You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Ким Чен Ындын Трампка каты эмне тууралуу?
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Түштүк Кореядан Пхеньянга келген делегация аркылуу АКШнын президенти Дональд Трампка кат жолдогону маалымдалууда.
Сырткы дүйнөдөн оолак, өзүнчө сыр каткан өлкө катары саналып жүргөн Түндүк Корея бул кат аркылуу өзөктүк программасын токтотуу боюнча сүлөшүүлөргө даяр экенин билдирген деп айтылып жатат.
Түштүк Кореянын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Ким Чен Ындын катын Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трампка жеткирип бермекчи. Жергиликтүү маалымат каражаттары Түштүк Кореянын министрлери бейшембиде Вашингтонго иш сапары менен барат деп жазып жатышат.
Пхеньянга жөнөтүлгөн делегацияны Түштүк Кореянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Чон Ый Ен жетектеп барган эле. Ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, сүйлөшүүлөрдө көтөрүлгөн маселелердин баарын ачык айта албайм деди. Бирок Түндүк Кореянын көз карашын АКШ менен бөлүшөөрүн кошумчалады.
Ал тапта АКШнын Мамлекеттик департаменти Түндүк Кореяга каршы жаңы санкцияларды жарыялайбыз деп маалымдады.
Буга өткөн жылы Малайзиянын аэропортунда Ким Чен Ындын бир тууган агасы Ким Чон Намды Пхеньяндын агенттери VX деп белгилүү болгон химикат менен ууландырып кеткени аныкталганы себеп болду.
2003-жылы Түндүк Корея Өзөктүк куралданууну токтотуу келишиминен чыгып кеткенден кийин бир нече жолу натыйжасыз сүйлөшүүлөр орун алган.
Пхеньян өзөктук курал сыноосун өткөргөнүн биринчи жолу 2006-жылы эле билдирген. Эксперттердин баамында, Түндүк Кореяда 20 атомдук бомба бар жана өлкө кубаттуу сутек бомбасын өндүрүүгө багыт алууда.
Ошол эле учурда Түндүк Кореянын ракета технологиясы тез өнүгүп жатат.