердин бири 150дөй киши чакырып, той берген. Кийин андан коронавирус табылып, бир нече кишиге жуктурганы ачыкка чыккан.
Ажылык зыярат менен катар эле мусулмандар үчүн ыйык саналган Курман айт майрамы дагы коронавирус пандемиясынан улам мурдагыдай белгиленбей турганы белгилүү болду. Көп өлкөлөрдө Курман айт намазын чогулуп окуганга тыюу салынды. Буга байланыштуу Кыргызстандын муфтияты курмандык чалуу кандай болорун түшүндүргөн билдирүү таратты. Анткени буга чейин Айт намазынан кийин анан курмандык чалышчу.
Муфтият "өлкө боюнча эртең менен күн чыккандан соң саат 07:30дан кийин курмандыкты союга уруксат берилет",-деп маалымдады. (AbA)