|
Грузияда эки демонстрант көз жумду | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Грузия бийликтери көз карандысыздык күнүн белгилөө алдында аянттагы демостранттарды таратуу үчүн көздөн жаш агызуучу газ, желим окторду колдонуп, эки киши көз жумганын, ондогондор жарат алганын билдирүүдө. Оппозиция президент Саакашвиллинин кызматтан кетишин талап кылып нааразылыкка чыгышкан. Шайршемби күнкү нааразылык акциясы учурунда эле окуя кандуу аяктаары байкалган. Парламент имаратынын алдына чогулгандардын теңине жакыны беткапчан, темир жана союлдарды көтөрүп алган кишилер болчу. Бир катары таяктарынын учун бычак менен учтап алганын көргөнбүз. Бийликтер нааразылык акциясына чыккандарга эскертүү беришип, төртүнчү күнү Грузиянын көз карандысыздыгынын жыйырма жылдыгын белгилөө үчүн аянтты бошотууну талап кылышкан. Демонстранттар баш ийбеген соң, эки миңдей полиция аларды таратууга киришкен. Коопсуздук күчтөрү көздөн жаш агызуучу газ, суу жана желим окторду колдонгон. Бийликтердин мындай күч колдонуу аракеттери президент Саакашвиллинин оппоненттерине анын ишенимдүүлүгү боюнча катуу сындарды айтууга негиз болууда. Бирок, ошол эле учурда оппозицияга дагы ишеним андан бетер азайганы айтылып жатат. Көз жумгандардын бирөөнү нааразылык кыймылдын лидери Нино Буржанадзени алып чыгып бара жаткан унаалардын бири тепселеп кеткен. Көптөгөн Грузиялыктар аны өлкөнү бейстабилдүүлүккө түрткөн зордук-зомбулуктарды шышактаган деп айыптап жатышат. | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
| ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
| ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||