You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Ажылык зыярат кандай өттү?
Жекшембиде аз сандагы зыяратчылар ажылыктын акыркы жөрөлгөлөрүн аткарды. Алар социалдык аралыкты сактап, Каабаны айланышты.
Коронавирус пандемиясынан улам быйылкы ажылык сапарды 10 миң гана мусулман аткара алды. Өткөн жылы беш күнгө созулган ажылык зыяратты Меккеде 2,5 миллион мусулман аткарган эле.
Сауд Арабиянын падышасы Салман ар бир мусулман үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон зыяратты өткөрүү үчүн быйыл бийлик эки эсе көп күч-аракет жумшаганын белгиледи.
"Бул жылы ажылыкка чектөөлөр кирип, өтө оор кырдаал түзүлүп тураганына карбай башка өлкөлөрдөн келген аз сандагы зыяратчылар бардык шарттарды аткарды",-деди 84 жаштагы монарх.
Маселен, шайтанга таш ыргытуу ритуалында бийлик ажылыкка келгендерге атайын тазаланган таштарды берген. Адатта зыяратчылар таштарды өздөрү эле чогултуп алышчу.
Бул жылы Сауд Арабия бийлиги ажылыкка келгендердин жашаган жерин, тамак-ашын, медициналык кызмат көрсөтүүлөрүн өзү моюнуна алган. Бирок көп өлкөлөр ажылыкка барууга тыюу салган. Өткөн айда коронавирус пандемиясына байланыштуу Сауд Арабия бийлиги чет жерлик зыяратчыларды өлкөгө киргизбөө чечимин кабыл алганын жарыялаган эле. Мамлекеттик маалымат каражаттары зыяратты он миңге чукул киши гана аткара турганын кабарлаган.
Ажылыктан жыл сайын өлкө казынасына болжолу 5-6 млрд доллар киреше түшөт. Бул падышачылыктын ички дүң өндүрүмүнүн 10 пайыздайы. Бул жылы өлкө мындай киришеден кол жууду. Меккеге келген зыяратчылар карантинден өттү. Алар ажылык сапардан кайтып барган соң дагы мекенинде эки апталык карантинде болот. Исламдагы беш парыздын бири - Меккеге ажылык зыяратка баруу. Эгерде каржылык абалы жана ден соолугу жол берсе, ар бир мусулман өмүрүндө бир жолу ажылык зыяратка барышы керек.
XIX кылымда дагы эпидемияга байланыштуу ажылык зыяратка тыюу салынган бир топ учурлар болгон. Бул тууралуу талкууну төмөндөгү шилтемеден угуңуз: