You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Кыргызстан коррупция индексинде Жибути жана Украина менен бир катарда
Кыргызстан 2019-жылдын коррупция индексинде 180 өлкөнүн ичинен 126-орунду ээлеп, Жибути, Украина жана Азербайжан менен бир катарга чыкты. 100 баллдын ичинен 30 балл алды, бул 2018-жылга салыштырмалуу бир баллга көп. Коррупция индексин ар жылы Transparency International эл аралык уюму түзөт.
"2012-жылдан бери Беларус (45), Кыргызстан (30) жана Өзбекстан (25) коррупция индексинде өздөрүнүн позицияларын жакшыртты. Бирок постсоветтик бул үч мамлекет бийликтин тең салмак системасын кармаганга жөндөмсүз болуп, мамлекетти алдырып жиберип жатышат",-деп айтылат изилдөөдө.
Бул рейтингде ар бир өлкөнүн ээлеген орду маанилүү эмес, анткени тизмедеги өлкөлөр азайып же көбөйүп турушу мүмкүн. Рейтингдеги эң башкы көрсөткүч баллдын саны болуп саналат.
Коррупция индексинде биринчи орунду Дания менен Жаңы Зеландия (87 балл) ээледи. Андан кийинки орунда 86 балл менен Финляндия турат. Үчүнчү орунду Сингапур, Швеция жана Швейцария бөлүштү (85 балл). Рейтингдин аягында Сирия (13 балл), Түштүк Судан (12 балл) жана Сомали (9 балл).
Коррупция индекси - ар кандай өлкөлөрдүн мамлекеттик секторундагы коррупциянын деңгээлин өлчөгөн индекс болуп эсептелет. Transparency International бул рейтингди 1995-жылдан бери түзүп келатат. 2019-жылдын индекси акыркы эки жыл ичинде 12 көз каранды эмес уюм 13 булактан топтогон маалыматтардын негизинде эсептелип чыкты.
Бул жылы коррупциянын изилдөөсү саясат, акча жана коррупциянын ортосундагы байланышты баса көрсөтүп турат. Саясаттагы көзөмөлгө алынбаган чоң акчалардын агымы мамлекеттик саясаттын күчүн кетирүүдө. Шайлоо өнөктүгүн каржылоонун катуу эрежеси бар өлкөлөр коррупциянын төмөнкү деңгээлин көрсөтүүдө. Ал эми шайлоодо акча сапырып, эрежеден четтеп кеткен өлкөлөрдө коррупция деңгээли жогору болуп жатат. Бул көрүнүш тизмедеги өлкөлөрдүн арасында Кыргызстанга да тийиштүү.
«2019-жылдын индекси көп сандаган өлкөлөр коррупция менен күрөштө көңүл жылытарлык жылыш жасай албай жатканын көрсөтөт. Биздин анализ ошондой эле саясатта чоң акчаларды кыскартуу жана коомчулуктун керектөөсүнө жараша кабыл алынган саясий чечимдер коррупцияны тизгиндөө үчүн зарыл экенин көрсөтүп турат»,-деп айтылат эл аралык уюмдун билдирүүсүндө.
Кыргызстанда быйылкы жылы күзүндө кезектеги парламенттик шайлоолор болот. Ошондуктан изилдөөнүн авторлору өлкөнүн парламенти мамлекеттик органдардын жана саясий партиялардын ишинин ачык-айкындык деңгээлин жогорулаткан иштиктүү мыйзамдарды кабыл алышы керек дейт. (КС)