You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Ким Чен Ын Түштүк Корея менен мамилени жакшыртууга умтулат
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Түштүк Корея менен мамилени күчөтүүнү сунуштады. Бул тууралуу мамлекеттин маалымат агенттиги карабарлады.
Ким Чен Ын 2011-жылы бийликке келгенден бери биринчи жолу Сеулдан делегация тобун кабыл алды. Эки мамлекеттин мамилеси өткөн айда Түштүк Кореяда орун алган Кышкы олимпиада оюндарынан кийин оңолгон.
Ким Чен Ын Сеулдан келген делегациянын башчысы, Түштүк Кореянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Чон Ый Ен менен күлүп, кол кармашып сүрөткө түштү.
Бир нече ай мурун буга окшош сүрөттөр дүйнөлүк коомчулукка тарайт деп айтылса, көптөр ишенмек эмес.
Түндүк Кореянын мамлекеттик медиасы Ким Чен Ын Түштүк Корея менен мамилени жакшыртууга умтулат деп маалымдады.
Президент Мун Чже Индин администрациясы болсо эки тарап келечекте сүйлөшүүлөрдү өткөрүү боюнча "натыйжалуу келишимге" жеткенин гана кабарлады.
Адистер эки тарап Түндүк Кореянын өзөктүк программасын дагы талкуулашты деп жоромолдошууда.
Буга чейин Сеул бул сапар сүйлөшүүлөрдүн башталышы деп бир нече жолу баса белгилеген. Бирок Түндүк менен Түштүк Корея айрым көйгөйлөр боюнча пикири келишти окшойт.
Эми Түштүк Корея бул жараянды баштагандан кийин президент Мундун өкмөтү Вашингтон менен Пхеньянды дагы сүйлөшүүлөргө чакыра алабы деген суроо чыгууда.