You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Фото: Жапайы жаратылыш, катаалдык жана кооздук
Wildlife Photographer of the Year 2019 жапайы жаратылышты чагылдырган фото сынакка келген сүрөттөр жарыяланды. Сынак Лондондогу Табият таануу музейинде элүүнчү ирет өтүп жатат. Жеңүүчүлөр октябрь айында жарыяланат.
Бул сүрөттүн автору француз сүрөтчүсү Френк Дешандор. Бул эмгек "козу карындар жана өсүмдүктөр"номинациясына көрсөтүлдү.
Табият кээде катаал экенин дагы эскерте кетели. Сүрөттүн автору Питер Хейгарт.
Африкалык жапайы иттер жана кабылан. Сүрөт Түштүк Африкадагы корукта тартылган.
"Жашоо айлампасы" - Алекс Мастард, Улуу Британия. Кызыл деңизде тартылган сүрөт.
"Бактылуу учур" - Жейсон Бэнтл, Канада.
Еноттун ургаачысы киши жашабай калган фермада 1970-жылкы "Форд" унаасынын сынган терезесинен башын чыгарып турат. Сүрөт Канада аймагында тартылган. Бул жаныбар унаанын ичи коопсуз деп, ошол жерге балалаган экен.
Томас Песчак, германиялык автор. Жаш кит Мексикадагы деңизге туташкан Сан Игнасио булуңунда туристтин колун карап турган учуру.
Кытайлык Миньгуй Юандын эмгеги. Бул табышмактуу конструкциянын ичине кирип алган көпөлөк курту өзүн жырткычтардан сактайт.
Томас Уэйр, АКШ. Океандын булганышы оор кесепеттерге алып келүүдө. Бул деңиз ташбакасы балыкчылар таштап кеткен торго илешип калган креслону кошо сүйрөп кетип, муунуп калган. Сүрөт Алабамада тартылган.
"Акыркы дем" - Адриан Хирши, Швейцария.
Бегемоттун эркеги жаңы туулган баласына кол салып жатат. Мындай учур сейрек болсо дагы кездешет.
*