Экс-президент үчүнчү жолу камакка алынды

Армениянын апелляциялык соту өлкөнүн мурунку президенти Роберт Кочаряндын баш коргоо чарасын өзгөртүп, камакка алуу чечимин чыгарды. Мунун алдында Еревандын соту аны кепилдик менен бошоткон эле. Ошондон бери Кочарян бир жарым ай эркиндикте болду.

Ага "конституциялык түзүлүштү кулатууга аракет кылган" деген оор кине коюлган. Аны 2008-жылы армия күчтөрүн Ераванга алып кирген деп айыпташууда. Тергөөдө мунун арты башаламандыкка алып келип, кишилердин өлүмүнө себеп болгон деп айтылат. Кочарян аскер күчтөрүн киргизүү боюнча эч кандай буйрукка кол койбогонун айтып келүүдө. Коюлган айыптарды экс-президент саясий негизде деп, четке кагууда.

Кочарян Армениянын 1998-2008-жылдары башкарган. Президенттик экинчи мөөнөтүнөн кийин орусиялык "АФК Система" инвестициялык компаниясынын директорлор кеңешине кирген.

2018-жылы июлда Никола Пашинян бийликке келгенден кийин, Кочарян камакка алынып, кайра бир айдан кийин бошотулган эле.

Декабрда Кочарянды кайрадан камакка алып, бирок 2019-жылы аны Тоолуу Карабахтын лидерлеринин кепилдиги менен чыгарышкан.

Ал камакка алынган соң Орусия президенти Владимир Путин колдоп сүйлөдү. Өткөн апталарда орус элчисинин Роберт Кочарянга келип жолукканы армян бийлигинин нааразылыгын жаратты.

Экс-президентти кантип камакка алса болот?

Кочарянды 2008-жылдын 1-мартындагы күч менен таратылган демонстрация үчүн айыптап жатышат. Ага "конституциялык түзүлүштү кулатууга аракет кылган" деген айып тагылды. Башаламандык учурунда демонстранттар менен аскер күчтөрү кагылышып, он киши каза тапкан.

Армениянын конституциясы боюнча президент кызматта турганда жана кызматтан кеткенден кийин эч кандай жоопкерчиликке тартылбайт. Бирок Армениянын тергөө кызматы Кочаряндын кол тийбестиги абсолюттук эмес деп, анын жоопкерчилигин карап жатат. Тергөө кызматынын жетекчиси Сасун Хачатрян экс-президентке тагылган айып 2008-жылдын 1-мартындагы окуяларда армияны колдонгону деп айтты.

"Азыркы жана мурунку конституциянын редакциясына ылайык, армияны саясий процесстерге аралаштырууга тыюу салынган. Эгерде аскердик өзгөчө кырдаал абалы киргизилген болсо, анда армияны тартууга болот эле. Белгилүү болгондой ал мезгилде мындай абал жок эле",- деди Хачатрян "Армения жаңылыктары" агенттигине берген маегинде.

Кочарянга тагылган айыптоолордун ичинде "ири суммада пара алган" деген берене дагы бар. Бул боюнча ишкерлердин бири көрсөтмө берген. Бирок Кочарян бул айыптоону "кокустук үчүн" деп эле козголгон иш катары мүнөздөп жатат. (AbA)