You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Коронавирус: Швецияда өлүм-житим көбөйдү, Бразилияда бир суткада 35 миң киши вирус жуктурду
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму дексаметазонду колдонууда этият болууга чакырды. Британ окумуштуулары Covid-19 илдетине кабылган оор абалдагы бейтаптардын өмүрүн сактоодо бул каражат жардам бериши мүмкүн экенин билдирген эле. Саламаттыкты сактоо уюму каражатты дарыгердин көзөмөлү алдында оор абалдагы бейтаптарга гана колдонууга кеңеш берди.
Ал ортодо вирустун кеңири жайылышына кабатырлануу күчөдү. Швеция бийлиги 5000 бейтап каза тапканын айтып чыкты. Коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу бул өтө жогорку көрсөткүч. Швед бийлиги пандемия башталган учурда эч кандай карантин чараларына барган эмес. Мындай чечимдин жоопкерчилигин алган өлкөнүн башкы эпидемиологу Андерс Тегнелл буга өкүнүчүн билдирген.
Апта соңуна барып Бразилияда вирус жуктургандар миллионго жетет
Бразилияда Covid-19 жуктуруп алгандар саны рекорддук көрсөткүчтө катталды. Акыркы суткада 35 миң бейтап ооруканага кайрылган.
Латын Америкасы өтө тездик менен пандемиянын глобалдык борборуна айланууда. Бразилияда учурда 880 миң киши жуктуруп алды. Апта соңуна барып миллионго барат деп күтүлүүдө.
Өлүм-житим региондогу бир нече өлкөдө өсүп жатат. Бразилия, Мексика жана Перуда өлгөндөр саны апта сайын көп катталууда.
Адистер Covid-19 пандемиясынын жайылышына кокустан жугузуп алган учурлар эмес, кайсыл бир социалдык топтордун массалык жугузуусу себеп болуп жатканына көңүл бурууда.
Ошондуктан социалдык аралыкты сактоо, массалык элдин чогулуусуна жол бербөө сыяктуу чаралар менен экинчи толкундан качуу мүмкүн дейт эксперттер.
Кыргызстан: коронавирус жуктуруп алгандар көп катталууда
Кыргызстанда төртүнчү күн катарынан коронавирус жуктуруп алгандар саны 90дон жогору болду. Акыркы суткада 95 жаңы учур катталып, бир киши каза тапты, деди Саламаттык сактоо министрлиги. Бул ирет дагы жаңы учурлардын жарымынан көбү борбор калаа Бишкектен (49) чыкты.
Чүй облусунда - 14, Нарын, Ош облусунда - 7, Ош шаары -7, Жалал-Абад облусунда - 6, Талас облусунда - 4, Баткен облусунда бир учур аныкталган.
Өлкө боюнча коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 2650 кишиге жетти. 693 бейтап ооруканада дарыланууда. Алты киши жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Бишкек шаарынын бийлиги жарандарды социалдык аралыкты сактап, бет кап тагынууга үндөп жатат. (AbA)