Таиланд: үңкүрдө камалып калгандарга жардам жеткирген суучул каза тапты

Таиландда үнкүрдө камалып турган 12 өспүрүмдү жана алардын футбол машыктыруучусун куткаруу иштерине катышып жаткан Аскер-деңиз күчтөрүнүн мурдагы кызматкери каза тапты.

Аскер-деңиз күчтөрүнүн мурунку старшинасы Саман Гунан үңкүрдөгүлөргө кислород толтурулган баллондорду алып баратып, кайра кайткан жолдо эсин жоготкон.

"Анын тапшырмасы кислород жеткирүү болчу. Бирок кайра кайткан жолдо өзүнө кислород жетишпей калган",-деди жергиликтүү бийлик өкүлү. Гунанды анын шериги суудан алып чыккан. Өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес.

38 жаштагы суучул мыкты спортчу болгон. Аскер-деңиз күчтөрүндөгү атайын бөлүктө кызмат кылып, кийин кызматынан өз каалосу менен кеткен экен.

Таиланддагы суу толуп калган Тхам Луанг Нанг Нон үңкүрүндө 12 өспүрүм жана алардын футбол машыктыруучусу 23-июндан бери бери камалып турат. Расмийлер басма сөз жыйынында үңкүрдөгү кислород акыркы күндөрү 15 пайызга чейин төмөндөгөнүн айтты.

Куткаруучулар ичкериге беш чакырымдай кабель тартып кирип, ошол аркылуу кислород берүүгө аракет кылып жатышат.

Мындан бир күн мурун үңкүрдөгү балдар тартылган видеону жакындарына көрсөтүшкөн эле. Анда балдар абалы жакшы экенин айтып, видеого жылмайып түшкөн.

11-16 жаштагы өспүрүмдөр жана алардын 25 жаштагы футбол машыктыруучусу Тхам Луанг үңкүр комплексине экскурсияга чыгышкан. Нөшөрлүү жаандан кийин үңкүр сууга толуп баштаганда, алар аргасыз өйдө көтөрүлүп олтуруп, үңкүрдүн оозунан төрт чакырым алыс кетип калышат. 9 күндөн кийин гана суучулдар алардын турган жерин таап алышты. Бирок куткаруу иштери кыйынга турууда.

"Дүрбөлөңгө түшпөйбүз"

"Үңкүрдүн ичинде жүрүү өтө оор,-деди Таиланддын Деңиз-аскер күчтөрүнүн командачысы контр-адмирал Арпакорн Юконгкау. - Ал баллондорду жеткирип кайткандан кийин кайра кайткан жолдо старшина Гунан эсин жоготкон".

"Биз дүрбөлөң түшпөйбүз деп, аракетибизди токтотпойбуз жана ага жол бербейбиз. Биздин жолдошубуз өмүрүн бекер берген жок",-деди адмирал.

Куткаруу иштерине миңге чукул адам катышууда. Анын ичинде суучулдар, аскер кишилери жана ыктыярчылар бар.

Гунандын өлүмү - үңкүрдөгү куткаруу иштери канчалык оор жана кооптуу экенин эскертет.

Эми балдарды кантип алып чыгабыз деген чоң суроо турат. Тажрыйбалуу суучул каза тапкандан кийин, балдарды кантип куткарууга болот? Контр-адмирал куткаруучулар бардык жагдайды эске аларын айтты.

Аман калуунун эмне аргасы бар

Балдарга тамак-аш жана медициналык каражаттарды жеткирип жатышат. Бирок ушул дем алыш күндөрдө нөшөрлүү жаамгыр болору эскертилди.

Аскерлер үңкүрдөн сууну сыртка сордуруп чыгуу аракетин токтотушкан жок. Бирок суунун деңгээли томөндөгөнү байкалбады.

Азырынча эки гана вариант бар: балдарды сууда сүзгөнгө үйрөтүү, болбосо жамгыр сезону бүткөнчө бир нече ай күтүү.

Бирок соңку варианттын кооптуулугу - нөшөөр катуу болсо, үңкүрдүн баары сууга толуп калбайбы деген коркунуч.

"Башында биз балдар узак убакытка чейин кармала алат деп ойлогонбуз. Бирок, кырдаал өзгөрүп жатат. Биздин аз эле убактыбыз калды",-деди контр-адмирал Арпакорн. (AbA)