Skip to main contentAccess keys helpA-Z index
BBCKyrgyz.com
англисче
Орусча
Түркчө
Азериче
Өзбек
Соңку жаңыланышы: 26 Май, 2011 15:09 GMT
Досуңа Email аркылуу жөнөтБасып чыгарылуучу нускасы
"Нон грата" токтомуна Килюнен кандай карайт?

Былтыркы улут-аралык араздашууну иликтеген Эл аралык комиссиянын башчысы Киммо Килюнен, ага Кыргызстанга кирүүгө тыйуу салган кыргыз парламентинин токтомун кандай кабылдады?

Би-Би-Си: финляндиялык саясатчы менен байланышып, Сизди "нон грата" деп жарыялоо тууралуу сөз жүрүүдө, Кыргызстанга ишиңиз бар беле, барат белеңиз? - деген суроону узатты.

Киммо Килюнен: Биринчиден, бул мен үчүн абдан өкүнүчтүү жана кайгылуу кабар болду. Себеби Кыргызстан боюнча биздин иликтөө комиссиябыз мүмкүн болушунча өзүнүн анализин объективдүү түзүүгө жана сунуштарыбызды элдешүүгө багыттап, бул өлкөгө жардам берүүгө аракеттенген.

Экинчиден, өкмөт бул отчётко сындап жооп кайтарганын билем. Бирок алар биздин рекомендацияларга макул болушкан. Бул келечек үчүн абдан маанилүү.

Үчүнчүдөн, Бириккен улуттары, адам укуктары боюнча жогорку комиссия, Европа Биримдиги, Кошмо штаттары жана, эң маанилүүсү Россия баш болуп, эларалык коомчулук бул отчётту тең салмактуу жана элдешүүгө көмөк көргөзөт, деп толук колдоп чыккан. Россиянын тышкы иштер министрлиги муну элдешүү жана абалды калыбына келтирүүгө көмөктөшкөн тең салмактуу билдирүү катары баалаган. Андыкьтан, Кыргызстанда ушундай реакция пайда болгону абдан өкүнүчтүү болду.

Би-Би-Си: Айрым агенттиктер "Этел Саймаа" "Сатаканнан Канса" деген финляндиялык гезиттерге шилтеме келтирип, сизди финляндиядагы улуттук ураанды көтөргөн "Таза Финндер"-ден шайлоодо жеңилип калып, ачууңузду кыргыздардан чыгарган деп жазышат.

Киммо Килюнен: Жок-жок. Финляндияга парламенттик шайлоолор 17 апрльде өткөн. Биз болсо отчёттун үстүнөн күздөн тартып жазга чейин иштедик. Биздин отчёт шайлоого чейин эле негизинен даяр болчу. Биз аны үчүнчү майда, дароо эле Финляндиядагы шайлоолордон кийин жарыяладык. Шайлоолор биздин отчётко таасирин тийгизген жок, бирок менин Кыргызстан боюнча иш алып барганым мага жардам бербегени чын. Себеби эл мени жергиликтүү калк үчүн эмес, чет өлкө үчүн иштейт, эларалык маселе менен алектенет, Кыргызстан үчүн иш алып барат, деп кабылдады. Менин шайлоодо жеңилип калганым дал ушул себептен болду. Тескерисинче, Кыргызстан боюнча комиссияда иштегеним менин өзүмдүн шайлоо окуругумда залакасын тийгизди.

Би-Би-Си: Туруни Саномат деген Газета болсо сизди кимдир бирөөлөр өзбек жикчилеринен акча алган деп айыптаганы тууралуу жазууда. иындай айыптоо, мындай маалымат кайдан чыгышы мүмкүң, гезит муну кайдан алды экен?

Киммо Килюнен: Мен муну эч түшүнбөйм. Эл аралык комиссиянын ишин албетте ар кандай өкмөттөр каржылады. Европа Биримдиги, Түндүк өлкөлөрү, Америка Кошмо Штаттары, Түркия, Эстония, - Кыргызстандагы тергөөнү мына ушул мамлекеттердин өкмөттөрү каржылады. Ал эми Өзбекстан же башка коншу мамлекеттерден каражат алынган эмес. Жанагы айтылгандардын барысы ушак, мен алар кайдан чыкканын эч түшүнбөйм.

Би-Би-Си: Бул маселе боюнча мындан арыкы кадамыңыз кандай болот?

Киммо Килюнен: Биринчи кезекте өкмөт белгилегендей, биздин тыянактарды жана сунуштарды карап чыгып, аткаруу боюнча комиссия түзүлөт деп үмүттөнөм. Экинчиден жеке өзүм, мен , албетте чакыруу негизинде, Кыргызстанга барам, диалог түзүүго жардам берем деп үмүттөнөм. Мен Кыргызстанды абдан жакшы көрөм, элин жакшы көрөм, колумдан келишинче өлкөго жардам бергим келет. Андыктан өлкөдө улуттар ортосундагы жарашууга катышуум тоскоолдукка учурап жатканы мен үчүн өтө өкүнүчтүү. Албетте провокация кылып жөндөн жөн эле Кыргызстанга бара калбайм. Ал жакта менин дотсорум бар, аларга барууга мүмкүн болот деп ишенем.

Киммо КилюненКиммо Килюненге
эмне үчүн "нон-грата" токтому кабыл алынды?
Грузияда эки демонстрант көз жумдуГрузияда
эки демонстрант көз жумду
ОшИюнь окуясы
боюнча сот иштер уланууда
БерлинӨзбек оппозициясы
стратегиясын иштеп чыгууда
Ош тургундары"Санпа" ишин
Жогорку Сот карайт
СОҢКУ ЖАҢЫЛЫКТАР
Досуңа Email аркылуу жөнөтБасып чыгарылуучу нускасы
BBC Copyright Logo^^ Эң башына кайрыл
Башталгыч бет|Аба ырайы|Программалар|Толкундар
BBC News >> | BBC Sport >> | BBC Weather >> | BBC World Service >> | BBC Languages >>
Жардам|Биз менен байланыш|Жеке маалымат