Эл тандаган мыкты сүрөт: чычкандардын мушташы

Squabbling mice

Сүрөттүн булагы, Sam Rowley/WPY

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сэм Роули беш күн бою Лондондун метросунда чычкандарга байкоо жүргүзгөн
    • Author, Жонатан Амос
    • Role, BBC Science Correspondent
Presentational white space

Лондондун метросуна киргендер кууш коридорлордо чычкандардын жүгүрүп жүргөнүн байкаса керек. Платформанын четинде өзгөчө кеч киргенде кара чычкандар жыбырап жайылат.

Фотограф Сэм Роули кадыресе көрүнүшкө бир четинен таң калып жана суктанып, бир жума бою метродон чыкпай, чычкандарга байкоо салган. Албетте, бул учурда мыкты сүрөттү дагы тартып алууга жетишти.

Сэм түн ортосунда метродо отурганда, жүргүнчүлөрдүн бири жерге таштаган тамакты эки чычкандын талашып жатканын сүрөткө тарткан.

Жыл сайын өткөн мелдештин уюштуруучулары октябрь айында калыстар тандабай калган, бирок мыкты делген сүрөттөргө күйөрмандарды добуш берүүгө чакырган.

Чычкандардын мушташын чагылдырууга жетишкени үчүн фотограф LUMIX People's Choice (LUMIX элдин тандоосу) сыйлыгына ээ болду. Бул сыйлык кесипкөй сүрөтчүлөргө берилбейт, күйөрмандар добушун берип, мыкты сүрөттөр аныкталат. Сэмдин сүрөтүнө 28 миң киши добуш берген.

Чычкандардын сүрөтү эң көп добуш чогулткан. Би-Би-Си көп добуш алган башка сүрөттөрдү дагы сунуштайт.

Presentational white space
Mother jaguar and her cub

Сүрөттүн булагы, Michel Zoghzoghi/WPY

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Майкл Зогзог - Кабылан менен анаконданын кармашы
Presentational white space
Orangutan

Сүрөттүн булагы, Aaron Gekoski/WPY

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Арон Гекоски - Кор болгон орангутан
Presentational white space
White arctic reindeer

Сүрөттүн булагы, Francis De Andres/WPY

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Францис де Андрес - Арктикалык бугулар
Presentational white space
Conservation ranger and the baby black rhino

Сүрөттүн булагы, Martin Buzora/WPY

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мартин Бузора - Кара керик менен токойчу
Presentational white space

Сүрөттүн автордук укугу сакталган.