You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Орусияда коронавирус армияга жетти
Орусияда бир сутка ичинде 6198 жаңы учур катталып, коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандар саны 87 147 кишиге жетти.
Коронавирус инфекциясын жуктургандар саны боюнча Орусия оорунун очогу болгон Кытайды озуп өттү. Кытайда 82 830 киши (Жон Хопкинс университетинин маалыматы боюнча 83 912 киши) вирусту жуктуруп алган.
Орусияда соңку суткада 50 бейтап көз жумуп, жалпы өлүм-житим 794 киши. 19-26-апрель ортосунда Covid-19 диагнозу коюлгандар 88,9% өстү.
Орусиянын Коргоо министрлиги куралдуу күчтөрдөгү вирус жуктуруп алгандар саны боюнча маалымат берди. Бул маалыматтарга ылайык, коронавирус 874 аскер кызматкеринен табылган. Төрт киши оор абалда деп айтылды. Ошондой эле коронавирус аскер окуу жайларындагы 779 курсанттан аныкталган.
Вирусту жайылтпоонун чарасынан улам орусиялыктар май майрамдарын үйдө тосот. Бул тууралуу жекшембиде орус расмийлери билдирүү жасады. Кремль 9-майда өтө турган Жеңиш парадын башка датага жылдыруу чечимин кабыл алган.
Майдын ортосуна барып кырдаалдан чыгып, июнь айы жеңил болот, деген жергиликтүү басылмаларга берген маегинде орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков. (AbA)