You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Эл тандаган мыкты сүрөт: чычкандардын мушташы
- Author, Жонатан Амос
- Role, BBC Science Correspondent
Лондондун метросуна киргендер кууш коридорлордо чычкандардын жүгүрүп жүргөнүн байкаса керек. Платформанын четинде өзгөчө кеч киргенде кара чычкандар жыбырап жайылат.
Фотограф Сэм Роули кадыресе көрүнүшкө бир четинен таң калып жана суктанып, бир жума бою метродон чыкпай, чычкандарга байкоо салган. Албетте, бул учурда мыкты сүрөттү дагы тартып алууга жетишти.
Сэм түн ортосунда метродо отурганда, жүргүнчүлөрдүн бири жерге таштаган тамакты эки чычкандын талашып жатканын сүрөткө тарткан.
Жыл сайын өткөн мелдештин уюштуруучулары октябрь айында калыстар тандабай калган, бирок мыкты делген сүрөттөргө күйөрмандарды добуш берүүгө чакырган.
Чычкандардын мушташын чагылдырууга жетишкени үчүн фотограф LUMIX People's Choice (LUMIX элдин тандоосу) сыйлыгына ээ болду. Бул сыйлык кесипкөй сүрөтчүлөргө берилбейт, күйөрмандар добушун берип, мыкты сүрөттөр аныкталат. Сэмдин сүрөтүнө 28 миң киши добуш берген.
Чычкандардын сүрөтү эң көп добуш чогулткан. Би-Би-Си көп добуш алган башка сүрөттөрдү дагы сунуштайт.
Сүрөттүн автордук укугу сакталган.